Илдет менен күрөштө биринчилерден болуп БДБ кол сунду

16-июнда Президент Сооронбай Жээнбеков Бүткүл дүйнөлүк банктын (БДБ) Европа жана Борбор Азия региону боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен видеоконференция форматында сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Анда эки тараптуу кызматташуунун учурдагы абалы жана келечеги, биргелешкен долбоорлордун ишке ашырылышы, ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясынын экономикалык кесепеттерин жеңип чыгуу боюнча чаралар талкууланды. Президент Анна Бьердени жогорку кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, БДБ өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу боюнча өлкөнүн артыкчылыктуу өнөктөштөрүнүн бири болуп саналарын белгиледи. Ал кыргыз тараптын өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр менен жигердүү жана тыгыз кызматташууга ниеттенип жатканын да баса белгиледи.

Илдет менен күрөшүүдө Кыргызстанга биринчилерден болуп колдоо көрсөтүп баштагандыгы үчүн БДБга дагы бир жолу ыраазычылык билдирди. С.Жээнбеков коронавирус инфекциясы пандемиясына карабастан, энергетика, айыл чарба, аймактарды өнүктүрүү жана калкты таза суу менен камсыз кылуу чөйрөлөрүндөгү долбоорлорду өз маалында ишке ашыруу боюнча жигердүү ишке даярдыгын баса белгиледи. Анна Бьерде кызматташтык үчүн ыраазычылык айтып, кыргыз тараптын БДБнын Кыргызстандагы кеңсеси менен активдүү өз ара аракеттешүүсүн канааттануу менен белгиледи. Ал белгилегендей, коронавирустун жайылышынын кесепеттери менен күрөшүү азыркы тапта БДБнын ишмердүүлүгүндө артыкчылык берилген багыт катары аныкталган.

Бүгүнкү күндө Банк тарабынан пандемия менен күрөшүү үчүн Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына 21 млн. доллар бөлүнгөн. Мындан сырткары, экономиканын төмөндөө шартында кризиске реакция кылып, калкка социалдык колдоо көрсөтүүдө чакан жана орто бизнести колдоо боюнча жаңы долбоорлор даярдалып жатат.