Коом жана укук: Жаранынын укугу корголбогон мамлекетте, жаратмандык жөнүндө сөз кылууга болбойт

Өлкөнүн эртеңи кандай болору, тактап айтканда анын эртеңки бакубаттуулугу анын калкынын активдүү бөлүгүнүн – ишкерлеринин ишмердигине жараша болот. Мына ушул катмар өздөрүнүн маңдай тери менен тапкан каражаттарын өндүрүшкө салуу, жаңы ишканаларды ачуу, иш орундарын түзүү, адамдарды иштетүү жана аларга эмгек акыларды, а мамлекетке – салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөп берүү менен өлкөнү өнүктүрүшөт.

Өз кезегинде алардан түшкөн салыктардан мамлекет чиновниктерди, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо сыяктуу тармактарда, укук коргоо, сот органдарында иштегендерге эмгек акыларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөп берет эмеспи. Мына ошондуктан чиновниктердин, укук коргоо, сот органдарынын иштөөчүлөрү биринчи кезекте мыйзамдарга ылайык ишкерлердин укуктарын коргоп берүүгө тийиш. Андай болбогон учурда… Анда төмөнкү мисалдагыдай баш оору келип чыгат.

Ишкердин ишеничи Президентте эле калды

– Президентибиз Сооронбай Жээнбеков: “Адилеттүү, көз карандысыз сот системасын орнотпой туруп, өнүккөн мамлекетти куруу мүмкүн эмес. Сот системасы таза иштегенде гана өлкөдө акыйкаттык орноп, элдин бийликке карата ишеними бекемделет. Судья деген аттын өзү адилеттүүлүк, адеп-ахлактык, ынсап, маданият деген түшүнүктөр менен бирдей турууга тийиш. Мына ушул түшүнүктөн тайган адамга сот системасында орун жок! Эң башкысы Мыйзамдан, Кудайдан коркуш керек! Ыйман болушу керек. Пайгамбарыбыз: “Судья үч түрдүү болот. Экөөсү – тозокто, бирөө – бейиште” деп айткан. Акыйкатты билип, чындык менен өкүм чыгарса – анын орду бейиште. Ал эми маселени билбестен өкүм кылгандар, же акыйкатты билип туруп, бирок, туура эмес өкүм чыгаргандар – тозокто болот”, – деген сөзү менен менин көйгөйүмдү билгендей баа бериптир, – дейт аргасы кетип редакцияга кайрылган жеке ишкер Автандил Жолдошов.

Чынында эле А.Жолдошовдун иши боюнча документтер менен таанышып чыккандан кийин менин оюма дароо эле совет мезгилиндеги бөрк ал десе, баш алган аша чабуулар эске түштү. Ысык- Ата районунун прокуратурасынын айрым кызматкерлери мына ушундай принципти тутунуштубу, же жеке кызыкчылыктары да барбы, айтор, кийим тигип, аны Россиядагы өнөктөшүнө жөнөтүп турган бул ишкердин өндүрүшүн кеңейтүү максатында ак ниет сатып алуучу катарында 2014-жылы Кант шаарынан сатып алган эски имаратты мамлекетке кайтаруу деген шылтоо менен иш жүзүндө рейдерликтен кем калбаган тартып алынуусуна жол ачкан.

Мындан артык кандай мыйзамдуу приватташтыруу болот?

Кепти башынан баштасак. КРнын Мамлекеттик мүлк министрлигинин Чүй-Бишкек-Талас аймактык башкармалыгы 2011-жылы 1-мартта Кант шаарынын Маликов көч. 6 дарегинде жайгашкан “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын (МИ) Кант жылуулук камсыздоо МИсинин конторасынын эски имаратын (көңүл буруңуздар: эч кандай бала бакча эмес!) аукционго коет. Аукциондун ачык жана мыйзамдуу өткөрүлгөнүнө бардык далилдер бар. Ал боюнча “Эркин Тоо” гезитинин 28.01.2011-ж. санына кулактандыруу берилет

(сүрөттө).

Маммүлк министрлигинин аймактык башкармалыгынын начальниги Ж.Молдокадыров райондун прокуроруна ал обьектини сатуу боюнча аукцион өткөрүү боюнча комиссия түзүлүп жаткандыгы, комиссиянын курамына кошуу үчүн өкүл жөнөтүү жөнүндө 12.02.2011-ж. алдын- ала №132 кат да жиберген. Ага райондун ошол кездеги прокурору Ф.Иманалиева жооп жазып, анда прокуратура органынын кызматкеринин мындай комиссияларда катышуусу милдеттүү мүнөзгө ээ эместигин жүйөө келтирип, баш тарткан. БУЛ ФАКТЫга өзгөчө көңүл буруп коелу. Анткени, аталган эски имарат аукциондон сатылып жатканы жөнүндө райондун прокуратурасы эң башында эле билген!

Аукцион ачык жана мыйзамдуу өткөнүн ага “Эркин Тоо”, “Алиби” гезиттеринин, КТРК, 5-канал, “Пирамида” каналдарынын журналисттери, “Интербилим”, “Жарандар коррупцияга каршы” сыяктуу ӨЭУлардын өкүлдөрү катышканы да далилдеп турат.

Анын жыйынтыгында Мурат Асанов жеңүүчү деп табылып, Маммүлк фонду менен 18.03. 2011-ж. келишимдин негизинде 1 055 370 сомго сатып алган. Өз кезегинде А.Жолдошов ал имаратты М.Асановдон 29.09.2014-ж. 4 360 000 сомго сатып алып, аны оңдоп-түзөп, 30 орундуу кийим тигүүчү ишкана уюштурат. Аны дагы кеңейтүү менен жергиликтүү калк үчүн иш орундарын түзүүнү көздөйт. Тилекке каршы, өткөн Президент А.Атамбаевдин мыйзамсыз приватташтырылган бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу жөнүндө көрсөтмөсүнөн, райпрокуратуранын кызматкерлеринин аны аткаруу үчүн аша чапкан аракеттеринен жана айрым судьялардын мындай аша чабууларга мыйзамдык калыс баа бере албоосунан улам учурда анын бул тилеги “таш капчудай” болуп калды…

Облпрокуратура мыйзамдуу десе, райпрокуратура мыйзамсыз деп…

Бул имараттын приватташтырылышынын мыйзамдуу экени Чүй облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору М.Саякбаев тарабынан 2010–2012-жылдар аралыгында Маммүлк фондунун Чүй – Бишкек – Талас аймактык башкармалыгынын ишмердүүлүгүндөгү приватташтыруу мыйзамдарынын сакталышын жана облустун территориясында жайгашкан бардык социалдык объектилердин приватташтырылышынын мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө түзүлгөн маалымдамасында ачык жазылып турат. Ал облус прокурору тарабынан бекитилген жана анын мыйзамдуулугу Башкы прокуратура тарабынан жокко чыгарылбаган. Ошол документтен цитата: “Көрсөтүлгөн мезгилде Чүй облусу боюнча, 17.09.2008-ж. №518 2008 – 2012-жылдарга КРда мамлекеттик мүлктү приватташтыруу программасына ылайык Кант шаарынын Маликов көч. 6 дарегинде жайгашкан “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” мамлекеттик ишканасынын Кант жылуулук камсыздоо мамлекеттик ишканасынын конторасынын эски имаратын приватташтыруу боюнча 1 объект приватташтырылган, “Кыргызтуракжайкоммунсоюздун” балансында турган ал имарат чынында эле 2008 – 2012-жж. КРда приватташтыруу планына ылайык мамлекеттен ажыратылууга жаткан объектилердин тизмесинде жарыяланганы аныкталган. Ченемдик укуктук актыларда каралган көрсөтүлгөн объектини приватташтырууну жүргүзүү жана ишке ашыруу тартиби туура жана этабы менен жүргүзүлгөн, бул объектини сатып өткөрүү үчүн бардык зарыл жактардын бүт көрсөтүлгөн тизмеси тартылган жана зарыл шарттар аткарылган, башкача айтканда:

– Объектини приватташтыруу ыкмасын аныктоо боюнча комиссия чогултулган;

– “Азия-Оценка” ЖЧКсы менен келишим түзүлгөн, ал имараттын көз карандысыз жана ар тараптуу баалануусун жүргүзгөн;

– Имаратты мамлекеттик комиссия жана көз карандысыз “Азия-Оценка” ЖЧКсы тарабынан эки тараптуу баалоо ишке ашырылган, анын жүрүшүндө объектинин сатуу баасы аныкталган – 1 139 300 сом;

– Мыйзам менен белгиленген мөөнөттө (30 күндөн кеч эмес) бул объект боюнча аукцион өткөрүү жөнүндө кулактандыруу берилген жана зарыл маалымат жарыяланган;

– Аукционду өткөрүү тартиби бузулган эмес, бардык талаптар жана шарттар аткарылган, башкача айтканда:

– Зарыл жактардан комиссия чогултулган, ошондой эле аукционду өткөрүү үчүн бардык кызыкдар жактар чакырылган;

– Аукциондун катышуучуларын каттоо ишке ашырылган, алар тараптан зарыл сумма төлөнгөн жана сатууга катышуу үчүн зарыл маалымат берилген;

– Аукционду өткөрүү датасы жана орду көрсөтүлгөн;

– Комиссиянын отурумунда 30 000 сомдук аукциондук жүрүш (кадам) аныкталган;

– Аукцион убагында баштапкы наркты (1 139 300 сомду) 10%га, б.а. 113 930 сомго төмөндөтүү чечими кабыл алынган, себеби бардык катышуучулар алгылыксыз старттык суммага шилтеме жасоо менен №2 лотту сатып алуудан баш тартышкан. Жаңы старттык баа 1 025 370 сом суммада аныкталган;

– Объект бир жүрүш менен эң чоң сумманы – 1 054 370 сомду сунуштаган аукциондун катышуучусу Асанов Муратбек Алановичке сатылган жана комиссия тарабынан ал жеңүүчү деп табылган;

– Маммүлктү башкаруу боюнча фонддун түндүк территориялык башкармалыгынын атынан анын начальниги Молдокадыров Жумабек Айткулович менен аукциондун жеңүүчүсү Асанов Муратбек Алановичтин ортосунда бул объектини алуу боюнча сатуу-сатып алуу келишими түзүлгөн;

– Мыйзам менен белгиленген мөөнөттө болуп өткөн сатыктын жыйынтыгы, сатылган №2 лот жана сатыктын жеңүүчүсү жөнүндө бардык маалымат ММКда (“Эркин Тоо” гезитинде) ачыкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар аныкталган жок”. Бул маалымдама облус прокурору Н.Сулайманкулов тарабынан 30.09.2012-ж. бекитилген.

Мына ушундан кийин Ысык-Ата райондук прокуратурасында бул объектинин приватташтырылышынын мыйзамдуулугу боюнча эч кандай суроо жаралбашы керек эле! Бирок…

Бирок, кыргызчылыкта боло берет. Ошондуктан райондун прокурору тарабынан бул приватташтыруунун мыйзамсыздыгы боюнча доо арыз 2015-жылдын март айында Чүй райондор аралык сотуна жазылган…

“Сыртынан тон бычмай”…

Бул боюнча аталган соттук процесске прокуратуранын өкүлү келбей койгондугуна байланыштуу Чүй райондор аралык сот 27.05.2015-ж. аныктамасы, облустук сот 15.10.2015-ж. токтому менен арызды кароосуз калтырган. Прокуратура Жогорку сотко кайрылуунун ордуна жүйөөсүз себептер менен кайталап райондор аралык сотко кайрылганда, судья А.Ахметова доонун өтүп кеткен мөөнөтүн калыбына келтирүү жөнүндө арызды канааттандыруу чечимин чыгарып берген. Дагы жакшы анын бул мыйзамсыз жана негизсиз чечимин оңдоп, Чүй облустук сотунун коллегиясы – төрагалык кылуучу Ж.Курмабаева, мүчөлөрү – А.Кадыркулова жана Б.Сейталиева ал чечимди жокко чыгарган.

Мына ушул жерден Президент мисал келтирген хадистегидей болуп, Жогорку соттун соттук коллегиясы: төрагалык кылуучу А.Аманалиева, мүчөлөрү – К.Джумашев, Д.Боронбаева 21.09.2017-ж. токтому менен мөөнөттү калыбына келтирүү чечимин чыгарып салган! Кызыгы – бул процесске иштин тараптары болгон мекемелердин өкүлдөрү тургай, жабырлануучу да чакырылган эмес! Төмөнкү инстанциядагы соттордун чечимдеринде кемчиликтер болсо оңдоп-түзөөгө тийиш болгон Жогорку соттун судьяларынын бул жоругу кийин да уланды…

– Мына ошентип бир нече жолу иш биринчи жана экинчи инстанцияларда каралып, аларда мыйзам бузуулар менен коштолду, – дейт А.Жолдошов.

– Чүй облустук райондор аралык сотунда ишти судья Н.Султаналиев карап, прокуратуранын арызын канааттандыруу чечимин чыгарды.

А.Жолдошовдун сөзүнүн жүйөөлүүлүгү төмөнкү бир нече документ менен тастыкталып турат: атап айтканда:

1) Райондук Мамкаттоо башкармалыгынын 17.01.2019-ж. облустук прокуратурага берген жообунда бул көрсөтүлгөн дарек боюнча бала бакча тууралуу эч кандай документтин жоктугу көрсөтүлгөн.

2) Маммүлк фондунун башкармалыгынын 30.01.2019-ж. жооп катында сатылганга чейин ал мүлк анын балансында Кант жылуулук камсыздоо мамлекеттик ишканасынын эски имараты катары катталып келгендиги маалымдалат.

3) Маммүлк фондунун башкармалыгы райондук прокуратурага берген 22.02.2011-ж. жообунда аталган имарат жана жер участогу Кант жылуулук камсыздоо мамлекеттик ишканасына катталгандыгын тастыктаган жооп берген. Бул жетишсиз болсо, Чүй облустук сотунун суроо-талабына Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.Иманалиевдин 12.09.2019-ж. №318 номерлүү жооп катында “№1 бала бакчанын яселдик тобу боюнча укук орнотуучу документтер жана имаратты өткөрүп берүү-кабыл алуу актысы жок экендиги” жөнүндө жообун да эске алса болмок! Мына ушундай документтерге карабастан судья Н.Султаналиевдин прокуратуранын арызын канааттандырганы парадокс болуп калды. Бирок, анын бул кемчилигин оңдоо менен мүлктүн мыйзамдуу ээлеринин апелляциялык арызынын негизинде облустук соттун төрагалык кылуучу Ж.Мурзалиева, судьялар – Э.Нурманбетов жана А.Алибаев курамында болгон соттук коллегиясы 30.09.2019-ж. чечими менен Н.Султаналиевдин чечимин толугу менен жокко чыгарып, М.Асанов менен А.Жолдошовдун арыздарын канааттандырып берген.

Жогорку соттун судьяларын кайрадан кара теке сүздүбү?

Мына ушундай негиздүү жана мыйзамдуу чыгарылган токтом, Жогорку сотко келгенде кайрадан баягы эле соттук коллегия: төрагалык кылуучу А.Аманалиева, мүчөлөрү – К.Джумашев, Д.Боронбаева тарабынан каралып (эмне себептен дал ушуларга туш келгени да табышмактуу?) 26.02.2020-ж. токтом менен прокуратуранын доо арызын канааттандырган жана ак ниет сатып алуучу болуп эсептелген ишкерди “күйгүзгөн” чечимди чыгарып берди.

Айрым парадокстар

Биринчиден, талаш болгон мүлк — Кант шаарынын Маликов көч. 6 дарегинде жайгашкан “Кыргызтуракжайкоммунсоюз” МИсинин Кант жылуулук камсыздоо МИсинин конторасынын эски имараты – соттук чечимдерде жазылгандай, бала бакча болгондугу тууралуу эч кандай укук орнотуучу документ жок! Жогоруда көрүнүп тургандай, 01.03.2011-ж. аукциондо эч кандай бала бакчанын имараты эмес, конторанын эски имараты сатыкка коюлуп жатканы жөнүндө кыргызча да, орусча да (кыргызча түшүнбөйм дегенге да шылтоо жок) жазылып турбайбы!

Экинчиден, мүлктү приватташтыруу боюнча доо коюу мөөнөтүн калыбына келтирүүгө эч кандай жүйөө болбогон! Анткени, Чүй облустук прокуратурасынын бөлүмүнүн прокурору М.Саякбаев тарабынан түзүлгөн маалымдамада ал маселе иликтенип, мыйзамдуу экени тастыкталып жатпайбы! Же облпрокуратура билгенди райпрокуратура билбей калды дей берсе болобу?!  Эмнеси болсо да, бул бала бакчаларды мамлекетке кайтаруу өнөктүгүн “кампанейщинага” айлантуу менен эптеп эле жеке ишкердин мыйзамдуу сатып алган мүлкү “мыйзамдуу түр көрсөтүү” менен мыйзамсыз тартып алуу сыяктуу көрүнүп турат.

Үчүнчүдөн, жана эң өкүнүчтүүсү – жогоруда айтканыбыздай, Жогорку соттун “бул иш боюнча адистешип алышкандай” үч судьясы – А.Аманалиева, мүчөлөрү – К.Джумашев, Д.Боронбаева прокуратуранын мыйзамсыз аракетине мыйзамдуу укуктук баа берүүнүн ордуна, “чоңдугуна сала” облустук соттун мыйзамдуу чечимин өзгөртүп салгандыгы! Мүмкүн ушундан улам, ишкер азыр кайрылып жаткан Мамлекет башчынын кийлигишүүсү соттук акыркы инстанциянын катасын оңдоп берет жана Жогорку соттун жогоруда аталган үч судьясынын чечимине укуктук баа берилет деп үмүттөнүп туралы.

 

Мырзакат ТЫНАЛИЕВ,“Кыргыз Туусу”