Ат-Башыдан Бишкекке чейин жөө чуркап келген Оболбек Осмонбеков

Ат- Башы районунун Талды Суу айылынын тургуну жөө күлүк Оболбек Осмонбеков ушул айылдан жөө чуркап чыгып 5 суткада 400 км ден ашуун аралыкты чуркап өтүп, бүгүн Бишкек шаарына келип жетти. Спортчу бул  аралыкты  орто эсеп менен күнүнө 80 чакырым жолду чуркап өтүү менен басып өткөн. Оболбек Осмонбековдун айтымында , анын бул марафондук жөө чуркоосун  өзүнүн күйөрмөндары жана достору каржылап, Ат-Башы районунун мамлекеттик администрациясы колдоого алып, салтанаттуу узатышкан. Ал буга чейин бир катар эл аралык мелдештерге катышып, байгелүү орундарды жеңип келген. Алып айтсак буга чейин Москвада өткөн  50 чакырымдык марафондук жарышта биринчи оунду камсыз кылган. Ошондой эле Самаркан шаарында өткөн марафондо 3- орунга жетишкен.

Оболбек Осмонбеков быйыл күз айында Москвада өтүүчү 42 чакырымдык, андан кийин Россиялык жеке компаниялар өткөрө турган 42, 60, 80, 100, 110 чакырымдык марафондорго катышууга ниеттенүүдө. “ Бүгүнкү кырдаалда оору-сыркоо көп болуп жатпайбы,  мен жаштарды спортту сүйүүгө чакырып кетээр элем” деди Оболбек Осмонбеков журналисттерге берген маегинде.

 

Асел Сүйөркул кызы, Асель Раманкул кызы

 “Кыргыз Туусу”