Жашайм десең эрежени сакта!

Кыргызстандагы абал карантин учуруна салыштырмалуу кескин курчуду. Бүгүнкү күнгө карата жалпы вирус жуктурган адамдардын саны үч жарым миңге чукулдады.

Акыркы маалыматтарга таянсак, вирусту жуктургандардын саны Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жогорулаган. Өзгөчө акыркы үч күн аралыгында өлкөдө жуктуруп алгандардын саны кескин жогорулап, бир күндө 205 жана 207 адамга чейин жетти. Мындай абалдын жаралышына коомдук тамактануучу жайларда, базарларда элдердин көп топтолушу, аны менен катар жарандардын өз өмүрүнө кайдыгерлик менен мамиле жасап, вирус жок деген ишенимде коомдук транспорттордо жана башка жайларда беткапсыз жана санитардык эрежелерди сактабай жүргөндөрү шарттагандай.

Буга чейин бул илдет менен сырттан келген мигранттар, чет өлкөдөн умрага барып келген жарандардан жуктурган жарандар, карапайым адамдар, ошондой эле аларды дарылап тыгыз байланышта болгон дарыгерлер оорушса, акыркы жумада вирус Жогорку Кеңешке чейин жетип, аппараттын үч кызматкеринен жана эки депутаттан чыкты. Андан сырткары эл менен тыгыз байланышта иш алып барган шаар башчысы Азис Суракматов, мэриянын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы жана башкы бухгалтери, буга чейин Нарын шаарынын шаар башчысы, Ош облусунун Араван районунун акими, Бишкектеги Ленин райондук акимиатынын жана Коомдук телерадиокомпаниянын кызматкерлери да жуктуруп алган. Ошондой эле “Билайн” мобилдик компаниясынын жетекчисинен да бул илдет табылганы жарыяланган. Вирус менен күрөшкөн республикалык штабдын маалыматы боюнча ооруканаларда орундардын жетишсиздигинен 16-июндан тартып бул илдеттин жеңил түрү менен ооруган 724 жаран үй карантинине жиберилген. Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримовдун айтымында коронавирус менен жабыркаган жарандар үчүн 1821 орун бар. Учурда оорулууларды Республикалык инфекциялык оорукана, Кыргыз-түрк ооруканасы жана Улуттук фтизиатрия борбору кабыл алууда. Улуттук госпиталда 120 орун, Бишкек шаарындагы Фучиктеги №1 оорукана да өпкө оорулары менен ооругандар үчүн даярдалган жана “Ак Кеме” отелин дагы стационар катары колдонуу каралууда.

Эл арасында кеңеш алуу үчүн 118 түз линиясына кайрылгандардын саны арбыганын, айрымдар түз линия аркылуу жеткиликтүү маалымат ала алышпай жаткандыгын социалдык тармактардан байкоого болот. Ал эми дүйнө эли бул вирус менен жабыркагандарды дарылоодо бир нече дарылардын түрүн колдонгону менен алар оң натыйжа берген жок. Бирок Англия жана Италия өлкөсүнөн алынган маалыматтарда жарандарды дарылоодо дексаметазон дарысын колдонууда 100 адамдын ичинен 99у он бир күндүн аралыгында сакайгандыгы айтылган.

Акыркы жумадагы кырдаалга жараша Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев элге кайрылуу жасап, учурда базарларда иштегендер ооруганын жашырып, элге жайылтып жаткандыгын, мэриянын кызматкерлерин бир жумага аралыктан иштөөгө жибергендигин жана ишемби, жекшемби күндөрү коомдук транспорттордун иштөөсүнө тыюу салынарын айтты. Анын айтымына караганда, бул илдеттин курчуган учуру үстүбүздөгү айдын үчүнчү декадасына туш келет. Эгер 15-июлда мындай көрсөткүч төмөндөбөсө, кайрадан Бишкек шаарын жабууга туура келет. Учурда өлүм менен өмүрдүн ортосунда күрөш жүрүп жатканда айрымдар вирус жок деп коомдук жайларда, транспорттордо тоготпой жүргөндүгүнүн кесепетинен вирусту жуктургандардын сары арбып, ооруканаларда орундар жетишпей, палаткаларды тиге турган жайлар караштырылып жаткандыгын аппарат жетекчиси өз кайрылуусунда кошумчалды.

Ошондой эле ар дүйшөмбү күндөрү бардык базарлар дезинфекциялоо үчүн жабылат. Ал эми коомдук тамактануучу жайлар кафе, ресторандар белгиленген эрежени сактабаса, бир айга чейинки мөөнөткө жабылары каралган. Буга мисал “Кайнар” ресторанында жалаң аттуу-баштуулар чогулуп, натыйжада ал бир айга жабылганын айтсак болот. Андыктан ар бир жаран жашайм жана башкаларга жугузбайм десе, болгону үч гана эрежени дайым сакташы кажет. Ал: санитардык эрежелерди сактоо, беткап тартынуу жана адамдардын арасында эки метр аралыкты сактоо.

Өлкө боюнча 24-июнда 207 адам жук- турган. Алар: Бишкек – 92, Ош шаарында – 43, Чүй облусунда – 35, Ош облусунда – 28, Нарын – 5, Ысык-Көл – 2, Жалал-Абад – 1, Талас –1. Буга чейинки республика боюнча үч күндүк көрсөткүч 170тен 205 адамга чейин жеткен.

Вера БЕДЕЛБЕК, “Кыргыз Туусу”