Cофия-Айдана МУРЗАЕВА, “Жаштардын демилге” борборунун башкы кеңешинин мүчөсү: «Жакшылык, жылуулук ар дайым өз жолун улай берет»

Урматтуу окурман! Аталган рубрика – жакшы иштерге себепчи болгон, коомго ак дилден кызмат кылган, жашоону жарык жана жаркын үмүттөр менен бекемдөөгө умтулган, ага тынбай аракет жасаган кесипкөй, принципиалдуу, эң башкысы адамгерчиликтүү адамдардын жүрөк кубанткан татыктуу кадамына арналат.

– София-Айдана, өлкөдөгү кырдаалда элге үлгү көрсөтүүчү жакшы иштерди жасоого руханий жактан даярдыгы жетиштүү сиздердин борбор туурасында окурмандар билсин дедик…

– Борбор 2019-жылдын декабрь айында уюштурулган. Эң башкы максат жана милдет – жаштарга жардам берип, аларды туура жолго багыттоо. Биз социалдык, саясий маселелерге көз чаптырып, бир эле учурда бир канча долбоорду алып барабыз.

– “Жаштардын демилге” борбору өзгөчө кырдаал, андан кийин өзгөчө абал убагында эл ичинде кандай жардам көрсөттү? Көбүнчө карапайым калктын суроо-талабы эмнеде турду?

– Карантин убагында эл абдан кыйналып турганда биз да адамдарга ар кандай жардам бердик. Негизинен аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ардагерлерге, майыптарга жана жетим-жесирлерге гуманитардык жардам көрсөттүк. Азык-түлүк сатып алып тараттык, ошондой эле акысыз жеткирүү менен алектендик. Жолдор толугу менен жабык болуп, биздин шаардыктар ата-энесине, туугандарына, жакындарына жете албай, көп көйгөйлөр жаралды. Ошондо биз дары, азык-түлүк түрүндөгү жардамды алып, жеткирип берип турдук.

– Жашоочуларга жардам көрсөтүүдө негизинен кандай талапка басым жасалды?

– Бул вирус, бул карантин эч кимдин даярдыгы жок болгондуктан, капыстан эле кирип келип, баардыгыбыздын шаштыбызды алды. Элде каражат жагынан көйгөйлөр башталды. Карантин эки айга созулгандыктан жана азыр деле уланып жаткандыктан көпчүлүк адамдардын жей турган тамак-ашы да жетишпей, кыйынчылыктар орун алууда. Мамлекет тарабынан негизинен тизмеге жазылган жана шаардык каттоосу бар адамдарга гана гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Ал эми ар кайсы шаардан, аймактан келген жашоочулар абдан көп. Биз айрыкча аларга көңүл бурууга аракет жасадык.

– Өзгөчө абал убагында эртеден-кечке тыным билбей иштеген үчүн кечкисин үйгө чарчап келип, ошол эле маалда жардам көрсөтүү ырахаты, кубанычы көңүл көтөрүп турса керек?

– Биз жардамды тараткандан кийин көбүнчө чарчап-чаалыгып, ачка болуп үйүбүзгө келип жаттык. Бирок, кечкисин: “Бүгүн биз кимдир-бирөөлөрдүн жашоосуна кичине болсо дагы кубаныч, жарык тартууладык” деген ой жүрөгүбүздү жылытат. Башкаларга жардам берүү менен өзүңө да жакшы үлгү аласың. Бул – караңгыда тийип турган күндүн шооласы сыяктуу, кыйын күнгө кабылган адамга азырынча жашоо бүтүп калбагандыгынан, дагы да үмүт бар экендигинен кабар берет. Убактысы келгенде ал адам дагы башка бирөөгө жардам берет жана бул жылуулук өз жолун улайт.

– Сиздерге тигил же бул жактан атайын колдоо болуп турабы?

– Биздин атайын демөөрчүбүз жок, эч ким каржылабайт. Мамлекет да акча бөлбөйт. Биз ыктыярчы катары чыгып, кайрымдуу адамдардын мээримдүүлүгү, боорукерлиги аркылуу гана жардам көрсөтөбүз.

– Кырдаал убагында сиздерге жардамга колун сунган кайрымдуу адамдар көп эле кайрылса керек?

– Кубануу менен айткым келет, мекенибизде боорукер адамдар абдан көп. Алар бизге байланышып, жардам берүү ниетин билдирип, ак тилектерин арнап турду. Алар менен базарга, ири соода борборлоруна азык-түлүк алуу үчүн бирге барып жаттык. Алар кассага акчасын өздөрү төлөштү. Себеби, биз баардыгы ачык жана так, калыс болушу үчүн жардам бергендердин акчасын албайбыз. Азык-түлүктү гана алып, баардыгы үчүн тегиз бөлүштүрдүк. Алсак, көп балалуу үй-бүлөлөргө, муктаж болгон жарандар үчүн стандарттык азык-түлүк топтому жасалды.

Андан башка да бизде ыктыярчы болуп иштеген бир кайрымдуу инсан менен макулдашып, көп жолу колдонулуучу бет кап тигип, шаардын жашоочуларына бет кап тагынуу мүмкүнчүлүгү болушу үчүн ар бир жардам баштыгына 5-10 даанадан салдык.

– Сиздердин жардам республиканын аймактарына да жетип турдубу?

– Биздин борбор Бишкекте жайгашкан, негизги ишмердүүлүгүбүз да бул жакта жүргүзүлөт. Мындан тышкары, өзгөчө абалда өлкөбүздүн башка аймактарына да ыктыярчыларыбыз жардам берип турду. Өкүнүчтүүсү, коронавирус пандемиясы чет жакта иштеген агайын-туугандарга да өз таасирин тийгизди. Москва, Санкт-Петербург шаарында да биздин өкүлдөрүбүз бар. Алар аталган шаарларда жумушсуз калган, тамак-аш тартыштыгына кабылган жарандарыбызга гуманитардык жардам көрсөттү. Жакында эле биздин бир мүчөбүз Оренбург шаарына барып келди. Ал жерде биздин мекендеш эже-сиңди, ага-инилерибиз көчөдө калган. Өкүлүбүз ал мекендештерге жок дегенде тамак-ашы, иче турган суусундугу жана гигиеналык каражаттары болушу үчүн мүмкүнчүлүгү жетишинче камсыздап келди.

– Мындай кыйын кезеңде сиздерди ойго салган, түйшөлткөн жагдайлар да орун алса керек?

– Башында биз баардыгына мүмкүнчүлүккө жараша жардам берүүгө аракеттендик. Тилекке каршы, уятсыз, ар-намысы жок адамдар да кездешти. Эки кабаттуу заңгыраган үйдө жетиштүү жашаган, эки-үчтөн унаасы бар адамдар деле акысыз азык-түлүк алууну каалап, “Бизге да бергиле!” деп талап кылган учурлар да болду.

Анан да муктаж болгондор күндөн-күнгө көбөйдү. Биз муну айрыкча карантиндин мөөнөтүн узарткан учурда сездик. Айлык менен жашаган карапайым элдин камдаган запасы түгөнүп, эмне айла кылаарын билбей калган эле. Биз күнүмдүк пайдалануучу, эң керектүү азык-түлүктөрдү тең бөлүштүрүп, жеткирүүнү максат кылдык. Бирок, кээ бир адамдар уяттуулукту жыйыштырып коюп, бизден оюна келгенин сурап баштады. Тагыраагы, салатка кошуу үчүн колбаса жетпей жаткандыгын же шишкебек, эт жегилери келгендигин жана да батирге төлөш үчүн акча керектигин уктук. Бул биздин ыктыярчы балдарды бир аз капалантты. Биз беш кол тең эместигин айтып, аларды мүмкүн болушунча сооротууга аракеттендик. Көбүнчө ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген майыптарга, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, акчасы жок көчөдө калгандарга жардам бердик.

– Бирдиктүү команда болсо, кандай кыйынчылык жаралса да сынбай, чөкпөй, улам алдыны көздөй умтулуу менен жеңүүгө болот го. Сизди оорчулукта, татаал күндө колдогон ыктыярчы досторуңузга чексиз ыраазы болсоңуз керек?

– Эң туура. Адам качан башына оор сыноо келмейин башкалардын кайгы-муңу, жүрөк ооруткан көйгөйү менен иши болбойт. Тар жол, тайгак кечүүдө адамдарга шоола тартуулаган, ар дайым жакшылык жасоону көздөгөн адамдар караңгыдагы шам чырак. Заман канчалык татаалдашып, адамдардын көп жүздүүлүгү, кара ниеттиги артып турса да, ак тилеги, бийик ой-туюму, терең көз карашы менен адилеттикти алдыңкы орунга койгон, жеке кызыкчылыгын артка коюп, кара курсагынын гана камын ойлобой, келечек үлгү, сабак ала тургандай сыймыктуу жолдо жашаган жүзүнөн нуру төгүлгөн, көздөрү мээримге жык толгон адамдардын бар экенине, алар менин жүрөгүмө чоң кубаныч тартуу кылганына сүйүнөм.

Ыктыярчы балдарга – өзүмдүн ынтымактуу командама абдан ыраазымын! Алар мен үчүн экинчи үй-бүлөм болуп калды. Биз бири-бирибизге кайдыгер карабай, ар дайым бир туугандай жылуу мамиледе болуп, жардам берип, өйдө-ылдыйда биргебиз. Эгерде бирге иштешкен адамдар ар дайым колдоп, кыйынчылыкта көтөрмөлөп, жакшылыкта кубаттап турса, мындан өткөн демөөр барбы?! “Жаштардын демилге” борбору жашоомдун бир бөлүгү. Биздин ак ниеттүүлүк менен аткарган демилгелүү иш-аракетибиздин жемиши артып, коомго тазалыкты, боорукерликти, адамгерчиликти, жакшылыкты жар салып, жайылта берүүгө күч жумшай беребиз. Бизде жаркын үмүт-тилек, аткарчу иш-план өтө көп. Буюрса, алар алдыда…

P.S. Жакшы сөз, жакшы иш – караңгы, тунарган күндөрү да чоң жардамга келген. Өзгөчө абалда волонтёрлор элге ар-намыстуулук, адептүүлүк, кичи пейилдик менен тынымсыз кызмат көрсөтүп жатканына күбө болдук. Кайдыгерликтен четтеп, жакшы иштердин үрөөнүн адамдардын жүрөгүнө сепкен ыктыярчыларга сый-урмат көрсөтүү менен терең ыраазычылык айтабыз!

Урматтуу окурман! Көңүлүңүзгө жылуулук орноткон жагымдуу, кызыктуу, жакшы иштерге арналган окуя, баяныңыз, ой толгооңуз болсо, “Шоола” рубрикасына жиберип, биз менен бөлүшүңүз. Эң кызыктуу окуя, баяндар басылмага жарыяланат жана жылдын жыйынтыгында атайын редколлегиянын сыноосунан өткөн эң мыкты баяндардын авторлору редакциябызга чакырылып, чай үстүндө баарлашууга жана атайын белектерге ээ болот.

Эскертүү! Материал 14 шрифт менен жазылып, А4 форматында 2 беттен ашпоого тийиш. Башына “Шоола” рубрикасына деп белгилеп, nur-11511@mail.ru электрондук дарегине жибериңиз. Анда шашылыңыз!

 

Нурзада САГЫНБАЕВА,
“Кыргыз Туусу”