Социалдык тармактардагы жалган маалыматтар соо көрүнүш эмес

1938-жыл. Бул күнү радиодон уктурулган жалган маалымат АКШны аңтарып кое жаздады. Окуя мындайча болгон. Кадимки, Уэлс Герберттин “Дүйнөлөр согушу” чыгармасы эфирде уктурулуп жаткан күндөрдүн биринде кайсы бир планетадан келгендер АКШга куралдуу кол салганын, салгылашуулар кандай өтүп жатканын баяндаган репортаж 40 мүнөт уктурулат. Мындай уктуруу боло тургандыгы жөнүндө алдын ала эскертилгенине карабастан, бул убакыттын ичинде 6 млн.дон ашуун радиоугарман ызы-чууга түшүп, көчөлөрдө тыгындар пайда болуп, айрым патриоттору үйүнөн мылтыгын ала чуркашып полицияга келе башташат. Аңгыча, аларды өз көздөрү менен көргөнүн, кебетелери, куралы кандай экенин да көргөндөр да пайда болот.

Бүгүнкү күндө интернет технологиясы өнүгүүнүн туу чокусуна жетти. Ал эми эксперттер андагы чыгып жаткан жалган маалыматтар дүйнөлүк экономикага жыл сайын 39 млрд. доллар зыян алып келерин аныктап чыгышкан. Ошону менен жалган маалыматтар кадимкидей эле маалымат согушунун куралына айланып, интернет мүмкүнчүлүктөрү жалган маалыматтарды өз кызыкчылыктарына пайдаланууга эң мыкты шарттарды түзүүгө айланган аянтча болуп калды.

Мындан Кыргызстан да четте калган жок. Социалдык тармактарда жалган маалыматтар жамгырдай эле башыбызга жаап жатат. Бул барып-келип мамлекеттин маалымат коопсуздугуна шек келтирген, кимдир бирөөлөрдүн саясий жана башка максаттарына кызмат кылган көрүнүш болуп калды. Айталы, кимдир бирөө, тигил же бул маселе боюнча интернет булактарына жыландын башын кылтыйткан жалган маалымат чыгарып койсо болду, андай маалыматтын чын-төгүнүн аңдай албаган, ага баамы жетпеген интернет пайдалануучулар ызы-чуу түшөт да калышат. Башкача айтканда, аны атайылап уюштургандар бар экендиги жашырын деле эмес.

Жакындан бери жалган маалыматтарга каршы “Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө” мыйзам долбоору коомчулуктун талкуусуна коюлду. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Осмонова ЖМКларга берген маалыматында: “Сиздер билгендей, акыркы убакытта жалган (фейк) маалыматтар көбөйдү. Ал – дүйнөлүк көйгөй, Кыргызстанга гана тиешелүү эмес. Жалган маалыматтарга каршы мыйзам Франция жана Германияда кабыл алынган. Бул дүйнөлүк практика жана ал социалдык тармактардын өнүгүшү менен байланыштуу”, — деп билдирди.

Ал билдиргендей, аталган мыйзам биринчи кезекте фейк жаңылыктардан жана жалган маалыматтардан коомдук жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууга багытталган жана сөз эркиндигин чектебейт. “Ар ким өзү каалаган нерсесин айта берсин. Айрымдар бул мыйзам сөз эркиндигине тыюу салат деп ойлошууда. Бирок андай эмес. Ойду ээн-эркин билдирүүгө болот, бирок бир шарт – мышык же иттердин сүрөтүн коюп жашырынбай, өздүгүн көрсөтсүн (идентификация). Укук бүткөн жерде жоопкерчилик башталат. Эгер кимдир бирөө жалган-жалаа жапса анда ал жоопкерчилик тартсын, эгерде чын маалымат болсо, анда ал колдонуучу сөз эркиндиги жөнүндө мыйзам менен корголот. Негизги принцип — колдонуучунун идентификациясы”, — деди ал.

Ошондой эле «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоорунун дем и л г е ч и л е р и нин бири Гүлшат Асылбаева талкуунун жүрүшүндө адеп-ахлак нормаларын эч ким жокко чыгара электигин баса белгилеп кетти. Депутат эң эле жөнөкөй нерсе үй-бүлөдө улууларга урмат кылып, кичүүлөрдү колдоого алуу, мектептерде окуучулар мугалимдерин сыйлоосу же мугалимдер окуучуларына сый мамиле кылуусу сыяктуу жана башка көптөгөн адеп-аклак маселелерин колдоо зарылдыгына токтолду. “Мында кылмыш жоопкерчилиги, сөз эркиндиги тууралуу эч бир сөз жок. Адеп-аклак тууралуу сөз болуп жатат. Же кимдир-бирөөнүн ушундай фейк аккаунттардын чабуулуна калбайт деген кепилдиги барбы?”, — деди.

Ток этерин айтканда бул мыйзамдын зарылдыгы күн өткөн сайын өтө актуалдуу болуп баратат. Коомдук талкуулардын жүрүшү да ушуну көргөзүүдө.

 

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”