Коронавирус жуктургандар кескин көбөйдү. Абайлаңыздар…

22-июнга карата, акыркы сутка аралыгында коронавирусту аныктай турган 2 миң 289 текшерүү жүргүзүлдү. Өлкө боюнча 205 кишиден коронавирус илдети табылып, коронавирус жуктургандардын жалпы саны 3356га жетти. Саламаттык сактоо министри С.Абдикаримов бул тууралуу Өкмөт үйүндө өткөн маалыматтык жыйында билдирди.

Бишкек шаарында 82, Чүй облусунда – 33, Ош шаарында – 25, Ош облусунда – 20, Ысык-Көл облусунда – 10, Таласта – 19, Нарын облусунда — 6, Жалал-Абад облусунда 8 жана Баткен облусунда – 2 кишиден коронавирус илдети табылган.

Соңку бир суткада 10 бейтап коронавирустан айыгып, айыккандардын жалпы саны 2011ге жетсе, ошол эле учурда, акыркы суткада коронавирус жуктурган 3 жаран каза болуп, каза болгондордун саны 40 кишиге жетти. Коронавирус жуктурган 724 киши үй шартында, 571 бейтап ооруканаларда дарыланууда. 36 бейтаптын абалы оор, анын ичинен 11и жандандыруу бөлүмүндө. 155 адамдын абалы орточо оор, 380 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Эске салсак, 21-июнга карата коронавирус жуктурган 170, 20-июнга карата 192, 19-июнга карата 132 киши катталган. Бул сандардан көрүнүп тургандай, акыркы суткаларда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны кескин көбөйүп баратат. Акыркы үч суткадагы эле коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы көрсөткүчү март айындагы бир айлык көрсөткүч менен барабар болду. Коронавирус Бишкек мэриясынын кызматкерлеринен: башкы эсепчи жана уюштуруу бөлүмүнүн башчысынан табылып, андан соң Бишкек мэри А.Суракматов да коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Баарынан медицина кызматкерлерине кыйын болуп жатат. Соңку бир суткада эле дагы 26 медицина кызматкеринен: Бишкек шаарында – 6, Чүй облусунда – 3, Ош шаарында – 2, Ош облусунда – 4, Баткен облусунда 2, Ысык-Көл облусунда – 6, Нарын облусунда – 2 жана Талас облусунда 1 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Өлкө боюнча 582 медицина кызматкери коронавирус жуктурушуп, алардын 387и айыгып чыгышкан.

«Кыргыз Туусу» Болотбек Таштаналиев