Алтынды иштетүүдөн эмне пайда, эмне зыян тарттык?

Кыргызстандагы кен байлыктарды инвесторлор иштетүүдө башка баалуу металлдар руда менен кошо сыртка ташылып жаткандыгына байланыштуу Жогорку Кеңеште рудага карата салыкты 7 пайызга көтөрүү демилгеленди.
Көпчүлүк депутаттар мамлекетибиз кен байлыктарга бай болгону менен андан аз гана пайда көрүп жатканын, андыктан сыртка чыгарыла турган рудаларга азыркы учурда салыкты 7 пайызга, ал эми 2023-жылдан тартып салыкты 10 пайызга чейин көтөрүү зарылдыгы бар экендигин сунушташты.

Айрым депутаттар мындай салыкты жогорулатуу жолу менен инвесторлор өлкөгө келбей каларын айтышса, кээ бири сыртка кыргыз тоолору менен баалуу кендер арзыбаган акчага казылып ташылып кеткендин ордуна өзүбүздө келечек муундарга мурас болуп тура берсин деген пикирлерин ортого салышты. Кеч болсо да мындай сунуш орундуу жана колдоого аларлык. Эгер, бул сунуш колдоо тапса, тоолорубуз казылып жок болуп кетпей өзүбүздө калат беле… Кыргызстандын бир нече аймагында кымбат баалуу кендер болгону менен андан мамлекетке канчалык пайда түшөт деген суроо ар бир жаранды кызыктырат.

Бизге жеткен маалыматтарга таянсак, “Кумтөрдө” – 26,9%, “Алтын кенде” – 40%, “Терек Сайда” – 25%, “Макмал голд-майнинг” компаниясында – 30%, “Жерүйдө” – 0%, “Сары Жазда”–0%, Иштамбердиде – 0%, мурдагы Орловка тоо-кен байытуучу комбинаты – азыркы “Астра” ЖЧКсында – 0%, “Кара Казык” алтын кенин иштеткен “Кайди” компаниясында – 0%, Кадамжайдагы “Шамбесайда” – 0%, Чаткалдагы “Жамгыр” кенин иштеткен “Казакмыста” – 0% , Солтон Сарыдагы “Бучук” кенин иштеткен “Жон жин – майнинг” компаниясында – 0%, аны менен катар ушул кенди иштеткен “Эгиз Төр Девелопинг” компаниясында – 25%, Баткендеги “Алтын Жылгада” – 0%, Кеминдеги “Ак Түздө” – 0% үлүшкө ээбиз. Алтын өзүбүздөн чыкканы менен кайсы кенди карап көрбөйлү, 50 пайызына ээлик кыла албайбыз.

Демек, жогоруда үлүштүк сандар көрсөткөндөй кен байлыктарды иштетүүдө инвесторго, экинчи тарапка киреше көбүрөөк түшөт. Ушулбу, тообузуду томкортуп алтындарыбызды каздыруудан тапкан пайдабыз? А кен байлыктарыбызды жеке компанияларга иштетүүгө берүү менен эмнеден уттурдук же зыян тарттык? Биринчиден, кымбат баалуу кендердин баары жайлоолордон чыккандыктан жайыттар тарыды. Жайыттардын жетишсиздигинен эки райондун элинин ортосунда нааразычылыктар жаралып, бири-бирин жайлоого чыгарбай, жол тосууга чейин барышты. “Кумтөр” кенинде казылган карьерде жер кыртышына доо кетип, тоо тектери жылып, адам өмүрүн алган учурлар катталды.

Буга чейин Барскоондогу каргашалуу окуяда сууга цианид  төгүлүп, айланасындагы айылдарга чейин эвакуацияланган. Ал эми “Макмалалтын” тоо-кен комбинатынын аймагына курулуп баштаган дагы бир жеке менчик компаниянын заводу өрттөлүп, адамдар жабыркап, териштирүү иштери бүгүнкү күнгө чейин уланып келет. Дал ушундай эле көрүнүш Чаткалдагы кен казган “Иштамберди” компаниясында болуп, жергиликтүү эл менен компаниянын кызматкерлеринин ортосунда жаўжал чыккан. Ошондой эле Узун-Акмат суусунун боюнда алтын чайкаган компаниянын ишмердиги талапка жооп бербегендиктен, суунун төмөн жагында жайгашкан Токтогул районунун бир нече айылдарынын жашоочуларынын өмүрүнө коркунуч жаралганы социалдык тармактарга жарыяланып, элди дүрбөлөңгө салган. Суусамырдагы Кара-Булак жайлоосунда алтын иштеткен компания 8 жыл бою алтын казып, кеткенден кийин иштетүүдөн калган калдыктар жайлоого чыккан малчыларга ыңгайсыздыкты жаратканы жергиликтүү тургундар менен эл өкүлдөрү тарабынан айтылды.

Ошондой эле Нарын облусунда алтын өндүргөн компаниялардын ишмердиги талапка жооп бербегендиктен малдардын ууланганы боюнча буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары айтып чыккан. Алтынды өндүрүүнүн технологиясында уулуу химиялык реагенттер колдонулгандыктан табиятка зыяндуулугу олуттуу. Аны иштеткен адамдардын өмүрүнө да терс таасир берери белгилүү. Бул макалада аталган тармакта жүз берген фактылардын айрымдарына гана токтолдук. Жогорудагы айтылган жагдайларды эске алганда деле кендерди сыртка ташууга карата салыкты 7-10 пайызга чейин жогорулатуу боюнча Жогорку Кеңеште көтөрүлгөн сунуш ылайыктуудай. Ошондо арзыбаган акчага (1000 сомго) сатып алган лицензия менен маарыйм деген айрым шылуундардын арам ою ишке ашпай, табият да таза бойдон калмак…

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”