Элчинин экметтери Эдил БАЙСАЛОВ, Кыргызстандын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси: «Бул жакта Мекендин өнүгүшүнө түрткү бере турчу өтө чоң потенциал бар»

– Эдил мырза, элчилик кызматка киришкениңизге бир жылдай болуп калды. Улуу Британия менен Кыргызстандын алакасында айрым жылыштар байкалгансыйт. Эки өлкө ортосундагы учурдагы мамилеге кандай баа бересиз?

– Улуу Британия мамлекети азыркы дүйнөнүн эң ири державаларынын бири десек жаңылышпайбыз. Бир канча кылым жер шарын титиреткен ажайып бай тарыхы, адамзаттын маданиятына жана илимине мурунку кылымдарда кошкон эбегейсиз салымы зор. Азыр деле дүйнөнүн бешинчи ири экономикасына ээ. Ошондуктан бул Бириккен Королдук менен тыгыз, ишенимдүү мамиле түзүү жана эки элдин ортосунда достукту бекемдөө – биздин улуттук кызыкчылыгыбызда. Президентибиз Сооронбай Жээнбеков ушул айда Улуу Мартабалуу Елизаветага жолдогон катында айтылгандай “эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер үлгүлүү өнөктөштүккө карай өркүндөөсүн” камсыз кылышыбыз максат. Мамлекет башчы мени былтыр жайында Лондонго жолдоп жатып, акыркы жылдары Улуу Британия 700 миллион долларлык соода-сатыктын көлөмү боюнча батышта номур биринчи өнөктөшүбүзгө айланганы жана Кытай, Орусия, Казакстандан кийинки эле негизги өнөктөш болгонуна маани коюп, эки тараптын кызматташуусун баардык сфераларда активдештирүүнү жана деңгээлин жогорулатууну тапшырган.

Былтыр күзүндө Улуу Британиядагы кырдаал курчуп, саясий чоң толкундоолор болду. Эсиңерде болсо керек, 2016-жылы британиялыктардын көпчүлүгү Евробиримдиктин курамынан чыгуу чечимин референдумда колдоп добуш беришкен. Андан бери Тереза Мэй айым жетектеген өкмөттүн бир канча жолу ал чечимди ишке ашыруу пландары парламентте өтпөй, ошо мен Лондонго келээрдин алдында консерваторлордун Борис Жонсон жетектеген жаңы өкмөтү бекитилген. Мен саясат таануучу гана эмес, саясатчы эмесминби. Жеке өзүм ушул саясат менен тарыхка, медиа жана коомдук дебатка абдан кызыгам. 2019-жылдын сентябрь-ноябрь айлары тарыхта болуп көрбөгөндөй өтө кызык өттү. Күнүгө саясий аба ырайы өзгөрүп, Европадан качан жана кайсы шартта Британия чыга турганы белгисиз болуп, парламенттик көпчүлүк жана соттор жаңы өкмөткө бир канча ирет бөгөт коюшуп, иши кылса, интрига жана сенсацияга толгон саясий бир сезон болуп берди. Мунун баары абдан кызыктуу болгону менен, албетте, биз эки тараптуу кызматташуунунун шарттарын жакшыртууга мүмкүнчүлүк болгон жок, анткени британиялык тарап эмки жылы эмес, эмки айда эмне болоорун өздөрү билбей турушту. Баягыл бизде көп айтылчу, саясий туруксуздуктун кесепеттерин ушул Лондондо көрөмүн деп мен эч качан ойлогон эмес элем. Бир эле мисал, Жогорку Кеңештин делегациясынын бир канча жылдан бери даярдалып келген сапарын ишке ашырууга шарт болгон жок. Анткени парламент күз бою мына таркайт деп атып, декабрда мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыяланды. Ноябрда келген биринчи вице-премьер министр Кубатбек Боронов жетектеген өкмөттүк делегация да ошол шайлоонун тушунда келип калышты. Буларда “пардоо” деген бир принцип бар. Кетип бараткан өкмөтү келечекке байланышкан кандайдыр бир сүйлөшүүлөрдү жүргүзө алышпайт, көшөгө тартылгансып, бүт баары токтойт экен. Анан былтыр 12-декабрда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоолордо Борис Жонсон ишенимдүү 80 мандат көпчүлүк менен жеңишке жетишти. 31-январда “Брекзит” дагы ишке ашып, Евробиримдик мүчөлүгүнөн баш тартышып, февраль айында жаңы өкмөт курамы бекитилди. Эми күүлөнүп келатканда, март айы пандемия жарыяланып, толугу менен токтоп калгандай болдук. Мен ачык айтайын, ыраазы эмесмин. Көптөгөн пландарыбыз бир заматта жокко чыгарылса, жеке өзүмдүн кемчилигим катары кабыл алып, капа болдук. Бул глобалдык кризистин масштабы жана тарыхый мааниси бир канча апта өткөндөн кийин гана так көрүнө баштады да. Кандай болгон күндө дагы, эки тараптуу катыштарды жандандырып, шартка байланыштуу жакшы бир жаңы деңгээлге чыгара албасак дагы, азыркы глобалдык пандемия учурунда убакытты тек кетирбей, колдон келишинче жаңы ыкмаларды пайдаланып, алдыга жылдырууга аракеттенүүдөбүз.

– Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун арттырууга, өлкөбүздү британ жеринде жарнамалоого элчи катары кандай иштерди жасай алдыңыз?

– Улуу Британиянын башкалаасы Лондон шаары, тагыраак айтсак, Лондондун Сити деген байыркы бөлүгү бул дүйнөлүк финансалык системанын жүрөгү экени баардыгыбызга эле белгилүү. Жер шарынын кайсы гана булуң-бурчу болбосун, кайсы тармак экени айырмасыз, инвестициялык агымдар каякка жана кандай шартта бараары ушул жерде чечилет. Андыктан, мен бул жакка келгенге чейин деле, бизде ишке ашырылып жаткан эң ири инвестициялык долбоорлордун булагы Англия экен. Мисалы, мына биз азыр эң чоң үмүт арттырып жаткан Чаткалыбыздагы “Чаарат Зав” ишканасынын инвесторлору ушул жакта. Алар өздөрү абдан кызыкдар Кыргызстандын инвестициялык жагымдуулугун жакшыртууга. Анткени, биздин мамлекет канча инвестиция салымдарга коопсуз жана шарты жакшы өлкө катары бааланса, ошончо “Чаарат” дагы ыңгайлуу кредит жана инвестиция тартууга жол ачылат.

Ошондуктан былтыр алардын колдоосунда эл аралык инвестициялык форум өткөзө алдык. Ага бир канча дүйнөгө белгилүү фирмалар катышып, биздин өкмөттүк делегация гана эмес, жеке ишкерлерибиз дагы долбоорлорун көрсөтө алышты. Бул жакта пандемия жарыялана электе ай сайын ондогон инвестициялык форумдар өтүп турчу. Ошол жактарга биз катышып, мекенибизди көрсөтүүгө, англиялык гана эмес, дүйнөлүк эң ири инвестициялык фирмалар менен алака түзүп баштаганбыз. Бул, билсеңиз керек, бир күндө эле ишке ашып калбайт. Ишенимге кирүү — бул узак процесс. Анан, албетте, жалгыз эле элчиликтен көз каранды болсочу. Аттиң, акыркы жылдары бизде чет өлкөлүк инвесторлорго көз караш жакшы болбой жатпайбы. Мисалы, мына ушул быйыл кышында Атбашыдагы логистикалык борбордун ишке ашпай калганы баардык дүйнөлүк прессага жазылды. Анан жети миң километр алыска миллиондогон акчасын коротконду тим кой, өздөрү барып көргөндөн чоочуйт да.

Лондонду да айтып калдык, бул жер дүйнөлүк прессанын, жалпы коомдук пикирдин дагы баш калаасы. Ушул жерде чыккан “Экономист”, “Файненшнл Таймс” же “Гардиан” сыяктуу журнал, гезиттери, “Би-Би-Си” же “Скай Ньюс” телеканалдары, же “Рейтер” агенттиги кайсыл бир жердеги кырдаалды кандай жазып, англисче түшүндүрүшсө, дүйнөнүн баардык башка мамлекеттери өз тилдеринде ошентип жазышканын билебиз. Мен эл аралык журналистика чөйрөсүндө мурдатан эле жакшы байланыштарым бар эле, келгенден бери белгилүү бир өлчөмдөгү аракетим бул жердеги аналитик жана журналисттер менен жакындан таанышууга арналды. Бул жөнүндө көп айтып берсек болот эле, дагы бир башка күнү сөз кылсак болот го. Анан дагы Лондон бул эл аралык арбитраждын борбору. Мына азыркы убакта так ушул Лондон сотторунда Кыргызстан бир канча инвестициялык талашка катышууда. Эң белгилүүсү бул “Мегаком” боюнча чырды айтсак болот. Бир канча жылдан бери уланып келатат, ушул жылдын аягына чейин чечилсе керек. Анан, мен жанагы инвестициялык форумдарды айттым го, андан тышкары, ай сайын бул жакта эң чоң илимий-практикалык конференциялар жана өндүрүш көргөзмө жарманкелер өтүп турат. Аны бир күндө өтүп да чыга албайсың. Айтор, элчиликтин иши көп! Бул жакта Мекендин өнүгүшүнө түрткү бере турчу өтө чоң потенциал бар, аны туура пайдаланыш керек!

– Кыш айларында Улуу Британия ханышасы Елизавета II менен жолукканыңыз, премьер-министри Борис Жонсондун атасы Стенли Жонсондун Кыргызстанды мактаганы кыргызстандыктарга жагымдуу жаңылык болгон. Британиянын бийлик, парламент өкүлдөрү менен алакаңыз тууралуу айтып берсеңиз?

– Бул жерде менин эч кандай деле жетишкендигим жок. Лондон — эл аралык дипломатиянын тарыхый борбору экенин жакшы билесиздер. Протоколго жана салттарга өтө дыкат көңүл бурулат. Тарыхы, маданияты менен британиялыктар сыймыктанышат, дүйнөнүн баары суктанат. Мен жаш кезимден четти жакшы билгеним үчүн, дүйнөнү кезгенмин, тилинде таза сүйлөйм деп ойлочумун. Бирок сен студент же турист болуп келгениң бир, анан өзүңдүн мамлекетиңдин өкүлү, толук жана ыйгарымдуу элчиси катары келгениң башка экен. Өтө чоң сый көрсөтүшөт элчилерге. Мисалы, ошол эле ханыша айым менен жолукканда мен ойлогом, жөн эле тапшырып, бир заматта эле чыгарып ийсе деле мен миң мертебе ыраазы болмокмун. Бирок, көрсө, ар бир келген элчиге көңүл буруп, таанышып, маек кылат экен кадимкидей. Мен өтө таң калдым. Тан бердим! Көп жашасын Елизавета! Элестетиңиз, токсон төрттөгү ханыша жүз пайыз берилип, элдик кызматын аткарат. Кыргыздын кол өнөрүн көрсөтүп шырдакты тартууладык. Ошол тоолорубузда жазында ушундай түстөрдө кызгалдактар көк шиберде гүлдөйт деп айтып бердим. Небере ханзаадаларды жөнөтүңүз, элибиз тосуп алганга көзү төрт деп суранганымды жылуу кабыл алды. Дагы бир башка жолу принц Чарльз менен Кыргызстанга 1995-жылы болгон сапарын эстегенин айтып берейин. Британ куралдуу күчтөрүнүн баш командачысы мындан бир канча жыл мурун балдары менен эки жума атчан кезиптир. “Ушул күнгө чейин үй-бүлөбүздүн эң кызыктуу жана эске калаарлык эс алуубуз Кыргызстанда өттү” – деп айтып берди. Өкмөт башчынын атасы Стенли мырза дагы мактоосун аяган жок. Ал киши менен таанышып, кичи уулу Максимиллиан менен да тамактанганыбызда, тим эле Нарын шаарынын вокзалынын тегерегин айтып берсе оозум ачылып калды. Жалал-Абаддан Тогуз-Торо аркылуу ашыптыр. Мекенибизди жакшы эле билишет бул жакта. Эгемендүү мамлекет болгонубуздун бактысы мына ушунда экен да. Буга эмне жетсин!

– Парламенттик башкаруунун классикалык үлгүсү дал ошол Улуу Британияда экенин билебиз. Парламенттик башкарууга жаңы кадам таштаган Кыргызстандын британиялыктардыкындай ийгиликке жетээрине ишенесизби?

– Ооба, туура айтасыз, парламент жайгашкан Уэстминстр хансарайын англичандар “mother of parliaments” – дүйнө парламенттеринин энеси деп аташат экен. Сегиз жүз жылдан бери парламент элдик кызыкчылык үчүн талашып, тартышып, гүлдөгөн мамлекетти жарата алганына күбөбүз. Мен жеке өзүмдүн көз карашым, бизде көптөгөн формасын туураганыбыз менен, маанисин унутуп коюп атабыз. Мисалы, мен таң калганым, бул жакта төмөнкү палатада депутаттардын саны 650 киши. Булардын баары бир мандаттуу округтардан шайланып келишет, бирок бирден угуп бүткүчө убакыт жетпейт, албетте. Премьерге жумасына оппозиция лидеринен тышкары, ашып кетсе 6-7 эле депутат суроо берет. Лоторея менен чечилет. Кээ бир учурларда спикер каалаган депутатка сөз берет. Эмне суроо берээрин мурдатан кичипейилдикке алдын ала премьерге жазып да жибергендери жакты. Биз парламенттик маданият деп калабыз го. Ошону мына бул жактан көрдүм. Канча бийлик менен оппозиция бири-бирине каршы болуп турушса дагы, эч качан биздегидей асылмай жок. Өтө сылык!

Спикердин бийлиги абдан жогору ролду ойнойт экен. Кайра-кайра эле добушка сала бербестен, көп маселени өзү эле чечип салат экен. Анан көпчүлүктүн жетекчиси күн тартибин өзү өкмөттүн атынан киргизе алат экен. Тартипти фракция жетекчилери камсыз кылышат. Өкмөттүн баардык министрлери, министрдин орун басарлары, ар кайсыл мамлекеттик комиссиялары менен кошо жүздөй депутат иштейт. Жөнөкөй депутаттын айлыгына салыштырмалуу, министрдин айлыгы эки эсе көп. Ар бир кабинет мүчөсүнө оппозициянын көлөкө өкмөтүндөгү бекитилген оппоненти бар, алардын да ыйгарым укуктары күчтүү. Маалыматты толук берип турушат тийиштүү министрликтер. Кийинки жолу орундары алмашып каларын түшүнүшкөн алар кылымдар бою сакталып келаткан эрежелерди туу тутушат, толук сакталат. Эртеден кечке көп иштешет экен. Жөнөкөй депутаттары гана эмес, министрлер дагы округдарына жумасына жок дегенде бир күн барышып, аякта абдан тыгыз байланышта иштегенине күбө болдум. Ар бир бала бакчасына чейин, коомдук уюм, эмне болбосун чакырган жерине барып турушат экен. Майда чүйдө проблемасына чейин аралашып, сыймыктануу менен депутаттыкты алып барышат. Колдоруна кенен акча берилет. Ошол башкалаада экинчи там ижара алууга, жардамчылардын айлыктарына (көбүнчөсү аялдарын деле жумушка ала беришет экен), башка округдарда дагы бир же бир канча кеңсе жалдаганга каражат бөлүнөт. Бул маселелерге каражатты кенен бөлгөндөрү, ошол депутаттар аркылуу демократия сугарылат, алардын колу кенен болсо, элдин да бийлиги бекемирээк, кызматы да сапаттуу жана так аткарылат деп эсептешет. Эми жогорку Лорддор палатасы, албетте, башкачараак. Мына жыйырма жыл мурун реформаларга чейин, анда тээтиги ата бабадан мураска калган лорд аксөөктөр гана отурчу. Алардан азыр токсон мураскерин эле калтырышып, калгандарын сыйлуу жана атактуу коомдук ишмерлерге, юристтерге, мурунку депутаттарга, саясий технологдорго ардактуу лорд кылып жарыялашып, өмүр бою дайындашат экен. Чек жок болгондуктан, алардын саны азыр сегиз жүздөн ашып кетти. Жаштары да негизинен орто эсеп менен жетимиштен ашып калат экен. Булар айлык алышпайт. Жол киреси, жатаканасы төлөнүп, ошол палатага талкуу же добушка катышкандары үчүн күнүнө үч жүз фунт алышат экен. Өткөн айларда бир канча мыкты депутат менен таанышып, лорддор менен дагы буюрса келечекте кызматташууга жакшы дубал түптөп койдук деп айта алам. Биздин Жогорку Кеңеш шайланып келээри менен, эмки жылы парламент аралык кызматташууну күчөтөбүз деген пландарыбыз бар.

Маектешкен Эрнис БАЛБАКОВ,
«Кыргыз Туусу»