Коронавирус жок эмес бар… Атүгүл дүйнөнүн үшүн алууда…

Дүйнөлүк масштабдан алганда коронавирус тумоосунун илеби кайта элек. Тескерисинче, экономикасы асманды чапчыган, дөө-шаа мамлекеттердин белин майыштырып салды. Эксперттердин айтымында, анын айынан дүйнөлүк экономика үстүбүздөгү жылы 1,7- 4,4 пайызга төмөндөшү күтүлүүдө. Анын ичинде Кыргызстандын ИДПсынын жоготуусу да ушул көрсөткүчкө барып калат деген болжолдор айтылууда.

Дүйнөдө

Экономикадан мурда адам өмүрү, жалпы адамзаттын саламаттыгы биринчи орунда тураарын эске алганда, Бүткүл дүйнөлүк саламаттык уюму коронавирустун учурдагы ааламдык чабуулунун кесепетин – “акыркы жүз жылдыктагы апаат” деп атады. Мисалга, азуусу айга жанган АКШны алсак бүгүнкү тынчтык күндөрдө коронавирустан жоготкону 119 миңден ашты же болбосо алардын саны АКШнын Биринчи дүйнөлүк согуш, Вьетнам, Корея согуштарында кан майданда жоготууларынан да өтүп кетти.

Дагы фактыга кайрылсак, 24-июнга карата АКШда 2 млн. 279 миңден ашуун адам оору жугузуп алса (622133 миңи айыгып чыкты), бир суткада ооруга чалдыкканы 10416 адамды түздү. Бүгүнкү күнгө карата дүйнөдө 8,8 млн. адам ооруп жатса, анын ичинен каза болгону бир суткада — 405 миң адамга, (айыкканы 4,4 млн.) жетти. Мындан тышкары Бразилия — 47 748 миң, Улуу Британия – 42 373 миң, Италия – 34 514 миң, Франция – 29 606 миң, Испания – 27 136 миң, Россия -7660 миң адамынан айрылды.

Дүйнө ошол эле учурда коронавируска каршы вакцина жана дарылоодо тез натыйжа берүүчү дарыларды табуунун үстүндө түйшөлүүдө. АКШ, Кытай, Батыш өлкөлөрү ага каршы өздөрүнүн вакцинасын иштеп жатканы да белгилүү. Жакында Россия коронавирусту дарылоонун дарысын жана вакцинасын тапканын жарыялады. Ыктыярдуу 18 адамды эмдеп да жиберишти. Ал эми Россиянын Президенти В.Путин COVID-19га каршы дарысын “дүйнөдө эң сапаттуу” дары деп атады. Эгерде бардык сыноодон өтсө, күздөн баштап массалык эмдөө баштала тургандыгын айтышууда. Россиянын вакцинасына Индия баштаган дөө-шаа өлкөлөр эмитеден эле кезекке тура баштаганы айтылууда. Ошол эле учурда Россия өзүнө эң кеми 70 млн. Вакцина керектигин айтып, адегенде өздөрүн камсыз кылууну көздөөдө.

Демек, жакынкы аралыкта адамзатты чөгөлөткөн коронавирустун да эби табылып калчудай.

 Кыргызстан

Жогоруда коронавирус – экономикасы гүлдөгөн мамлекеттердин кантип эсин оодарып жатканын айтып өттүк. Бул цифралар “коронавирус жок” деген скептиктердикатуу ойлондурууга тийиш. Ал эми Кыргызстан бул тумоодон коргонуу үчүн болгон аракетин жасап жатат. Буга чейинки киргизилген өзгөчө кырдаал эрежелери, комендаттык саат чаралары ооруну бир кыйла азайткан. “Эми азайып калды го”,- деп карантин эрежелерин саал бошоңдотор замат, коронавирус оозун кое берген аттай тез жайылып кетти. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча акыркы суткада вирус жугузуп алган 228 адамдын катталышы баарыбызды ойлондурууга тийиш!

Оорунун жайылышына эмне себептер болууда? Кыргыздын “Башы оорубагандын Кудай менен эмне иши бар?” деген лакабы бар. Бүгүнкү күнгө чейин бул оорудан каза болгондордун саны 40ка жеткенине карабастан дагы эле кайдыгер мамиле кылуудабыз. Үйдөбү, көчөдөбү санитардык талаптарды сактабай жатабыз. Дагы бир мисал, Кытай соңку ирет бул оору Бээжинде чыкканда аскердик тартип киргизип жатып басты. Эли да санитардык талаптарды аткарып, оору андан ары жайылтылган жок. 1,5 млрд.га чукул Кытай калкы өздөрүнүн тартиби, уюшкандыгы менен коронавирусту жеңип келет.

Ал эми Кыргызстандыктар, анын ичинде Бишкектиктер карантинден кийин койдой эле жайылып кеткенибизди, анын айынан коронавирусту жайылышын шарттап алгандыгыбызды моюнга алышыбыз керек. Минтип отурсак кайра карантин жарыяланабы? Анда ансыз да эңшерилген экономикабыз, базар-учарга чыгып күнүмдүк оокатын кылган карапайым адамдарыбыздын абалы эмне болот? Же болбосо, буга чейин баарыбыз үйгө камалып, коронавирусту азайтабыз деген аракетибиз, медиктерибиздин, милиция кызматкерлеринин күнү-түнү уктабай кылган мээнети текке кетеби?!

Андыктан, кайда болбосун (көчөдө, коомдук транспортто, эл чогулган жерлерде) тиешелүү санитардык талаптарды сактагандан башка жол жок. Ушуну унтупайлы!

Темирбек АЛЫМБЕКОВ, “Кыргыз Туусу”