Өзбек жаранына «жардам берген» чек арачылар эркинен ажыратылды
Мамлекеттик чек ара кызматынын үч кызматкери үч жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту чыгарганын Башкы прокуратура билдирди.
Кылмыш жана жаза кодексинин 204-берененин 1-болугу — мыйзамсыз миграция уюштуруу, 304-кызмат абалынан аша чабуу беренелери менен айыпталып, куноолуу деп табылган кызматкерлер жаза мөөнөтүн жатак-абакта өтөшөт.
Аскер прокуратурасы бул чек арачыларга 2017-жылдын 30-апрелинде «мыйзамсыз миграция уюштурган» деген негизде кылмыш ишин козгогон.
Аныкталган боюнча, 3 чек арачы 2016-жылы өзбекстандык жаранды жасалма паспорт менен мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөрүп, ал Стамбулга учуп кеткен. Түркиянын укук коргоо органдары аны кармап, кайра артка жиберген. Башкы көзөмөл органынын маалыматында Кыргызстанга келгенде да өзбек жаранын бул чек арачылар текшербей тоскоолдуксуз өткөрүп жибергени айтылат.
Сүрөт: © Sputnik / Евгений Епанчинцев