Москвада тарыхый парад өттү

Быйыл Улуу Жеңишке 75 толду. Бул – СССР элдеринин жалпы жеңиши! Атургай кийин чилдей тараган СССР мамлекеттерин бири-бирине жакындатып, КМШ алкагында бириктирип турган да ушул – Улуу Жеңиш! Кыргызстан кан күйгөн майданга 400 миңге жакын жоокерин жөнөттү. Анын ар бир үчүнчүсү кайткан жок. Же чолок-мунжу болуп кайтышты. Алакандай эл үчүн бул орду толгус оор жоготуу эле. Ошол эле учурда Кыргызстандан 72 – Советтер Союзунун Баатыры, 21 – Даңк орденинин толук кавалерлери чыгышты. Дагы 150 миңден ашык жоокерлерибиз ар кандай деңгээлдеги орден-медалдар менен сыйланышты.

Мындан тышкары 36 миңден ашуун кыргызстандыктар Урал, Кузбасс, Караганды, Куйбышев шаарларындагы завод, шахта, башка дагы кен казуучу жайларга иштөөгө тартылышты. Бул жакта оорукта да оңой болгон жок. Ошого карабастан Кыргыз ССРи согуш башталгандан бүткөнчө 4,5 млн. пуд дан, 2,7 млн. пуд картөшкө, 2,8 млн. тонна эт, мындан тышкары Коргоо фондуна 4,5 млн. пуд дан жана 500 миң пуд эт жөнөткөн. Мунун артында оорукта калган карыкартаңдардын, ак жоолукчан апаларыбыздын, бели ката элек жаш өспүрүм балдардын мээнети жаткандыгын унута албайбыз. Коронавирустун капшабы тийип 9-майда Москвада өтпөй калган Жеңиш парады, акыры 24-июнда өттү. Анткени, 1945-жылдын 24-июнунда Улуу Жеңиштин урматына парад өткөрүлгөн. Өкүнүчтүүсү дагы эле болсо коронавирустун кесепетинен, ушул күнгө ылайыкташтырылган Жеңиш парадына катышууга Президент Сооронбай Жээнбеков баштап барган расмий делегация мүчөлөрүнүн экөөсүнүн коронавирус жугузуп алганы аныкталгандан кийин Президент Сооронбай Жээнбеков тобокелдикке салбай, кайра кайтты. Буга байланыштуу КРнын Президентинин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева төмөнкүдөй билдирүү таратты: “Алгоритмге ылайык, Москвага учаардын алдында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, делегация мүчөлөрү жана коштоочу адамдар – баары COVID-19га тест тапшырышкан. Бардыгынын жыйынтыктары терс чыккан. Москва шаарына келгенден кийин баары кайрадан тест тапшырышты, буга чейин айтылгандай, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана күзөт кызматынын бир кызматкеринен илдет аныкталды.

Мындан аркы алгоритмге ылайык, Президент Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышпоо чечимин кабыл алды. Анын катышуусу иш-чарага катышып жаткандарга карата жоопкерчиликсиз кадам катары бааланып калмак. 24-июнда Москвадан келери менен Президент Сооронбай Жээнбеков жана делегация мүчөлөрү коронавируска карата кайрадан тест тапшырышты. Мамлекет башчынын тапшырган анализинин жыйынтыгы таза чыкты. Президент Сооронбай Жээнбеков өз алдынча обочолонууда болууну улантат жана ишин алыстатылган тартипте жүргүзөт. Президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен күзөт кызматынын кызматкеринен коронавирус инфекциясы тастыкталды. Аларда илдет белгилери жок өтүп жаткандыктан, бүгүнтөн тарта үйдө обочолонуу шартында дарыланышат. Делегациянын калган мүчөлөрү менен коштоп барган адамдардын илдетке карата кайрадан тапшырган анализдери таза чыкты. Алардын өз алдынча обочолонуу шартында болуусу уланууда”. Бирок, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик делегациясы Улуу Жеңиштин урматына арналган бул тарыхый парадга катышып, өздөрүнүн мыкты даярдыгын көрсөтүштү. Советтер Союзунун Баатыры Калыйнур Үсөнбеков атындагы Аскер академиясынын параддык аскер бөлүгүн полковник Бекказы Түмөнбаев жетектеп барды. Биздин жоокерлер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу астында, согуштун алгачкы айларында Кыргызстанда түптөлүп, Москваны коргоодо эбегейсиз эрдик көрсөткөн генерал-майор И.В.Панфилов атындагы 8-гвардиялык мото-аткычтар дивизиясынын туусун көтөрүп параддан өтүштү. Жалпы алганда 13 өлкөнүн өкүлдөрү – Азербайжан, Армения, Беларусия, Индия, Казакстан, Кыргызстан, Кытай, Молдавия, Монголия, Сербия, Тажикстан жана Өзбекстан аскердик параддан өтүштү.

Темирбек АЛЫМБЕКОВ,

“Кыргыз Туусу