Советтер Союзунун Баатыры –Казак Жаркымбаев

Казак Жаркымбаев 1911-жылы Ысык-Көл өрөөнүнүн Таштак (азыркы Жаркымбай) айылында төрөлгөн. Бала кезинен жетим калып, көрүнгөндүн колунда жүрдү. Түйшүктү балтыр эти ката элек кезинен тартты. Бирок, чыйрак чыкты. Жаңыдан уюшулуп жаткан “Ийгилик” колхозуна алгачкылардан мүчө болуп кирип, эл менен камыр-жумуш иштешип жатканда, согуш башталып калды.

1941-жылдын ноябрь айында К. Жаркымбаев эл-жерин фашисттерден коргоо үчүн согушка аттанып кеткен. Үч ай аскердик машыгуудан өтүп, 95-гвардиялык Полтава дивизиясынын 287- аткычтар полкуна кошулуп, Молдавиянын Дубоссары кыштагын бошотууга жана Днестр дарыясынын аркы бөлүгүнөн фашисттерди кууп чыгууга катышкан.

Таң атып, күн нуру жаркырап тийип калган мезгилде душман- дын самолеттору бомба таштап, танкалары Днестр суусунун аркы өйүзүнөн чабуулга өтүштү. Сержант Жаркымбаев: “Аткыла!”- деп команда бергенде, үч жоокер замбиректи дүрмөттөп, фашисттердин танкаларын көздөй снаряддарды мөндүрдөй жаадырып башташты. Немецтердин танкалары биринин артынан бири өрттөнүп, жалыны асманга көтөрүлүп жатты. Днестр дарыясынын боюндагы кармашта, Жаркымбаев баштаган кыргыз жоокерлери душмандардын бешинчи жолку чабуулуна туруштук берип, алардын согуштук техникаларын талкалап, акыры миздерин кайтарышкан…

Казак Жаркымбаевге Днестрдин жээгиндеги салгылашта көрсөткөн эрдиги үчүн, кийин СССРдин Жогорку Советинин Президиумунун 1945-жылдын 24-мартындагы жарлыгы менен Советтер Союзунун Баатыры деген наам берилип, “Алтын жылдыз” медалы жана Ленин ордени ыйгарылган.

Ысык-Көлдүн баатыр уулу согуш аяктагандан кийин айылына келип, өзү мурда эмгектенген колхоздо бригадир, кийин башкарма болуп кызмат кылды. Колхоздор арасында алдыңкы катарда болуп, демилгелүү, жигердүү иштеди. Кийин узакка созулган оорудан улам, 1969-жылы кайтпас сапарга узаган.

Советтер Союзунун Баатырынын өлбөс-өчпөс эрдигин түбөлүккө сактап калуу макса тында, туулуп өскөн айылына жана бир көчөгө анын ысымын ыйгарганбыз.

Улуу Жеңиштин 45 жылдыгында айылдын чок ортосуна Казак Жаркымбаевдин эстелиги орнотулган. Анын айкели ар дайым жаш муунду мекенчилдикке үндөп турат.

Малик АККӨРПӨЕВ, Чоң-Сары-Ой айыл аймагынын ардагерлер кеңешинин төрагасы