90 жылдыкка – 90 долбоор

Быйыл Ат-Башы районунун түптөлгөнүнө 90 жыл толот. Бул датаны белгилөө үчүн райондо бир топ долбоорлор ишке ашат. Бул тууралуу «Турмуштун» аймактык кабарчысына Ат-Башы районунун акими Нурбек Сатаров билдирди.

Анын айтымында, 90 жылдык мааракеге карата өтө турган иш-чаралардын бардыгы пайдалуу болушу керек. Мындан улам 90 долбоор ишке ашат. -Уюштуруу штабынын жыйынын өткөрүп сүйлөштүк. Быйылкы кырдаалга байланыштуу Ат-Башы районунун 90 жылдыгын той менен эмес, иш-чара менен өткөрөлү деп ойлонуп жатабыз. Кудай буюрса, “90 жылдыкка – 90 долбоор” деп иш баштадык. Ал кичи, чоў долбоорлордон турат. Мектеп, бала бакчалар курулуп баштады. Жолдор курулуп жатат. Ишканалар ачылып жатат. Ошол долбоорлор менен эле бирге кичирээк долбоорлорду да ишке ашыруу планыбыз бар, – деп билдирди райондун башчысы.

» Кыргыз Туусу» Жээнбай Түрк