Надырбек ЖАНЫБЕКОВ: «Каражатты сарамжалдуу пайдаланып, графиктен артта калбай иштеп жатабыз»

Жума башында Кемин районунун Орловка шаарында жайгашкан «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Орловкадагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» филиалында болуп кайттык. Ишкананын жетекчиси Эрнис КАСЫМОВ эмгек өргүүсүндө болгондуктан, мекеменин айрым кызматкерлери менен жолугуп, аталган ишкананын акыбалы менен тааныштык. Ишкананын башкы инженери Надырбек ЖАНЫБЕКОВ, мекеме кызматкерлери – Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн I категориядагы инженери Галина ПОЛОМАРЕНКО жана Пландык-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси Владимир РЯБОВ короновируска каршы жарыяланган карантин убагында жүргүзүлгөн иштер жана мекеме көйгөйлөрү тууралуу сүйлөп беришти.

– Надырбек Жаныбекович, «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Орловкадагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» филиалынын негизги милдети, абоненттеринин саны, тарифтери тууралуу азыноолак айтып өтсөңүз?

Жамаат менен

– «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын «Орловкадагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы» (ОЖмЖСБИ) филиалынын негизги багыты бул – жергиликтүү калкты жылуулук менен камсыздоо, ысык, муздак суу өткөрүү жана берүү. Жалпысынан ишканада 138 кызматкер иштейт. ОЖмЖСБИ филиалынын керектөөчүлөрү Орловка, Кемин шаарларынын, “Ашуу базасынын” (Перевал база), Ударник жана Борду айылдарынын жергиликтүү калкы, бюджеттик уюмдар жана башка колдонуучулар. Бүгүнкү күндө жылуулук менен камсыз кылуу аймагы боюнча жалпысынан 1 485 абонент, 2 467 керектөөчү бар. Былтыркы жылга салыштырмалуу абоненттердин саны 16га көбөйдү. Суу менен камсыздоо боюнча 2 663 абонент, 5 056 керектөөчү болсо, суу өткөрүү боюнча 1 317 абонент, 1 978 керектөөчү бар. Союз тарагандан баштап Орловка жана Кемин шаарынын калкы бир кыйла азайып кеткен. Айрым үйлөр таптакыр кароосуз калган. Суу өткөрүүчү түтүктөрдүн көбү 70-жылдары тартылгандыктан оңдоо иштерин тез-тез жасап турууга туура келип жатат. Элге муздак суу берүү жана суу өткөрүү тарифи суу жеткирүүнүн өздүк наркынан бир кыйла төмөн. Алсак, бир куб муздак суу үчүн элден 9,45 сом, уюмдардан 27,69 сом, суу өткөрүү боюнча элден 12,45 сом, уюмдардан 28,16 сом төлөм алынат. Керектөөчүлөрдөн муздак суу жана суу өткөрүүгө чогулган акча каражаттары оңдоо иштерине жетпейт жана бул тармакка мамлекеттен дотация каралган эмес. Ушул себептерден улам муздак суу берүү жана өткөрүү тармагыбыз чыгашалуу болуп эсептелинет. Биз мамлекеттик ишкана болгондуктан өз алдынча грант ала албайт экенбиз. Ушундан улам акча тартыштыгы жаралып, суу берүү системасын ойдогудай оңдой албай келе жатканыбызды моюнга алабыз.

Жылуулук берүү тармагы боюнча Отун-энергетикалык комплексти жөнгөсалуу мамлекеттик агенттигинде беки- тилген тариф боюнча 1 Гкал. Жылуулук энергиясынын баасы 7164 сом болсо, калкка биз аны 1134 сом менен беребиз. Ортодогу айырманы мамлекет өзү аргасыз субсидия катары дотациялап жатат. Мамлекеттен бөлүнгөн субсидияны мазут түрүндө алабыз. 2020-2021-жылдардын күзгү-кышкы жылуулук менен камсыздоо мезгилине даярдоо боюнча “Кыргызжылуулукэнерго” мамлекеттик ишканасынын “Орловкадагы жылуулук менен жабдуу жана суу берүү ишканасы” филиалында атайын буйрук менен туруктуу штаб жана технологиялык оңдоо картасы түзүлүп, оңдоо иштерине, запастык бөлүктөрдү сатып алууга план-тиркемелер бекитилген. Мындан тышкары оңдоо иштерин жүргүзүүгө атайын 3 (үч) бригада түзүлгөн. Жалпысынан планда көрсөтүлгөн оңдоо иштерине 4 425,6 миң сом каражат жумшоо каралган. Бүгүнкү күнү оңдоо иштери белгиленген графиктен артта калбастан, токтотулбастан жүргүзүлүп жатат. Отканаларда, жылуулук жана суу өткөрүүчү тармактарда текшерүү иштери жүргүзүлүпиштебей калган клапандарды, жабдууларды алмаштыруу иштери аткарылып, энергия кубаттуулугун аныктоочу (энергосиловой) жана насостук жабдыктардын иштөөсүн текшерүү, от жагуу жабдууларын даярдоо (аба, түтүн айдоочу шаймандар, химиялык суу тазалоочу шаймандар жана мазут өнөр жайы) боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

– “Таажы вирусунан” бул мекеме кантип сактанып жатат?

– “Таажы вирусу” илдетинен сактануу, алдын алуу боюнча биздин мекемеде бир топ иштер жасалды. Биринчиден, ишкананын жумушчуларына “Таажы вирусунан” сактануу боюнча түшүндүрмө иштери өткөрүлүп, нускамалар берилди. Андан соң дезинфекциялоочу каражаттарды, жабдыктарды, антисептиктерди өзүбүздүн каражатыбызга сатып алып, райондук санитардык-эпидемиологиялык станциясы менен биргеликте, станция адистеринин көрсөтмөлөрү боюнча күнүнө эки-үч жолудан ишкананын ичи-сыртын дезинфекциялап жатабыз. Бардык кызматкерлерге “Таажы вирусунан” жеке коргонуучу жабдыктар, антисептиктер берилип, түшүндүрүү иштери маал-маалы менен жүргүзүлүп турат. Медициналык эреже, талаптарды туура сактагандыктан биздин ишканада бул илдетке чалдыккандар болгон жок. Карантин убагында кызматкерлер аралыктан иштөөгө аргасыз болушту, бирок алардын айлык маянасы сакталып, мурдагыдай эле берилди. Калк менен түзмө-түз иш алып баруучу кызматкерлер уюлдук телефон жана социалдык тармактар аркылуу калк менен иш жүргүзүштү. Карантин учурунда убагында төлөмдөрдү төлөй албай калган абоненттерге туум(пеня) эсептелген жок.

– Быйылкы каржы каатчылыгы сиздерди да кыйгап өтпөсө керек?

– Бюджеттин тартыштыгын эске алып, биз каражатты эң көйгөлүү тармакка гана жумшап, күзгү-кышкы жылуулук менен камсыздоо иштерин жүргүзүп жатабыз.

Владимир РЯБОВ, ишкананын Пландык-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси:

– Жогоруда айтылгандай биздин мекеме мамлекеттик ишкана катары мамлекеттен дотациялангандыктан ашыкча киреше деле таппайбыз. Муздак суу берүү боюнча тарифти көтөрүүгө жергиликтүү кеңештин депутаттары каршы, ошондуктан ал тармак өзүн өзү жаба албайт. Мазуттун баасына жараша дотациянын бир жылдык көлөмү дайыма өзгөрүп турат. Дотация ар жылга ар кандай болот, бирде жогорулап, бирде төмөндөп турат. Ишканага керектөөчү жабдыктарды алыбыз келишинче жаңылап, транспортторубуз эски болсо да оңдоп-түздөп иштетип жатабыз. Потенциалдык мүмкүнчүлүгү боюнча алсак жылуулук сезонунда отканаларыбыз калктын пайдалануу муктаждыгына жараша 60% пайызга, элди суу менен камсыз кылуу 100% пайызга, канализация 40-50% пайызга иштейт. Суу менен камсыз кылууда бизде көп жылдан бери чечилбей келе жаткан бир көйгөй бар, биздин суу коргондорубуз алыскы “Окторкой” өрөөнүндө жайгашкан. Кышкысын ал жакка Талды-Булак капчыгайындагы кооптуу жол менен барууга туура келет. Биздин жумушчулар ал жерде вахта катары(белгилүү мөөнөткө чейин туруп) барып иштешкендиктен жумушчулар биздин “ГАЗ-66” автоунаабыз жеткен жерге чейин жеткирилип, андан ары жөө басып кетишет. Жай-кысын жайыт комитети менен биргеликте жолду грейдер менен тазалайбыз, бирок кышкысын жайыт комитети эч жардам көрсөтпөйт. Кээ бир учурларда жолду кар күрткүсү жаап калып, автоунаа жүрбөй калган учурларда Орловканын лыжа тебүү базасынын кар үстүндө жүрүүчү унаасын сурайбыз. Ошондуктан жайыт комитети менен биргеликте “Окторкой” жайытына бараткан жолду оңдош керек. Бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн биз долбоор жазып жергиликтүү бийликке өткөрүшүбүз керек. А ортодо ар кандай звенолор көбөйгөндө, гранттар жана дотациялар бизге жетиши кыйындайт. Мындай маселелерди чечиш үчүн суунун тарифин көтөрөлү десек Монополияны жөнгө салуу агенттиги колдогону менен Орловка шаардык кеңешинин депутаттары буга таптакыр каршы. Ошентип азыр эт менен челдин ортосунда кыйналып турабыз.

Галина ПОЛОМАРЕНКО, ишкананын Өндүрүштүк-техникалык бөлүмүнүн 1-категориядагы инженери, ишкананын ардагери:

– Мен ишканада 1995-жылдан бери эмгектенип келе жатамын, биздин ишибиздин 90 пайызы калк менен байланыштуу. Абоненттер ар кандай адамдар болгондуктан алар менен иштешүү өтө кыйын. Бюджеттик мекемелерден болсо Орловка шаарынын №1, №2 орто мектептерин, Орловка шаардык бала бакчасын, Орловка шаарынын мэриясын жана “Алтынкен ЖЧКсы” ишканасынын жатаканасын жылуулук жана суу менен камсыз кылабыз. “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамы боюнча жергиликтүү калкты муздак суу менен камсыз кылуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу болушу керек экен. Бирок бул милдет да биздин моюнубузда болуп жатат. Суунун тарифи болсо кое берилип жаткан суунун өздүк наркынан төмөн болгондуктан биз дайыма чыгаша үстүндөбүз. Анын үстүнө биздин ишкана чарбалык эсептеги мекеме. Суу берүү тармагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына берилсе алар ар кандай грант аркылуу жана “Таза суу” долбоору аркылуу акча каражат бөлүнүп, оңдоо иштери да натыйжалуу болмок.

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”