Эл назарындагы эки жыл

Жакында «Кыргыз Республикасынын 2018–2019-жылдары социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу маалыматтары камтылган “Жаратмандык жылдар” аттуу китеп жарык көрдү. Китепте келтирилген көрсөткүчтөр жана фактылар экономиканы реформалоо боюнча кайра куруулардын кеңири жайылганын даана тастыктап, миңдеген кыргызстандыктардын,  жаратмандардын,  эмгекчилердин талыкпаган эмгеги менен Кыргызстандын өндүрүштүк жана экспорттук дараметин өстүрүүдө, социалдык чөйрөдө азыноолак ийгиликтер жаралганын ачык күбөлөндүрүп турат. “Кыргыз Туусу” гезити ар бир жарык көргөн санында китепте келтирилген маалыматтардын урунттуу жерлерин жарыялап турууну эп көрдү.

(Башталышы өткөн сандарда)

Санариптештирүү

2019-жылдын башында Бишкек шаарынын мектептеринде жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине электрондук кезекке туруу системасы ишке киргизилди. Мындай автоматташтыруунун натыйжасында «Балага сүйүнчү» жөлөк пулун алуунун мөөнөтү бир нече айдан 1-2 күнгө чейин кыскарган. 2018-жылдын жайынан тартып электрондук отчет тапшыруу системасы иштей баштаган. Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча электрондук соода аянтчасы иштей баштаган. Накталай эмес төлөмдөрдү жүргүзүүнүн алкагында «Төлөм шлюзу» маалыматтык платформасы иштелип чыккан жана ишке киргизилген. Бишкек шаарынын аймагында пилоттук режимде «Электрондук нотариат» маалыматтык тутуму ишке киргизилди. Буга Бишкек шаарындагы 12 мамлекеттик жана 2 жеке менчик нотариус кошулган. Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталында 10 мамлекеттик кызмат көрсөтүү автоматтык режимде, 181 мамлекеттик кызмат көрсөтүү табыштама берүү деңгээлинде иштейт.

«Мамлекет платформа катары» концепциясын өнүктүрүү, биздин жарандарга мамлекеттик органдар, бизнес-структуралар менен ар кандай кызмат көрсөтүүлөрдү жана сервистерди алууда жаңы деңгээлдеги ыңгайлуулукту камсыз кылат. Ошондой эле 2019-жылы Улуттук мониторинг системасы ишке киргизилген, анда жалпы мамлекеттин финансы, экономикалык жана социалдык көрсөткүчтөрүнө реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүүгө болот.

Санариптик технологиялардын маанисин жана пайдасын түшүнгөн, санариптештирүү процессине тартылган жарандардын саны өсүүдө. Кыргыз Республикасынын МТБМК алдындагы «Түндүк» электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасы түзүлгөн, ал «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү (мындан ары – ЭВөС) оператору болуп дайындалган. «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы иштелип чыккан жана ишке киргизилген. 2019-жылы ал 130 өлкөнүн ичиндеги ийгиликтүү долбоорлордун бири катары бааланган.

2019-жылдын августунда «Түндүк» системасын жана Евразиялык экономикалык комиссиянын Интеграциялык шлюзун туташтыруу ишке ашырылган. Бул «Түндүк» системасына ЭАЭБ башка өлкөлөрү менен автоматтык режимде маалымат алмашууга катышуу мүмкүнчүлүгүн берет. «Түндүк» МИ адистери мамлекеттик жана муниципалдык органдардын IT-адистери үчүн тренингдерди өткөргөн. 2018-жылдын 1-сентябрынан тартып «Түндүк» электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу мамлекеттик органдардын ортосунда 17,4 миллиондон ашык транзакция, ошондой эле менчик уюмдардын ортосунда 9,2 миллиондон ашык транзакциялар жүргүзүлгөн.

Азыркы учурда мамлекеттик органдардын биринчи кезектеги 99 маалыматтык базасы жана 438 электрондук сервистери иштелип чыккан, «Түндүк» ЭВөСкө 62 мамлекеттик орган жана 28 коммерциялык уюм туташтырылган. 2019-жылдын 1-июнунан тартып «Түндүк» аркылуу мамлекеттик сатып алууларга катышууда салык карыздары жөнүндө маалым кат автоматташтырылган. Ушул маалым кат боюнча эле Мамлекеттик салык кызматынан 598 миң автоматташтырылган жооп алынган, бул жарандарга 598 миң маалым кат берилбегендигинен кабар берет. 2019-жылдын 1-январынан тартып «Түндүк» ЭВөСтө «Каталог» маалыматтык системасы ишке киргизилген, ал бардык мамлекеттик жана муниципалдык органдардын маалыматтык системаларынын автоматташтырылган эсебин жүргүзөт.

2019-жылдын июнь айында ШКУ Саммитинин жүрүшүндө ШКУга мүчө мамлекеттердин Санариптештирүү жана маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндө кызматташуу концепциясы бекитилген. Бул концепция мурда Кыргыз Республикасынын демилгеси жана төрагалыгы астында ШКУга мүчө мамлекеттердин Заманбап маалыматтык технологиялар боюнча атайын жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан. Дүйнөлүк банктын колдоосу менен «Digital CASA – Кыргыз Республикасы» долбоорун ишке ашыруу иши башталды. Digital Fest –бул уникалдуу аянтча, ал интернет-жарнаманы, креативдү . экономиканы өнүктүрүүгө, санариптик продуктуларды экспорттоого жана Кыргызстанда жалпы бизнести санариптештирүүгө багытталган.

Региондорду өнүктүрүү

Ушул максаттарга жетүү үчүн Мамлекет башчысынын Жарлыгы менен 2018-жыл “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыяланды. Элетти өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыгы деп аныкталды. 2018-2022-жылдарга Кыргыз Республикасынын регионалдык саясатынын Концепциясы иштелип чыгып, бекитилди.

Президент Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен бардык мүмкүнчүлүктөр региондорду өнүктүрүүгө багытталып, 2018-жылы региондорду өнүктүрүүдө системалуу өзгөрүүлөр үчүн негиз салынды. Президент бул маселени бир жылдык эмес, президенттик ишиндеги артыкчылыктуу маселе экенин жарыялап, бул багытта аткарылып жаткан иштерди өз көзөмөлүнө алды. 2019-жылы региондорду өнүктүрүү боюнча багыт улантылды. Бардык финансы, кредит жана бюджет саясаты региондорду өнүктүрүүгө багытталды. Инвестицияларды тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү жергиликтүү бийлик жетекчилеринин ишин баалоодо негизги критерийлерден болуп калды.

Эки жыл ичинде региондордо бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүүгө катышкан жана мал үчүн тоюттарды импорттогон чарба субъектилерине жана ишкерлерге да салык жеңилдиктери каралган. Ата-мекендик продукцияларды экспорттоо үчүн шарт түзүү максатында региондордо 19 ветеринардык лабораториялар ишке киргизилди. Алардын экөө – ветеринардык диагностика жана лаборатория борборлору – улуттук макамга ээ.

Жер-жерлерде жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана колдо бар сырьёлук базаны эске алуу менен өндүрүштөрдү жайгаштырууга багытталган инвестициялык  долбоорлор биринчи кезекте ишке ашырылды.

Айыл чарба продукциясын сактоо, сорттоо, таңгактоо жана кайра иштетүү боюнча бир катар өндүрүш ишканалары, текстиль жана тигүү тармагынын ишканалары жана курулуш материалдарын чыгаруу боюнча ишканалар ишке киргизилди. Региондордо транспорттук, энергетикалык жана социалдык инфраструктураны жаңылоо жүрүп жатат. Киреше салыгын жергиликтүү бюджетке этап-этабы менен өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынды.

2019-жылы киреше салыгын кайра бөлүштүрүүнүн коэффициентин 50/50 өлчөмүнөн 70/30 өлчөмүнө чейин өзгөртүүнүн эсебинен жергиликтүү бюджеттер кошумча 2,4 млрд. сом алышты, же жергиликтүү бюджетке түшкөн салык 1,5 эсеге өстү. Жакынкы жылдары жергиликтүү бюджетке калтырыла турган киреше салыгынын көлөмүн 100 пайызга чейин жеткирүү пландалууда.

Жыйынтыгында алардын кирешеси жогорулайт. Эки жыл мурда 4 млрд. 96 млн. сом болсо, быйыл 9,7 млрд. сомго чейин жетет.

(Уландысы бар)

Жоодар МАМАТАЛИЕВ