Ак илбирс көрсөң атпагын…

Ак илбирс деңиз деңгээлинен 3350 метрден 6700 метрге чейинки Борбордук Азиянын: Гималай, Каракорум, Гиндукуш, Памир, Ала-Тоо, Алтай, Саян тоо кыркаларын жана Кунлундун аска-черлүү бийик тоолорун мекендеген жырткыч айбанат. Окумуштуулардын соңку маалыматы боюнча, дүйнө жүзүндөгү илбирстердин саны жыл өткөн сайын кескин азайып, ушул күндө жети миңге чамалуу калганы айтылат. Эң көбү Кытайда – 2000-3000дин тегерегинде, кийинки орунда Монголия турат – 500-1000. Ал эми Ооганстан, Бутан, Индия, Казакстан, Непал, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстанда 50-200дүн айланасында гана калган. Дүйнөнүн 12 мамлекетинин гана аймагында байырлайт.

1985-жылы өзү жоголуу алдында турган эсил кайран СССР ак илбирстерди жоголуп бараткан жана жоголуу коркунучунда турган жаныбарлар катары коргоо максатында Кызыл китепке киргизген. 2010-жылдагы такталган маалыматтар боюнча, илбирстер мекендеген бардык мамлекеттерде ьбул жырткыч жаныбарды атууга тыюу алынган.

Биздин өлкөнүн аймагында ак илбирстер Тескей Ала-Тоодо, Кыргыз Ала- Тоосунда, Талас Ала-Тоосунда, Чаткал, Какшаал-Тоо, Фергана жана Памир-Алай кырка тоолорун байырлашат. 2013-жылдагы маалымат боюнча Кыргызстанда 307 илбирс бар. Ысык-Көлдө – 129, Нарында – 23, Чүйдө – 52, Таласта – 24, Ош жана Баткенде – 27, Жалал-Абадда – 52.

Мына ошол саналуу ак илбирстердин бирин быйылкы жылдын январында Таластан ким-бирөөлөр мылтык менен атып, жарадар болгон илбирс 9-январь күнү Таластын Көк-Ой айылынан кармалган. Ак илбирс Бишкекке, Германиянын Кыргызстандагы Жаратылышты коргоо союзунун (NABU) кеңсесине апкелинип, ветеринардык кароого алынганда, анын денесине 70тен ашуун чачма ок тийгени аныкталган. Натыйжада, 1,5 саатка созулган операция жасалып, ак илбирстин денесинен 18 чачма ок алынган. Оң көзүнөн эки майда ок алынып, сол көзү мурда эле агып, бозоруп, көрбөй калганы билинген. Ошентип ак илбирсти аман сактап калганыбыз менен, ал бечара адам дардын жырткычтыгынан соо көзүнөн да ажырап калган.

Ал илбирсти колго түшүргөндөрдүн айтымында, илбирс там боюндай бийиктиктен өзү жерге түшкөн. Ал теректин башында отурганда эле жарадар экени билинип, денесинде кандын тактары болгон жана көзүнөн да кан агып жүргөн.

Таластан кармалган ак илбирс бүгүнкү күндө Ысык-Көлдөгү реабилитация борборунда. Таластагы ак илбирс кармалган окуяга улай эле, 11-январда Нарын облусунун Жумгал районунан да ак илбирс кармалды. Ал да Ысык-Көлдөгү реабилитация борборуна жеткирилген. Айтымда, Жумгалдан кармалган ак илбирс карылыгы жетип, тиштери түшүп, өз алдынча аңчылык кыла албай калган.

Таластагы ак илбирс денесине, көзүнө чачма ок тийип, айылга кирип келип, бактын башында отурган жеринен табылса, Жумгалдан кармалган карыган илбирс мал сарайга кирип келген. Айтор, эки учурда тең, илбирстер айылга, адамдардан баш паана, калканч издеп келишкен.

Окумуштуулардын иликтөөлөрүнө караганда, Кыргызстандагы ак илбирстер негизинен тоо текелер менен азыктанып, кар оор түшкөн мезгилде ылдый түшүп, аркар-кулжага аңчылык кылышат. Качан картайып, тоо текелердин артынан түшүп, кармай албай калганда, чымчык, чычкан, суур жана башка жандыктар менен деле азыктанат экен. Ал эми таптакыр айласы куруганда, карылыгы жеткенде, же октон жараат алганда быйылкы Таластагы, Жумгалдагыдай болуп, адамдар жашаган аймактарга түшүп, адамдардан башпаанек издеп калат экен.

Антип, ак илбирстер адамдан баш паана, калканч күтүп жатса, биз аларга кандай мамиле жасап жатабыз? Элдин эсинде болсо керек, 2016-жылдын 16-ян- варында Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Сырт өрөөнүндө ак илбирсти атып, терисин сыйрып, башын жүктөп келаткан 48 жаштагы киши кармалган. Ак илбирсти аткандарга карата жаза катаал. Мурда 500 миң сом айып пул каралса, азыр 1,5 млн. сомго чейин айып пул же үч жылга эркинен ажыратуу каралган. Арийне, мындай катаал чаралар деле адам жырткычтарын ойлонтпой көрүнөт.

2015-жылы да куду эле Сырт жайлоосундагыдай окуя болуп, 1972-жылы төрөлгөн Чүй облусунун тургуну жана 1969-жылы туулган Жалал-Абаддын жашоочусу мыйзамсыз аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалып, алардын үйүн тинте келгенде ак илбирстин териси, башы жана күрөң аюунун териси табылган. Көрсө, тигил эргулдар аң терилерди 8 миң АКШ долларына баалап, сатууга камынып жүрүшкөн экен.

Бул эмнени билдирет? Бул адам баласы айбанаттан өткөн жырткыч экенин, акча үчүн баарын бүлдүргөнгө, сатып ийгенге даяр экенин билдирет. Мүмкүн, мына ошол ак илбирске аңчылык кылгандар жыл өткөн сайын ак илбирстердин тукуму азайып баратканын, алар мамлекеттик деңгээлде коргоого алынганын, аларга көздүн карегиндей мамиле жасап, аларды коргоо керектигин билбестир. Айтор, кандай болгондо да адам баласынын жаныбарлар дүйнөсүнө карата жасаган жырткычтык мамилесин актоого болбойт. Арийне, биз, адам баласы ак илбирстерди коргоону мындай коелу, алардын азыгын кошо талашканга, тоо текелерге, аркарларга аңчылык кылганга өтүп алдык. Акыркы жылдарда тоо текелерге жана аркарларга мыйзамдуу да, мыйзамсыз түрдө да аңчылык кылгандардын катары көбөйүп баратат. Илгери, Кожожаштын заманында мергендер жокчулуктун айынан, бир айыл элди багуу үчүн аңчылыкка аргасыз барышкан экен. Ошондо да алар аң жаныбарларын ойгелди кыра берген эмес. Мейли, мергенчилик кылса да, түтөтмө мылтык менен кыйратып эмнени атмак эле? Атса бир кийик аткан, ашып кетсе экини аткан. Азыркынын Кожожаштары 1-2 миң метрден көзгө ата турган эң соңку куралдар менен куралданып, өңүп барып, мергенчиликтин убарасын тартып атпастан, алыстан эле атып, кутуруп жатпайбы.

Бүгүн илгеркидей жокчулук заман эмес, супермаркет, гипермаркеттерде азыктүлүктүн түрлөрү тирелип турат. Мергенчилик менен бир айыл элди багуунун эч кажети жок. Мунун өзү азыркылар көпкөндүктөн улам, кыларга иши жоктуктан улам, кийик уулап, ак илбирстин жемин талашып жатканы көрүнүп турат. Демек, азыркы мергендер ак илбирстин азыгын талашып, тоо текелердин тукумун курутуп жаткан соң, тоо теке жана аркарларды мыйзамсыз аткандарга аткандардын айып пулун да 1-1,5 млн. сомго көтөрүп, ал эми мыйзамдуу аңчылык үчүн да акыны 500 миңден 1 млн.го чейин көтөрүү керек. Мына ошондо гана биз ак илбирстерди коргогон болобуз.

Ак илбирстерди коргоо үчүн алар азыктана турган аңдарды да коргоо абзел.

Акыркы жылдарда ак илбирстерди сактоо боюнча бүтдүйнөлүк кыймыл башталып, Бишкекте да ак илбирсти сактоо боюнча эл аралык форум өтүп, ага илбирстер байырлаган он эки өлкөнүн жетекчилери жана өкмөт өкүлдөрү, эл аралык жана донор уюмдардын лидерлери, илимий мекемелердин кызматкерлери катышты.

Голливуд жылдызы Леонардо Ди Каприо да ак илбирстерди коргоо боюнча кыймылга өз салымын кошуп, ак илбирсти коргоого багытталган аракеттерге катышып келет. А биздин “жылдыздар” менен бири-бирине мергенчиликке барганын, тоо текелерге, аркарларга аңчылык кылганын айтып мактанганын угуп каласың.

Ушундан улам, ак илбирстерди коргоону мамлекеттик деңгээлде колго алынганы өз убагында жасалган иш-аракет болгонуна көзүң жетет. Бул багытта Өкмөт ырааттуу саясатын улантып, айып пулдардын көлөмүн көбөйтүп, ак илбирсти жана анын азыктарын коргоо иштери жүрүүдө. Ак илбирстердин санын эсепке алуу максатында GPS навигатор, фото-капкандар колдонулууда. Эң башкысы, ак илбирсти коргоо боюнча Кыргызстан алгачкылардан болуп коңгуроо каккан. Буюрса, ак илбирстердин тукуму үзүлбөй, Ала-Тоонун, Ала-Тоону каптаган мөңгүлөрдүн символуна айланат деген ойдобуз.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”