“Казак” эми “Талас” болобу?

Өткөн аптада Суусамыр жайлоосундагы малчыларга жакшы белгилүү «Казак» көпүрөсүнүн оңдоп-түзөөдөн кийинки ачылышы болду. Ага Өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев, өкүлдүн биринчи орун басары Чолпон Төрөкулов, төрт райондун акимдери, «Альянс Алтын» компаниясынын алдында түзүлгөн «Бакубат — Талас» фондусунун жетекчисинин орун басары Айдар Көчөрбаев, Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу жайыт комитеттер ассоциясынан өкүлдөр, ДЭП-36-ишканасынын кызматкерлери жана малчылар катышышты.

 Азыр силер оңдолуп, жакшынакай болуп калган көпүрөнү көрүп турасыңар, –деди Д.Кенекеев. – Былтыр келип көргөнүмдө абалы эң начар эле. Дээрлик 25 жылдан бери оңдолбогон, жыгачтары чириген көпүрөдөн малчылар мал жандыктарын айдап аркы бетке өтө албай турган болуп калган. Ошондон кийин көпүрөнү оңдогонго каражат чогултканбыз. Бирок ал жетишсиз болуп, андан аркы ишке «Бакубат – Талас» фонду чоң колдоо көрсөттү. Андыктан ынтымак жана биримдик менен оңдолгон көпүрөбүз келечектүү, ырыстуу болсун!

Иш чарада «Бакубат Талас» фондунун өкүлү Айдар Көчөрбаев билдиргендей, Ү.Өмүралиев атындагы айыл өкмөтү жана Талас районунун жайыттар комитети тарабынан «Альянс Алтын» компаниясынын алдында түзүлгөн «Бакубат Талас» фондусуна көпүрөнү жана ага карай кеткен жолду оңдоого кайрылуу түшкөн. Бул арызды фонддун байкоочу кеңеши жыйында карап 400 710 сом бөлүп берген. ДЭП-36-ишканасында иштеген, тажрыйбалуу жеке ишкер Асхат Жумалиев менен келишим түзүлүп, көпүрө сапаттуу оңдоодон өткөн.

Салтанаттын жүрүшүндө Чолпон Төрөкулов «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып» бүтүргөн ишти колдогондордун бардыгына ыраазычылык билдирди. Катышуучулар тарабынан жалпы журт колдосо “Казак” көпүрөсүн мындан ары «Талас» көпүрөсү деп атоо да сунушталды.

 

 

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *