Күтүүсүз коңгуроо: «Дарыгер, үй-бүлөң күтүүдө, өзүң да оорубай, эсен бол..!»

Дүйнө элинин башына катуу кыйынчылык түшкөндө, айталы, апааттуу согуш  учурунда же колу-бутсуз, куралсыз жоо – пандемия учурларында элге калкан болуп,  төш тоскон эки кесиптин ээси бар экени ушул коронавирустун маалында дагы бир  жолу анык болду. Алар – албетте, жоокерлер жана дарыгерлер! Өкүнүчтүүсү, эки ай ичинде элдин саламаттыгы үчүн күрөшкөн эки дарыгерибизди ажалга алдырдык. Алардын жакындарына көңүл айтып, сабыр тилейбиз. Ал эми биздин бүгүнкү маектешибиз болсо, элдин саламаттыгы үчүн күн-түн тикесинен тик туруп, болгон күчүн, дараметин, тилегин, жана дилин төшөп иштеп келе жаткан дарыгер — Ноокен районундагы Арал айылынын Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун медицина кызматкери, айылдык кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу – Бактыгүл Мамадалиева. Биз Бактыгүл айымга иштен кийинки убакта күтүүсүз коңгуроо чалып, ал-акыбалын сурап, маек уюштурганбыз…

– Саламатсыңбы, Бактыгүл? “Кыргыз Туусунун” “Күтүүсүз коңгуроосу”  тынчыңды алууда.

– Саламатчылык. Абдан кубанычтамын. Деги эле сиздердин гезитти жакшы көрөм, кубануу менен күтүп алып, окуйм.

– Биз дагы кубанычтабыз, Бактыгүл. Кеч чалып, тынчыңды алган жокпузбу?  Иште эмес белең?

– Жок, азыр эле эле жумуштан келип, жаңы эле телефонумду сумкадан алып столго коюп жатсам, телефон шыңгырап калды.

– Азыр, айрыкча, ак халатчандар үчүн оор мезгил болбодубу. Чарчап келсең  керек. Иштен кийинки, үйгө келгендеги учуруңду айтып берсең?

– Адегенде отуруп, ысык кара чай же кофе ичем. Дайым көнгөн адатым. Адатта, жумуштан келип, бут кийимимди чечип, үйгө кирип бара жатканымда, “шырп” эткен үндү угуп, үйдөн Сыймык уулум тосуп чыгат. Сумкамды колумдан алып, бут кийимимди – бут кийим койгучка тизет. Менин туфлимди төрт кабаттуу бут тепкичтин өйдөңкү катарына коёт. Өзүнчө сүйлөп да коёт уулум: “Апанын бут кийими да бийикте туруш керек”, – деп, ананайыным. Ал кезде атасы талаада болот. Чоң атасы – өзүнүн комнатасында. Үйдө – төртөөбүз. Эжеси, агасы алыста – окууда. Студенттеримдин сынактары бүтсө, карантин бүтүп, авиа жолдор ачылса эле, балдарым Кудай буюрса келип, үйүм бапырап толуп калат. Сыймыкка: “Эже – агаң келгенде сен такыр иш жасабайсың, бардык жумушту ак колдор жасайт”, – деп коём. Азыр үй жыйнайт, короо шыпырат, идиш-аякты жууйт. Короодогу бактын чөбүн тазалайт. Огороддогу жашылча, жемишти сугарат. Чоң атасын карайт. “Жасаганың мен үчүн, үйрөнгөнүң өзүң үчүн”, – деп тим коём.

– Эне катары ар дайым балдарыңды айтып, сыймыктанганыңды көп угам.

– Өмүрлөрүн берсин, башкача жароокер уулдарым бар. Балдарымдын балалыгын сагына берем. Кыялбек агасы 7- класста окучу эле, Сыймык 3-класста эле. Кыштын күнү иштен кайтып, дарбазадан үйгө киргенде өтүгүм карч-курч кылып кар басып, же так-тук этип үн чыкканын укканда, ичкериден эки уулум атып чыгып, кимиси биринчи жетсе сумкамды колдон алып, мени эңкейте койбой өтүгүмдүн сыдырмасын чечип, бутумдан тартып чыгарып, пальтомдун бүчүсүн чечип, экөө эки жактан колтуктап төркү үйгө алып киришет эле. Анан да, мен эс алганда же уктаганда диванга эмес, полго жатканды жактырам. Тегиз матрац салынган жайыма жумшак жаздыкты башыма коюп даярдап коюшат эле. Анан Кыялбек менен Сыймыгымдын өздөрү ойлоп чыккан салаты бар. Алма, жаңгак, мандарин, бананды бир тарелкага ар кандай формада туурап: “Менин колумдан жеңиз”, – деп вилка менен оозума такап, “Менин салатымды биринчи жеңиз”, – деп суранышат. Экөөнүн салаты бирдей болгону менен бири алманы гүл кылып форма чыгарса, экинчиси кубик кылып кесип фантазиялары күчтүү эле.

– Анда азыр бийликтин баары жалгыз Сыймыкта экен да? Ал канча жашта?

– Ооба, азыр эми Сыймыгым кыпкызыл кылып, бир чайнек чай же бир бокал кофе даярдайт. Бир сааттай эс алып, анан кечки тамакка экөөлөп кам көрөбүз. Быйыл он төрттө.

– Ошол эле убакта эне катары да, аялзаты, эл өкүлү, медицина кызматкери  катары да көкүрөк-көңүлүңдү түйшөлткөн бир нерселер айланып турат чыгар?

– Ооба, мени түйшөлдүргөн ойлор, азыркы кырдаал. Эки ай аралыгында пандемия боюнча кесиптик кызматыбызда такыр тыным болбоду. Мигранттарды обсервациялоону жана коронавирус боюнча тынымсыз тушүндүрүү иштери менен алек болуп аттык. Комендаттык саат киргизилген күндөрдө элдин көчөгө чыгып жатканын көзөмөлдөө максатында рейд жүргүздүк. Эл өкүлү катары блок посттон күндө кабар алып, айылдан элди сыртка чыгарбай жана башка айылдын тургундарын киргизбегиле деген дайындоолорду эскертип аттык. Бул айлар аралыгында элдин социалдык абалы кыйла артка да кетти. Себеби, элет жеринде дыйканчылык эгин-тегин менен алектенишет. Убагында жашылча жемишин бышырып базарга алып чыгуу максатын көздөйт дыйкандар. Мына дагы мисал кылсам, учурда айылыбызда пияз бышып, пиязды жулуп кыркып атышат. Пиязды бышыруу үчүн дыйкандын тынымсыз эмгеги кетирген чыгымы бар. Эми талаага эккен дыйканчылыгы акталып кирешеси болобу, болбойбу белгисиз. Пиязга элементардуу нерсе – кап таппай, издеген дыйкан ошончо. Капты да Бишкектен алдыртыш керек экен. Пиязды бышырып алып кардар жок. Убагында сатып жибербесе, пиязды сапаттуу сактап туруу дагы чоң мээнетти талап кылат. Курулушка деп очойгон кредит алып, кредит төлөмдөрүн кантип төлөйм деген карызы барлар бар. Кыскасы элдин көйгөйүн көрүп, билип атып уйку качкан күндөр да болуп атат. Кечээ күнү коңшу айылдагы дыйкандар гектарлап эгип, бышырган капустасын са- тууда тыйынга арзыбай, аргасыз жерди бошотуу үчүн трактор капустаны майкандап бузуп атканын көрүп жүрөгүм ооруду. Келечек ойлор бүдөмүк болуп, аргасыздыктын туткунунда жүргөндөйбүз. Эми үзүлбөгөн үмүт журт башчыбыз, эл өкүлдөрү, окумуштуу аалым илимдүү, билимдүү жаштар, кайрымдуу ишкерлер, дыйкандар деги эле баарыбыз биргеликте өлкөбүздүн өсүп, өнүгүүсү үчүн элдин жашоо турмушун жакшыртууда тынымсыз аракет кылып, адал эмгек менен изденип, ийгиликтүү долбоорлорду жаратып, чет өлкөдөн инвестиция тартып, турмушубузду оңдоо өзүбүздүн колубузда деп ойлойм.

– Эне-аялзаты, акын катары өзүңө жана элге тилегиң?

– Жеке өзүм үчүн бакыт – үй-бүлөмдүн амандыгы, сак саламаттыгы. Балдарыбыздын эстүүлүгү. Ушулардын баары үчүн барга – топук, жокко – сабыр кылып, шүгүрчүлүк айтам. Ушинтип сиздер менен да жакындан сырдашып жеңилдеп алдым окшойт. Эми, элге каалоом – азыркы актуалдуу маселе элдин саламаттыгына, өмүрүнө коркунуч, кооптуулук жараткан пандемия менен күрөшүүдө алгач өзүбүздү сактап, үй-бүлөбүздү этияттап, белгиленген мыйзамга баш ийип, бири-бирибиз менен жоопкерчиликтүү мамиледе болуп, дарыгерлердин эрежелерин туура, так сактайлы дейт элем. Жараткан эли-жерибизди ар кандай апааттан, бөөдө кырсыктан сактасын. Элибиз аман, журтубуз бүтүн болсун! Сиздерге дагы чыгармачылык ийгиликтерди каалайм! Мага күтүүсүз, жагымдуу коңгуроо кылып маанайымды көтөрдүңүздөр.

Жыпар ИСАБАЕВА, “Кыргыз Туусу”