Кнопка басып көнгөнбү, жоопкерчилик өлгөнбү?

Чыдам түгөнгөндө чырылдамай

Парламент депутаттары жайкы каникулга тараардын алдында мыйзам долбоорлорун «пачкелеп» дүңүнөн кароо адаттары бар. Ошондой пленардык жыйынга келбегендер үчүн залда арыбери басып, добуш берип жүргөн «кнопка баскыч» депутаттар тууралуу видео соцтармактарга тарап, талкууга түшкөн. Жакында атамекенчи депутат Сайдулла Нышановдун «Азаттыктын» кабарчысы Бакыт Асановго берген жообу ошол талкууга от койгондой кайра тутантты. Ал жерде журналист жыйынга келбеген эл өкүлдөрү үчүн башка депутаттардын добуш берүүсү канчалык мыйзамдуу экенин сураган. Депутат Нышановдун жообун өзгөртүүсүз келтирели: «Эмне үчүн өзү катышпайт, эмне үчүн добуш берет деп… Эми бири-бирине ишенип алат экен да. Мен мактанбайын, ушул катарга 1 секундда добуш берүүгө көндүм. Себеби, көптөн бери ушундай добуш берем», — деди.

-Сиз канча депутатка добуш берип жүрөсүз?, — деп сурады кабарчы.

-Мен башында ушунун жарымысына чейин жетчү элем… Азыр келбей калса үчөөнө, келсе экөөнө добуш берем. Бирок, ушул жерде толук отурган төртөөбүздүкү эле бир айда 10 пайыз болушу мүмкүн», — деди.

18-июндагы ошол сессияда өлкө үчүн маанилүү болгон отузга жакын мыйзам долбоору каралып жаткан. Жыйынга келбеген депутаттардын ордуна кыдырып жүрүп, башка депутаттардын добуш бериши айтыла берип, ашмалтайы чыккан. Бул тууралуу журналисттер жазып да, тартып көрсөтө берип да тажагандай болдук. Бирок, депутат Нышанов өз кылыгына сыймыктанып, «мактанбайын» деп, кадыресе жумуш жасагандай айтты. Видеодогу депутаттын ушул жообун айыптаган фейсбук колдонуучулар тынымсыз талкууга алышты. Коомчулуктун айрым пикирлерин өзүндөй келтирип көрөлү дедик. Эрлан Алымбеков: «Ата Мекен» партиясынын эл караган бетин жер каратып келе жаткан депутаттын бири. Ата мекенчилердин он бирине өзү эле добуш берип койсо калган онунун эмне кереги бар?»

Асылбек Мойдунов: «Мыйзам кабыл алууда дагы добуштар уурдалат же сатылат экен да»

Айша Токтогулова: «Жок киши үчүн эмнеге добуш бериши керек?. Балким ал депутат каршыдыр?»

Аскар Өмүралиев: «Демек булар чыгарган мыйзамдардын баары жокко чыгарылышы керек».

Вера Муратбекова: «Эң жок дегенде кнопка басып, өз оюн билдире албаган депутаттардан кыргыз элине кандай пайда бар?. Бюджетке үнөм кылып, 45 депутатты эле шайласак жетмек», -дешти. Айрым жарандар эл ишенимин актабаган жоопкерчиликсиз депутаттарга катуу чара көрүү, ал түгүл мыйзам чегинде жоопко тартуу боюнча ойлорун жазышууда. Ушундан улам, «Кыргыз жолу» коо мунун төрагасы, журналист Кадыр Кошалиев Сайдулла Нышановдун үстүнөн Башкы прокуратурага арыз жазды. Бул тууралуу Кадыр мырза: «Атайын арыз түшпөсө ишти карашпайт эмеспи. Андыктан коомчулуктун жана өзүмдүн атымдан «Ата Мекен» фракция сынын депутаты Нышановдун башка депутаттар үчүн дайыма добуш берип жүргөндүгүнө байланыштуу Башкы прокуратурага арыз берүүнү туура көрдүм. Эл өз укугу үчүн күрөшпөсө болбой калды. Булар биздин үстүбүздөн билгенин жасай беришет экен. С.Нышанов бир жолу эле эмес, катарлаш отурган депутаттар үчүн да йыма добуш берип келе жатканын мактаныч катары айтып жатат», — деген. Баса, К.Кошалиевдин Башкы прокуратурага жолдогон арызын бел ги лүү юрист Клара Сооронкулова да колдоп: « ЖКнын регламентит жөнүндөгү мыйзамдын 85-беренесинин 4-бөлүгү боюнча депутат добуш берүү укугун башка депутатка берүүгө тыюу салынат», — деп келтирди.

Депутаттын добушу тамаша эмес…

Азыркы күндө депутаттардын «кнопка баскыч» жоругун айыптагандар арбын. Коомчулуктун койгон талабы туура. Парламенттик шайлоо босогодо турат. Бул жолу электорат саясий партиялардын катар тизмесин тыкыр карап, талдап жаңылбоого аракет кылышы керек. Парламент депутатынын добушу мамлекеттин тагдырын чечип коюучу күчкө ээ экенин кантип танабыз? Жогорку Кеңеш эл аралык деңгээлдеги келишимдерди ратификациялоодон өткөрөт, эң зарыл ички мыйзамдарды кабыл алат. Айталы, «Үзөнгү-Кууш» менен «Каркыра» маселелерине келгенде, кайсы депутаттын »макул» же «каршы» добуш бергени туу ралуу тарыхый документтер көтөрүлө калып жүрөт. Ал документтер макул деп добуш берген саясатчылардын кекиртегине сөөктөй кептелип калган. Талаштуу мыйзам долбоорлору каралган учурда кээ бир эл өкүлдөрү: «Талкууга катышкан эмесмин, менин ордума башка депутат кнопканы туура эмес басып коюптур» ж.б. – деп жоопкерчиликтен чыга качуулары да боло келчү көрүнүш. Жакында парламентте «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндөгү» мыйзам 1-окууда каралып жатканда депутат Жанар Акаев да ушинтип кутулду. Дегеле депутаттын добушунун баа-баркы тамаша эмес экенин эл өкүлдөрү качан түшүнөт Кыргызстан өз убагында жалпы регион боюнча алгачкы жолу биометрикалык таза шайлоо системасына бет алганын айтып мактаныч кылганбыз.

«Бир шайлоочу – бир добуш» принцибине өттүк, «карусель» сыяктуу эски адаттарды артта калтырдык дегенбиз. Чынында, заманбап технологиялар киргизилгени шайлоо участогунун ичи дээрлик таза, ачык болуп калды. Бирок, ка шайгыр «бироктун» баары шайлоо участогунун тышында өтүп жатат. Саясат айдыңынын айрым оюнчулары бере турган акчасынын көлөмүн азыртадан ачык айтып, «мурдагыдай 1000 сомго алданбагыла, 20000 сом берсе алгыла», — дегени да болуп жатат. Парламентке келе электе шайлоочунун добушун сатып алгандар, шайланып алган соң кнопканы өз бармагы менен басууну олуттуу нерсе катары көрбөй калары бышык.

Сессиядан качкандардын маянасы кыркылат

Парламенттин 5-чакырылышында Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетин жетектеген, азыркы КСДП фракция сынын депутаты Айнуру Алтыбаева: «Ар бир депутат өзү үчүн гана добуш берүүгө тийиш. Бул тууралуу ЖКнын рег ламентинде так жазылып турат. Айрым бир мыйзам долбоору боюнча фракция мүчөлөрүнүн баары бирдиктүү пикирге келиши ыктымал. Ошол маселе пленардык жыйында каралганда депутат командировкага кеткен, ооруп калган ж.б. орчундуу делген учурда фракциялашы үчүн добуш берүүгө жол берилет. Бирок, депутаттардын бири-бири үчүн ыксыз көп добуш берүүлөрүн четтетүү максатында парламентте чиптештирүү системасы киргизилген. Бүгүнкү күндө баарыбыздын компьютерибизде персоналдык чип бар. Чиптин кодун ар бир депутат өзү гана билүүгө тийиш болчу… Мен Регламент комитетинин төрайымы болуп иштеген жылдары да жыйындарга жүйөөсүз келбей калган депутаттардын маселесин карачубуз. Комитеттин чечиминин негизинде айрым эл өкүлдөрүнүн маянасы кыркылып ташталчу. Өз айыбын билгендери мага нааразы болуп келишчү эмес. Бир жолу эркек депутаттардын бирөөсү жыйындарга катышпаганы аз келгенсип, мени кекетип, жаңжал чыгарып кеткен. Эсимде, анын 50000 сом маянасынын 15 000 сому кесилип салынган болчу. Пленардык жыйындарды 30 жолу жүйөөсүз калтырса, фракциянын сунушу менен БШК депутаттын мандатын алып салат. Мындай жагдай 5-чакырылышта бир, алтынчы чакырылышта да бир ирет болду», — дейт. Ал эми белгилүү журналист Турат Акимов фейсбуктагы баракчасында бул депутаттын жоругун жасалма документ менен шугулдангандык катары карайт. «Эгерде бир депутат фракциянын мүчөлөрүнүн баары үчүн кнопка баса берсе, эл толгон бекерчилерди багуусунун кереги барбы?», — деп, КРнын Кылмыш кодексинин 359-статьясын келтирет. Бул сыяктуу пикир айткандар депутат Нышанов Конституцияны одоно бузгандыгын, бир адамдын жапырт добуш берүүсү мамлекеттик кылмыш менен барабар экендигин жазгандары дагы толтура.

Нарынкүл НАЗАРАЛИЕВА
«Кыргыз Туусу»