Аң-сезимдүү мамиле менен гана илдетти жеңе алабыз

Кечээ Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов менен жолугушту.

Жолугушууда өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал, коронавирус инфекциясынын жайылышы жана анын кесепеттери менен күрөшүү чаралары талкууланды. К.Боронов акыркы күндөрү коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүп жатканын белгиледи. Эпидемиологиялык оор кырдаал Бишкек, Ош шаарлары менен Чүй облусунда байкалып жатат.

Бул өлкөдөгү экономикалык ишмердиктин жандандырылышы менен негизделүүдө. Ошондой эле ал жарандардын санитардык-гигиеналык ченемдери менен беткап режимин толук кандуу сактабай жатышканын баса белгиледи. К.Боронов симптомсуз вирусту алып жүргөндөрдүн саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, Республикалык ыкчам штаб тарабынан аларды аныктоо жана дарылоонун жаңы алгоритми иштелип чыгып жатканын маалымдады.

Мындан сырткары, ал Нарын облусундагы эки райондун ортосунда жайыт жерлерин пайдалануу боюнча жаралган талаш-тартыш жөнүндө маалымат берди жана Өкмөт тарабынан аталган маселе боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, 2 аптанын ичинде мыйзам чегинде жайыттардын кимге таандуулугу боюнча чечим чыгарыларын билдирди. С.Жээнбеков өз сөзүндө акыркы күндөрү пандемиянын төмөндөбөй эле кээ бир аймактарда тескерисинче күчөп жаткандыгын белгиледи. «Эл базарлардан, коомдук транспорттон жана башка коомдук жайлардан жугузуп алып жатышат.

Бишкек шаары өлкөдөгү оорунун очогуна айланып баратканын көрүп жатабыз», — деген ал өзгөчө абалдын алынышы менен санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөл бошоңдоп кеткенин баса белгиледи.

«Коомдук жайларда элдин көп топтолгону байкалууда, ошондой эле ресторандарда көптөгөн адамдардын катышуусунда үй-бүлөлүк иш-чараларды өткөрүп жаткандар да бар. Бул медиктерибиздин күн-түн дебей иштеген иштерине абдан жоопкерчиликсиз мамиле», — деп айтты Мамлекет башчы. Президент пандемия шартында белгиленген талаптарды, санитардык ченемдерди сактабагандар мыйзам чегинде сөзсүз жоопкерчиликке тартылышы зарыл экенин өзгөчө баса белгиледи. Мындай кырдаалда негизги жоопкерчилик ар бир жарандын мойнунда экенин кошумчалады.

«Мындан аркы кырдаалдын өзгөрүшү ар бир мекендештин жоопкерчилиги менен жарандардын аң-сезимдүүлүгүнөн көз каранды. Ошону менен бирге эл көп чогулган жайларды жана коомдук транспортторду дезинфекциялоо боюнча чараларды күчөтүү зарылдыгына көңүл бурууга чакырам», — деди ал. Мамлекет башчы ошондой эле медиктерди, ички иштер органдарынын кызматкерлерин, илдет менен күрөшүүгө тартылгандарды өз маалында айлык акылары жана башка тиешелүү кошумча төлөмдөр менен камсыз кылуу зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи.

Президент Өкмөттүн көңүлүн Нарын облусундагы жайыт талаш маселесин тыкыр иликтеп, чечүүгө да бурду.