Акжол Махмудов жаштар арасында Азия чемпиону болду

Кытайдын Тайчунг шаарында болуп өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов алдын медаль тагынды.

Финалдык беттеште балбан Акжол Махмудов 74 кг салмак категориясына чейинки Өзбекстандык каршылашын жыгып 4 упай алган. Андан соң күрөштүн аягында жеңишке жетишти.

Ошондой эле, аталган чемпионатта Жоламан Шаршенбеков 55 кг чейинки салмак категориясында күмүш медалга ээ болду. Ал эми Тынар Шаршенбеков 60 кг чейинки салмак категориясында коло медаль тагынса, Калидин Асыкеев 84 кг чейинки салмак категориясындагы финалдык оюнда Ирандык балбанга уттуруп койду.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *