«Алыкул Москвадагы Жеңиш парадына катышат»

“Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин директору Памирбек КАЗЫБАЕВ: «Алыкул Москвадагы Жеңиш парадына катышат»

Жакында Алыкул Осмоновдун орус, англис тилдерине которулган жана кыргызча ырлар жыйнагы жарык көрдү. Жыйнактын түзүүчү-редактору, “Алыкул үйү-борбору” коомдук бирикмесинин директору, акындын Бишкектеги, Чолпон-Атадагы үй-музейлеринин уюштуруучусу, Алыкул сыйлыгынын эки жолку лауреаты П.Казыбаев аталган китеп 24-июнда Москвада өтө турган Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата Россиянын Президентине бериле тургандыгы жөнүндө маалым кылды.

– Памир ага, китептин Москвада өтө турган иш-чарага баратышынын себеби эмнеде?

– Алыкулдун “Бүкөнтай”, “Покрышкинге”, “Жеңишбек” чыгармалары согуш маалын чагылдырса:

“Жеңиш күнгө салтанат,

Жеңгендерге салтанат.

Жеңгендердин атасы,

Сталинге салтанат”, – деген ыр саптарында 1945-жылдагы Жеңиш, 9-Май сүрөттөлөт. Ошондой эле, согуштан кийинки тынчтык мезгилдин ички коогалаңы – чыгармачыл жана илимий интеллигенция өкүлдөрүнө каршы жүргүзүлгөн репрессия 1948-жылы 24-октябрда жазылган айтылуу “Ата Журт” ырынын өзөгүн түзгөн.

Ал эми карапайым дыйкан менен колхозчунун, жумушчунун каарман түзүүчүлүк эмгеги, алардын адамдык жупуну, жогорку турпаты менен бейнесин көркөм сүрөттөө жана адамдын ички жан дүйнөсүнөн ойлордун ордосун жаратуу жагынан Алыкул акынга азырынча эч ким теңдешсиз экенинде талаш жок. Ал эми “Кеңеш кыргызы” поэмасында үркүн жана совет мезгилинин алгачкы учуру, “Кычан” ырында жамааттык чарба уюштуруу мүшкүлү, “Правда”, “Парт-билет”, “Чапаев”, “Биз Ленинсиз”, “Маяковскийге”, “Жолдош Киров”, “Командир кыргыз” ырларында советтик мамлекетти түзүүчүлөрдүн көрүнүктүү өкүлдөрү, каармандары жана аларды тарбиялоо, даярдоодогу партиянын орду сүрөттөлгөн.

Атүгүл: Адамдын эс-акылын камчыланып, Замана! Сен кайда шашып баратасың! – деген саптары азыркы информациялык технология закымындагы маалымат куумай агымына дал келип турганычы!..

– Демек, Алыкул Осмоновдун ушул чакан жыйнагы дүйнөлүк тарыхта таасын орду бар?

– Сөздүн ток этерин айтканда, падышалык бийликтин эзүүсүнөн, 1916-жылдагы кыргынынан кыргыз элин сактап калган Октябрь революциясын, илимге, билимге жеткирген жана байыркы маданиятыбыздын кайра жаралуу доорун түзгөн, “Манас” эпосунун дүйнөлүк деңгээлде таанылышына, Токтогул, Алыкул, Чыңгыз башында турган фольклор, поэзия, проза жагынан классикалык ийгиликтерге жетишкенибизге, 200дөй мамлекеттин катарында эгемендигибизди даңазалап Кыргыздын Кызыл Туусу желбиреп турушуна алып келген тарыхыбыздын ушундай улуу уютку-уңгусун улантып, кийинки муундарга өткөрүп берүүнүн жооптуу да, сыймыктуу да милдетин аткарганда гана Ата Журттун азаттыгы менен өнүгүп-өсүүсү үчүн башын сайган бабалардын арбактары ыраазы болмокчу. Ошондо гана азыркы муун келечектин, демек, небере-чөбөрө жана андан кийинки урпактар алдындагы милдетинен кутулат деп ойлойм.

– Алыкулчу катары, акындын чыгармаларынын дагы кандай жаңы өңүттөрүн көрө алдыңыз?

– Жер жүзүнүн соңку 100 жылдыгында көкөй кести маселеге айланып келаткан айлана-чөйрөнүн сакталышы, тазалыгы же экология жөнүндө кыргыздар эбак эле кулак кагыш кылганын “Кожожаш” дастаныбыз, “Аккан суу” жөнүндөгү акындарыбыздын зар какшаганы далил. Бул багытта Алыкулдун да өзүнө таандык орчундуу ою бар. Анын төмөнкү уламышын алалы:

Бир убакта элдин баары бир кудуктан суу ичип, айлана-тегерегин таза күтүп, ынтымакта жашачу экен. Ал эми балит аял күндө келип ушул кудукка балдарынын кир-когун жана өзүнүн булганыч нерселерин жуучу экен.

– Кой, сен кудукту булгаба, бизге жамандыгы тиет, – деп эл тарабынан нечен ирет айтылса да, аял тил албай коюптур. Күндөрдүн биринде ошол аялдын ыпластыгына, балиттигине чыдабай кудук ташып кетип, эл жашаган айылды, шаарды каптап кетет…

– Памир ага, эми бул жыйнактын же котормолордун мурунку эмгектерден кандай айырмасы жана окшоштугу бар?

– Бул жыйнакты түзүүдө Алыкул Осмоновдун 1964-жылы чыгарылган академиялык үч томдугу, 1990-жылы “Советский писатель” басмасынын “Библиотека поэта” аттуу чоң сериясында орус тилинде жарык көргөн “Стихотворения и поэмы” жыйнагы 1995-жылы “Кыргызстан-Сорос” фонду тарабынан кыргыз-англис тилинде чыгарылган “Көл толкуну” аттуу жыйнагы жана аталган басылмага кирбей калган ырлары колдонулду. Англисчеге орус тилинен которгон Уолтер Мэй. Жыйнактын англис бөлүмүнүн редактору Аида Памирбек кызы болду.

Советтик мезгилдеги ондогон орус акындары А.Осмоновдун 300гө жакын чыгармасын которушкан. Алардын ичинен айырмаланганы М.Синельников. Анткени, ал Алыкулдун котормочусу гана эмес, анык күйөрманы катары да эки жыйнагын түзүп (“Мой Алыкул”, Ф., “Кыргызстан” 1988. “Навек Иссык-Куль полюбила Нева…”, 2013 г.) ага жаңы котормолорду кошуудан тышкары, Алыкул поэзиясына эң жогорку баа берген баш сөздөрдүн да автору. Ошондой эле басылмага кыргыз сүрөтчүлөрү тарткан Алыкул Осмоновдун портреттери жана айрым архивдик фотолору колдонулду.

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз Туусу»