«Фондулук биржа универсалдуу биржага айланат»

Кыргыз фондулук биржасынын директорлор кеңешинин тең-төрагасы Абдуталип СУЛТАНОВ:
– Абдуталип Султанович, фондулук рыноктун маанилүү институту болуп эсептелген Кыргыз фондулук биржасынын уюшулганына 25 жылдын жүзү болуптур. Айтыңызчы, экономиканы өнүктүрүүнүн алкагында фондулук биржанын маңызы эмнеде, финансылык рыноктон эмнеси менен айырмаланат, инвестор үчүн эмнеси менен кызык?

– Фондулук рынок, финансылык рыноктун бир сегменти болуп эсептелет. Фондулук рынок аркылуу “узун” акчалар деп айтылып жүргөндөй, финансылык курал болуп саналган акцияларды, облигацияларды, вескел, ошондой эле туунду баалуу кагаздарды чыгаруу менен инвестициялык каражаттарды тартууга болот. Фондулук рынокто адамдар товар өндүрүүчүлөрдүн жана кызмат көрсөтүүчүлөрдүн акциясын сатып алып, экономиканын конкреттүү секторунда инвестор болуп кала алышат. Аталган рыноктун кызык жагы, кайсыл жакка акча салууну инвесторлор өзү тандап алгандыгында. Албетте, алар кирешелүү, ликвиддүү жана өсүш багыты келечектүү баалуу кагаздарды тандашары бышык. Фондулук биржа, баалуу кагаздардын наркы жана соода-сатыгы, адамдар баалуу кагаздарды сатып алууда же, сатууда ушул маалыматтарды пайдалануу үчүн акциялары биржада сатылган компаниянын финансылык абалы тууралуу инвесторлорго ачыктап, жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жума сайын маалымат берип турат. Ушундан улам, фондулук рынок аркылуу товарды өндүрүү жана кызмат көрсөтүү программасын каржылоо үчүн керектөөчүлөргө инвесторлордун акчасын тартууга өбөлгө түзүлөт.

– Мамлекет, жалпы эле экономика үчүн фондулук рыноктон кандай пайда көрүүгө болот?

– Экономикалык планда өнүккөн өлкөлөрдө фондулук рыноктун механизми натыйжалуу иштейт. Экономикасы туруктуу өнүккөн өлкөлөрдүн күчү жана атаандаштыкка туруштук берүүчү дарамети, дал ушул фондулук рыноктун өнүгүшүнө байланыштуу. Маселен, АКШынын капитал рыногунун көлөмү жылдык ички дүң продукциясынын көлөмүнөн алда канча көптүк кылат. АКШда жылдык капитал рыногунун көлөмү 26 трлн. долларды түзсө, а жылдык ички дүң продукциясынын көлөмү 20 трлн. Долларга барабар. Ички дүң продукциянын жана капитал рыногунун көлөмүнүн катышы фондулук рыноктун өнүгүү деңгээлин мүнөздөйт. Тилекке каршы, фондулук рынокко жетишерлик деңгээлде көңүл бурулбагандыктан, анын экономиканы өнүктүрүүдөгү ролу жана мааниси бааланбагандыктан, биздин фондулук рыногубуз өнүгүү этабынын башатында турат десем болот. Кыргызстанда рынок капиталынын көлөмү 35 млрд. сомду түзүп, өлкөнүн ички дүң продукциясынын катышынын 8 пайызын түзөт. Бирок, биздин фондулук рынок өнүгүп бара жаткан рынок болуп эсептелет. Анын үлүшү финансылык рыноктун башка секторлоруна салыштырмалуу такай өнүгүү жолунда баратат. Акырындык менен биздин фондулук рынок ички жана тышкы инвесторлордун арасында ишенимдүү өнөктөш болоруна ишенем.

Мамлекет, жергиликтүү бийлик органдары, өндүрүш жана кызмат көрсөтүү жаатындагы ишканалар, институционалдык жана башка инвесторлор өзүлөрүнүн программалары үчүн биздин фондулук рынок аркылуу финансылык каражаттарды тарта алышат. КРнын Өкмөтү фондулук рынокко мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгарып, сатуу жолу менен ички жана тышкы карыздарды каржылоо жана камсыздоо үчүн миллиарддаган сомдорду тартып жатышат. Бишкек мэриясы муниципалдык облигацияларды чыгаруу жолу менен 260 млн. сомдон ашык сумманы түзгөн транспорт боюнча программаны каржылашты. Акыркы жылдарда Кыргызстандын экономикасынын ар түрдүү секторунда иштеп жатышкан акционердик коомдор биржага корпоративдик облигацияларды чыгарышып, сатышып, 3 млрд. сомдон ашык суммадагы акча каражатын табышты. Кыргыз фондулук биржасында 25 жылдын ичинде биржага корпоративдик акцияларды чыгарып, сатуунун эсебинен жалпы 63 млрд. сомдон ашык суммага барабар капитал тартылды. Биржада сатыла турган баалуу кагаздар менен болгон соода-сатыктын ачыктыгы, фондулук рыноктун салык алуу базасын кеңейтүүнү камсыз кылат. Бул мамлекет үчүн өтө маанилүү фактор болуп эсептелет. Ошондуктан, мамлекет фондулук биржада баалуу кагаздар менен биржалык соода-сатыкты жөнгө салуу үчүн Кыргыз фондулук биржасындагы листингдик компанияларды баалуу кагаздарды сатуудан түшкөн кирешеден алуучу салыктан бошоткон. Фондулук рынок аркылуу, ички жана тышкы инвесторлор баалуу кагаздарды чыгаруу жана сатуу жолу менен ири
улуттук инвестициялык долбоорлорду каржылоону камсыз кыла алышат. Мисалга алсак, Кара-Кечедеги жылуулук электр борборун курууда толук же болбосо, жарымын фондулук рынок аркылуу камсыз кылса болот. Баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен ири экономикалык долбоорлорду каржылаган мисалдарды айта берсе көп эле. Маселен, Египеттеги наркы 8,2 млрд. долларлык Суэц каналынын бир бөлүгүн курууда, бул өлкөнүн Өкмөтү, инвестициялык сертификаттарды чыгаруу жана сатуу жолу менен долбоорду ишке ашырган. Сертификатты сатып алуучулардын көпчүлүгү Египеттин жөнөкөй жарандары болгон. Бүгүнкү күндө биздин фондулук рынок Кыргыз Республикасынын экономикалык мүмкүнчүлүгүн өнүктүрүү боюнча ири улуттук долбоорлорду каржылоону ишке ашырууга толук бышып жетилди десем болот.
– Фондулук биржа, өлкөнүн экономикалык абалынын индикатору болгон баалуу кагаздар рыногунун маанилүү институту болуп эсептелет. Биржа бул функцияны кандай аткарып жатат?
– Фондулук рынокто биржа, баалуу кагаздар менен соода кылууну уюштуруучу катары роль аткарат. Андан башка, биржа инвесторлор жана рыноктун катышуучулары үчүн корпоративдик жана башка маалыматтарды ачыктоо функциясына ээ. Бардыгына белгилүү болгондой, акча каражатын инвестициялоо процесси, көптөгөн тобокелчиликтерге байланышкан, өтө татаал процесс. Ошондуктан, биздин биржа, биржада жүгүртүлүүчү финансылык инструменттерге инвестиция салууга кызыкдар адамдарга жетишерлик ачык-айкын маалыматтарды бе рип турууга милдеттүү. Ушул багытта биз эмнелерди жасап жатабыз? Биринчиден, биз квартал сайын өзүбүздүн сайтыбызда инвесторлор үчүн, акциялары бизде сатылып жаткан корпорациялардын финансылык отчётторун ачыктап турабыз. Андан башка, акционердик коомдордун финансылык абалына башкача таасирин тийгизе турган олуттуу фактылар жөнүндө маалыматтар берилет. Бул деген, коом тарабынан жүргүзүлгөн ири жана кызыкдар соода-сатыктар, коомду башкарууну көзөмөлдөө башка адамдарга өтүшү, ири суммадагы доо арыздар жана башка фактылар. Экинчиден, такай финансылык мониторингди ишке ашырууга жана ачыктоо сунуш кылынган маалыматтын калыстыгын арттыруу үчүн биржада листинг институту иштейт. Листинг – бул листинг комитетинде атайын экспертизадан өткөн жана биржанын атайын (котировальный) барагына киргизилген баалуу кагаздарды камтыган эмитенттин финансылык жана башка документтерин аныктоо процедурасы. Жөнөкөй тил менен айтканда, эгерде биржа, кайсыл бир баалуу кагазды листингден өткөрсө, анда ушул баалуу кагаз боюнча финансылык маалыматтар  ишенимдүү жана калыс болот. Бүгүнкү күндө Кыргыз фондулук биржасында атамекендик 27 компаниялардын баалуу кагаздары листингден өтүштү. Өлкөнүн фондулук рыногунун абалы жана өзгөрүүлөрүн мүнөздөгөн Кыргыз фондулук биржасынын күнүгө жарыялануучу индекси баалуу кагаздар рыногунун инвесторлору жана катышуучулары үчүн өтө маанилүү. Биз 1995-жылдан баштап 100 бирдиктеги базалык мааниси менен биржанын индексин эсептей баштаганбыз. Эсептөө ыкмасы эл аралык стандарттарга ылайык, кабыл алынган. Индекстин бирдигинин термелип жана өзгөрүп турушу, өлкөнүн экономикасынын конкреттүү тармагынын учурдагы абалын чагылдырып турат. Учурда биржанын индекси 928 бирдикти түзүп турат. Акыркы мезгилдерде биздин экономикабыздын абалын реалдуу чагылдыра баштаган Кыргыз фондулук биржасынын индексинин өзгөрүшүнө рыноктун инвесторлору жана катышуучулары такай көз салып турушат.
– Кыргыз Республикасында биржалык соода-сатыкты өнүктүрүүгө тоскоол болгон баалуу кагаздар рыногунда кандай маселелер бар?
– Мен бул багытта биринчиден, корпоративдик башкарууну өркүндөтүш керек деп эсептеймин. Эгерде бизде корпоративдик укуктардын бардык кабыл алынган мыйзамдык нормалары жакшы сакталса, корпоративдик баалуу кагаздар калк арасында барктуу болор эле. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Акционердик коомдор кирешелеринин эсебинен дивиденд төлөп бербей жатат. Бул өтө маанилүү маселе. Эгерде, баалуу кагаздар боюнча кирешелер болбосо, инвесторлор тарабынан эч кандай кызыгуу болбойт. Маселен, мамлекеттик энергетикалык акционердик коомдор акыркы жылдарда дивиденд төлөбөй калышты.
Кээ бирлери бир акцияга жарыбаган 0,01 тыйын дивиденд төлөп беришүүдө. КРнын “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамында таза кирешенин 25%ынан кем эмес каражат дивиденд катары төлөнүп берилиши керек. Мына ушунун бардыгы мыйзамдын талаптарын аткарбагандыктан болуп жатат. Экинчиден, эмитенттер тарабынан өзүнүн акциясынын ликвиддүүлүгүн
колдоо жөнүндө мыйзамдын талаптары дагы маанилүү. Бул мыйзамда, ликвиддүүлүктү колдоо максатында чыгарылган акциянын 10%ын компаниялардын сатып алуусуна уруксат берет. Бирок, бул укукту бирин-серин компаниялар пайдаланышууда. Инвестиция тартууга муктаж болгон монополист – мамлекеттик компаниялар өзүлөрүнүн акцияларынын баркын көтөрүүгө кызыгышпайт. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын калкынын коммерциялык банктардагы депозити 200 млрд. сомдук тегерегиндеги каражатты түзөт. Эгерде, корпоративдик акциялардын кирешелүүлүгү депозиттин
пайыздык деңгээлинен төмөн болбогондо, анда бул депозиттер коммерциялык банктарды жандап өтүп, өлкөбүздүн экономикасынын реалдуу секторуна акырындык менен агылат болчу. Бул өз кезегинде, корпорациялар үчүн банктык
кредиттерге караганда, арзан инвестиция болмок. Дивиденддин жоктугунан жана акция ликвиддүү болбогондуктан, Кыргызстандын мамлекеттик энергокомпанияларынын акцияларынын наркы бүгүн өтө төмөн. Мына ушундай эң төмөнкү баадагы акцияларды дагы инвесторлор сатып албай жатышат. Себеби, начар корпоративдик башкаруунун кесепетинен,
келечекте бул акциялардын наркынын көтөрүлүшүнө ишенишпейт. Ушуга байланыштуу, биздин ички инвесторлорубуздун
200 млрд. сомдун тегерегиндеги акча каражатын корпоративдик акцияларга салуу үчүн дагы көптөгөн иштерди жасоо зарыл. Мында биринчиден, дал ошол эмитенттер – акционердик коомдор ички инвестицияларга өзгөчө көңүл бурушу кажет. Анткени, бул каражаттар чет элдик инвестицияларга салыштырмалуу ыңгайлуу жана арзан. Ички инвесторлор тарабынан корпоративдик акцияларга ишенбөөчүлүгүнө, мамлекеттик монополист-компанияларды корпоративдик башкаруудагы коррупция бирден-бир себеп болуп жатат. Жалпыга каршы чыга алышкан эмес. Пайдасы жок реконструкциянын пландалып жатканы жөнүндө коомчулукка жок акционерлерге маалымат беришкен эмес. “Акционердик коомдор жөнүндөгү” мыйзамга ылайык, директорлор кеңешинде, миноритардык акционерлердин өкүлүнөн шайланган “көз карандысыз” мүчөлөрү болушу керек. Бирок, мыйзамдын бул талаптары ушу кезге чейин аткарылбай келет. Мамлекеттик компаниялардын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн бардыгы мамлекеттик мүлк фонду тарабынан шайланат. Бул туура эмес. Эгерде директорлор кеңешинин курамында көз карандысыз мүчө болгондо, компанияга ири чыгым алып келген пайдасыз чечимге каршы тура алат болчу. Анан дагы Кыргызстандагы фондулук рынокту өнүктүрүүнүн башкы маселеси, биздин рынокту эл аралык капитал рыногуна жакындаштыруу зарылчылыгы турат. Биз бул жерде өтө артта калдык. Биздин рыногубуз Россия, Казакстан, Белоруссия, Армения жана Кыргызстан мүчө болуп кирген Евразиялык экономикалык кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн жалпы талаптарына дал келбейт. Кыргызстандын ЕАЭБдин өлкөлөрүнөн айырмачылыгы, бизде эки фондулук рынок – мамлекеттик баалуу кагаздар рыногу жана корпоративдик жана муниципалдык баалуу кагаздар рыногу катар иштеп келет. Эки рынок тең өз алдынча ишмердүүлүк жүргүзөт. Бул рыноктункатышуучулары бири бирине байланышпайт. Мамлекеттик кагаздарды сатуу Улуттук банктын соода аянтында жүргүзүлсө, корпоративдик жана муниципалдык баалуу кагаздар Кыргыз фондулук биржасында сатылат.Кыргызстандагы фондулук рыноктун эсептик системасы дагы бири бири нен көз карандысыз экиге бөлүнгөн. Алар ар башка соода системасында тейленет. Мына ушуга байланыштуу жакынкы күндөрдө баалуу кагаздар рыногубузду ЕАЭБдин жана эл аралык рынок капиталдарынын талаптарына ылайык келтирүү үчүн ЕАЭБдин  Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын гармонизациялоо боюнча иштери колго алуу керек.
– Кыргыз фондулук биржасын өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу айтып берсеңиз?
– Биржаны өнүктүрүү үчүн ири финансылык каражат талап кылынат. Биз биржанын капиталын көбөйтүүнүн эсебинен каражат тартууну көздөп жатабыз. “Кыргыз фондулук биржасы” ЖАК ачык компания болуп кайра түзүлөт. Өкмөтүбүз биздин биржанын капиталына катышууга чечим кабыл алды. Биздин акционерлер Стамбул биржасы жана Казакстандын фондулук биржасынын атынан биржанын капиталын көбөйтүүгө катышат. Биздин бул биржалар менен кызматташуубуз мына ушул биржалардын ири финансылык ресурстарын тартууга жол ачарын баса белгилегим келет.Келечекте биздин биржада финансылык инструменттер менен бирге товардык фьючерлер жана чет мамлекеттердин валютасы жүгүртүлө турган универсалдуу биржага айланат. Азыр баалуу кагаздар менен соодасатык жүргүзүү үчүн жакшы шарттарды түзүү максатында биржанын электрондук соода системасын жаңылоо боюнча ишти улантып жатабыз.

Эми сөзүмдүн соңунда, Кыргызстандын экономикасына өз салымын кошуп келе жаткан кесиптештеримди, жалпы акционерлерди, биздин өнөктөштөрдү Кыргыз фондулук биржасынын уюшулгандыгын 25 жылдыгы менен куттуктап кетмекчимин. Өлкөбүздүн өнүгүшү үчүн опол тоодой эмгек аткарууга мүмкүнчүлүгү жетиштүү биздин тармактын ары татаал, ары жооптуу иштеринде албан ийгиликтерди каалаймын. Ар бир үйбүлөгө бакты-таалай, бакубат турмуш тилеймин.

«Кыргыз Туусу» Шекербек Калыков