Газ баллонду коопсуз колдон!

Бишкектин Сухэ Батор менен Юнусалиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги тез татым жайдан 15-июнда өрт чыгып, андан 25 жаштагы жигит мерт кетти. Алдын ала маалыматка караганда кырсыктын чыгышына газ баллондун жарылуусу себеп болгон. Катуу өрттүн кесепетинен ал жердеги ашкана, дарыкана күйүп кетти. Жалпысынан 450 кв.метр мүлк жарактан чыкты. Өрт өчүрүүчүлөр өз учурунда үлгүрүп калбаганда, жакын жердеги газ бөлүштүрүүчү подстанцияга өрт жетип, турак үйлөрдү кошо жарып салмак. Азыркы учурда тез татымдын ээси кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Андан эки күн мурда, Интергельпо көчөсүндөгү тез татым жайында дагы газ баллон жарылып, контейнерден курулган павильон чачырап кеткен. Бул окуя күндүз болгондо адамдарга оор зыян келтирилиши ыктымал эле. Газ баллонду колдонуу эрежесин эстен чыгаргандар кадам сайын кездешип жатканы өкүнүчтүү. Өлкөдө өрт кырсыгы боюнча биринчи кезекте жеке менчик тамдар, экинчи орунда коомдук тамактануу жайлары көп катталууда. -2018-жылы Кыргызстанда өрттүн алдын алуу боюнча эрежелердин топтому китепче болуп чыгарылган. Анда соода түйүндүн ээлери өрт коопсуздугун камсыздоого жооптуу экени жазылып турат. Биз канчалык эскертпейли, жыл сайын мындай жарылуулар такай катталып келүүдө.

Алардын кожоюндарына чоң өлчөмдөгү айып пул салынып, айрымды мыйзамга ылайык жаза алышууда. Өткөн жылдын жай мезгилинде Бишкектин Чүй-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишиндеги “Антошка” кафесинен чыккан өрт бир жаш кыздын өмүрүн алып, он чакты адамды жаракат кылганы тамактануу секторунун кожоюндарын эсине келтирген жок. Ошол окуядан кийин Бишкектин коомдук тамактануу жайларын кыдырып, өрт эрежелерин сактоо, өрт өчүрүүчү шаймандарды колдонуу тартиби боюнча түшүндүрүү иштерин өткөргөнбүз.

Бирок, канчалык эскертилгени менен алар кызматкерлерине талаптагыдай шарттарды түзүшкөн жок, — дейт, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын начальнигинин орун басары Азиз Бейшекеев. — Азыркы күндө республикадагы жүздөгөн коомдук тамактануучу жайлардын дээрлик баары газ баллон колдонууга өтүп алышкан. Анткени, электр энергиясына эт жакшы бышпайт, газга салыштырмалуу кымбат. Анын үстүнө, портер машинелерге жүктөп алып, аларга баллондорду бир заматта жеткирип берип турган кызмат иштейт. Эскерте кетели, баллон ашкананын сыртында, аба өтүп туруучу тешиктери бар темир шкафта сакталууга тийиш. Бул шартты эч ким эске албай, баллонду ичкери киргизип алып жатышат. Баллон жарылган учурда адамдар жаракат алып, өмүр кыйылып, көп материалдык чыгым келтирилүүдө. Эң кооптуусу, баллон менен плитка 3 метрлүү бир эле шланг менен туташтырылуусу тийиш болсо, алар шлангды бири-бирине улаштырып кошуп алып жатышат. Шлангдын кошулган жеринен газ чыгуу коркунучу эч кимди ойлондурбайт.

Көчөлөрдүн боюнда гриль бышырып саткандар өрт коопсуздугун сактоодон эч кабары жок. Күндүн ысык нуру баллонго тийбеши керек. Кайнаган ысыкта турган баллондун газ басымы көтөрүлсө жарылууга алып келүү тобокелчилиги чоң. Андан тышкары, күндүн ысыгы резина шлангда майда тешиктерди пайда кылат. Мунун баары чоң өрттүн чыгышына алып келчү көрүнүш, — дейт Азиз Арстанбекович.

Дагы бир көйгөй. Бишкектин Дордой, Ош, Аламүдүн ж.б. чоң базарларында өрт өчүрүүчү машинелердин ичкери кирүүсүнө эч кандай шарт түзүлгөн эмес. Унаа өтүүчү жолдорго чыгып алып, соода кылган жарандар алтынга бергис убакытты алып тоскоолдук кылышууда. Ичкери кире турган жолдорду унаа токтотуучу жайларга айлантып алышты. Эл жөөлөшкөн ири базарлардын көчө чекесине газ баллон оюп, тамак-аш бышырып саткандардан жол бошобойт. Быйылкы жылдын башында Бейшеналиева- Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги соода түйүнүнөн чыккан өрткө да өрт өчүрүүчүлөрдүн машинелери чоң тоскоолдуктар менен зорго киргенин айтып беришти. 2019-жылдын беш айында республикада 1193 өрт кырсыгы катталган болсо,быйылкы жылдын ушул мезгилине карата 828 өрт болуп, ал 30,6 пайызга кыскарган.

Бирок, бул пандемияга байланыштуу коомдук тамактануу жана соода жайлары жабык тургандыгы менен түшүндүрүлүп жатат. “Совет жылдары борбор калаада газ толтуруучу саналуу эле базалар бар болчу. Ал жерден маркировкаланган ар бир баллонго жооптуу адамдын номери жазылып, калкка таратылып турган. Азыркы күндө суюлтулган газды таратуу жеке менчик фирмаларга өтүп кеткендиктен, алар коопсуздук эрежесин толук сактабайт. Чоң базарлардагы контейнерлердин арасына баллондорду коюп алып, тамак-аш бышыргандарга каршы күрөш жүргүздүк. Алардын дээрлиги элден обочороок жерге чыгарылган. Айрыкча, “Дордой” базарында бул абал кооптуу болчу. Ал эми 2018-жылдын аягында Өкмөттүн атайын токтому менен бизнести колдоо максатында текшерүүлөргө чектөө коюлган. Анын негизинде биз түшүдүрүү иштерин гана жүргүзө алабыз. Тамактануу секторунун коопсуздугун текшерүүбүз үчүн жарандар арыз жазып кайрылуулары керек болот. Ошондон кийин биз Экономика министрлигинен уруксат алуубуз керек. Андан кийин, “Proverka.kg” сайтына катталышыбыз зарыл. Көрүнүп тургандай, бул өтө татаал жана узак процесс”, — дейт Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын өрткө каршы күрөшүү
 » Кыргыз Туусу» Нарынкүл Назаралиева