Эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн

Коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык кырдаал начарлашы мүмкүн, ага карата даярдыкты күчөтүүнү камсыз кылуу шарт. Бул тууралуу Премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

-Күнүгө жарандардын арасында коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын саны көбөйүүдө. Өзгөчө Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда абал курч. Коопсуздук кеңешинин отурумунда айтылгандай, дагы бир жолу белгилей кетким келет, облус жетекчилери өзүңөргө тийиштүү аймактардагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча жеке жоопкерчилигиңер бар. Аймактарда абалды көзөмөлдөө боюнча толук кандуу иштер жүргүзүлбөй жатат. Коопсуздук кеңешинин бардык тапшырмалары, чечимдери сапаттуу жана өз учурунда аткарылышы керек, — деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, 118 кызматынын дараметин күчөтүү зарыл. -Коомчулук тарабынан бул кызматка чалуу кыйын болуп жатканына нааразылыктар түшүүдө. Эгерде жаран колл-борборго кайрылса, ага ыкчам түрдө тийиштүү колдоо көрсөтүлүшү керек, ал эртең мененкиге чейин күтпөшү керек. Колл-борбор күнү-түнү жана бүт өлкө боюнча иштөөгө тийиш. Кызматтын дараметин күчтөндүрүп, кызматкерлердин санын көбөйтүү зарыл. Кайрылган жарандарга өз убагында жардам көрсөтүүнү камсыздоо кажет, — деди ал.

Премьер-министр мамлекеттик лабораториялар анализдер кыска убакыттын ичинде чыгышы үчүн күнү-түнү иштөө режимине өтүүгө тийиштигин айтты. Мындан тышкары жеке лабораториялар тарабынан COVID-19 анализин алуу маселесин иштеп чыгуунун маанилүүлүгү белгиленди.

Премьер-министри Кубатбек Боронов Бишкектеги жана Чүй облусундагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча кеңешме өткөрдү.

— Биз аймактар аралык коомдук унаалардын ишин чектейбиз. Бул чаралар вирустун эпидемиологиялык абал жакшы эмес болуп турган Бишкектен башка облустарга жайылышын азайтат. Ошол эле учурда такси кызматтары, жеке жана жүк ташуучу унаалар тоскоолдуксуз жүрө берет.

Мындан тышкары жүргүнчүлөрдү 60-70% салуу талабын эч аткарбай жаткан жеке транспорттук компанияларга таандык маршруттук таксилерге карата ка-туу чараларды көрүү керек. Маршруттук унаалар адамдарды толтуруп салып жатканын көрүп атабыз. Бул жаатта тармактык кызматтарга жеке компанияларга карата белгилүү бир мезгилге лицензиядан ажыратууга чейинки таасир этүү механизмдерин карап чыгууну сунуштайм,- деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр мэриянын жетекчилигин турак жайлардын короолорун, көп батирлүү үйлөрдүн балдар аянтчаларын дезинфекциялоо боюнча иштердин жетишсиздиги үчүн сынга алып, бул чараларды күчөтүүнү талап кылды. Ошондой эле санитардык ченемдерди сактабаган коомдук тамактануу жайларынын, май куюучу жайлардын иши тийиштүү көзөмөлдөнбөй жатканы айтылды.

Кубатбек Боронов тез жардам унааларынынсанын көбөйтүү зарылдыгын белгиледи. — Социалдык тармактарда тигил, же бул ооруканада бейтаптарды кабыл албай жаткандыктары тууралуу маалымат таркатылууда. Азырынча мындай көрүнүштөр сейрек кездешүүдө. Бирок абалдын начарлап кетүү ыктымалдыгына даяр болушубуз керек жана мындай учурда орундардын жетишсиздиги маселеси келип чыгуусу мүмкүн. Медициналык тез жардамдын ишин координациялоо зарыл. Ооруп жаткан адамга чыгып жаткан ар бир дарыгерлер тобу коронавирус инфекциясы аныкталган учурда бейтапты кайда жайгаштыруусун так билүүсү керек, — деп билдирди ал. Өкмөт башчы дарты аныкталган бейтаптар үчүн кошумча орундарды түзүү маанилүү экендигин белгиледи.