Аскага камалган мыйзам долбоору же мыйзамсыз аңчылыкты кантип мыйзамдаштырабыз?

Өткөн жылы Жогорку Кеңештин айрым депутаттары тарабынан «Кыргызстанда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоору демилгеленип, 2020-2030-жылдары Кыргызстандын аймагында аркар-кулжа, теке-эчки,элик, марал-бугу, доңуз жапайы жаныбарларына аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталган. Тилекке каршы, мыйзам долбоору өтпөй, депутаттардын демилгеси ар кандай себептер менен четке кагылып калды. Арийне, анткен менен жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий киргизүү күн тартибинде кала бергени талашсыз.

Айтыла турган сөз эле

Эмне үчүн жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушталууда? Биринчиден, демилгечи депутаттардын айтымында, жапайы жаныбарлар жыл санап азайып баратат. Экинчиден, Кыргызстан ак илбирстерди коргоо боюнча эл аралык келишимдерге кол койгон. Ак илбирс болсо мыйзамдуу аңчылык кылууга уруксат берилген аркар-кулжа, эчки-теке менен азыктанат. Эгер, ак илбирстер көбүрөөк байырлаган, территориясы кенен, тоолуу Нарын облусунун аймагында болжол менен болгону 8 миңден ашык кулжа, 12 миңге чукул тоо теке бар экенин эске алсак, анда өлкөнүн башка аймактарында аркар-кулжа, эчки-текелер андан да аз экени айтпаса да түшүнүктүү. Демек, ырас ак илбирстерди сактап калабыз деген эл аралык келишимдерге кол коюлган соң, жапайы жаныбарларга аңчылык кылууга мораторий киргизүү маселеси менен ак илбирстерди коргоо маселеси бирге карап, бирдей чечим кабыл алсак, Кыргызстандын бардык территориясында болбосо да, айрым аймактарында пилоттук түрдө болсо аңчылыкка тыюу салууга мораторий киргизсек туура болмок.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында аңчылык жана мергенчилик менен 52 юридикалык тарап шугулданып, мунун 42си жеке менчик аңчылык фирма, 9у коомдук чарба жана 1и мамлекеттик мекеме. Мурда 80ден ашуун фирмалар аңчылык иштерин уюштуруп келишкен.

Аңчылык уюштуруу иштери менен алектенген фирмалар үчүн бул тармак кызылдай киреше. Айталы, 2018-жылдан эле өз ишмердигин баштаган «Булат-М» жоопкерчилиги чектелген коому алгачкы жылы эле мамлекетке 1 млн. 762 миң салык төлөгөн. 2016-жылдан иштей баштаган «Диана-Тревел» ЖЧКсы 2018-жылы 1,4 миллион сом, 2008-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келаткан «Калкан и К» жоопкерчилиги чектелген коому 2018-жылы өлкө казынасына 2 млн. 686 миң сом, Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына караштуу «Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы» мамлекеттик ишканасы бир жылда 3 млн. 768 миң сомдук салык төлөгөнүн эске алсак, аңчылыкты уюштуруу тармагы кирешелүү тармак экени адис эмес адамга деле көрүнүп турат. Демек, бюджетке төлөгөнү эле ушунча болсо, өздөрү тапкан пайда да андан кем эмес экени түшүнүктүү эмеспи. Өлкө аймагындагы аңчылык кылууга уруксат берилген жерлердин жалпы аянты – 14,4 миллион гектар. Аңчылыкка 4 айга чейин гана уруксат берилет. Жапайы жаныбарларды атууга уруксат берилген лицензия үчүн түшкөн каражаттын 25%ы жаныбар атууга уруксат берилген айыл аймагынын жергиликтүү бюджетине, 40%ы Өкмөткө караштуу Курчап турган айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигине, ал эми 35%ы аңчылыкты уюштурган жоопкерчилиги чектелген коомдорго түшөт.

Мына ошол 35% деле оңбогондой акча. Болбосо, алакандай Кыргызстандын аймагында аңчылыкты уюштуруу иштери менен 50дөн ашуун ар кандай фирмалар шугулданбас эле. Жогорку Кеңештин 40тан ашуун депутатынын 2020-2030-жылдары Кыргызстандын аймагында аркар-кулжа, эчки-теке, элик, марал-бугу, доңуз сыяктуу төрт жапайы жаныбарга аңчылык кылууга мораторий киргизүү сунушу өтпөй калышынын бир себебин да мүмкүн ушул жактан издесек болчудай. Албетте, кайсы тармак болбосун мыйзамдуу иш жүргөнү жакшы. Бирок, ошол эле учурда мыйзамсыз аңчылык иштери да аз эмес. Өлкөнүн ар кай аймагында жашаган жергиликтүү элдер мыйзамдуу аңчылык менен катар, мыйзамсыз өтө өкүнүчтүү. Өткөн жылы демилгеленген «Кыргызстанда жаныбарлардын айрым түрлөрүнө аңчылык кылууга тыюу салуу жөнүндө» мыйзам долбоорунда айып пулдун көлөмүн гана көбөйтүү менен тим болбостон, 2 жылдан 5 жылга дейре эркинен ажыратуу сунушу да бекеринен болбосо керек.

“Аңчылыкка жөнөкөй адамдар чыкпайт. Жалаң гана колунда бар байлар, чиновниктер чыгат экен. Андыктан мыйзамды күчөтпөсөк биз бардык жаныбарлардан кол жууп калышыбыз мүмкүн”, – деген депутаттардын айтканында чындыктын үлүшү бар. Себеби, мамлекет жылына 400-500дүн тегерегинде жапайы жаныбарларды атууга мыйзамдуу уруксат берет. Ошол эле учурда жергиликтүү аткаминерлер андан он эселеп көп мыйзамсыз атып жатышканын эске алсак, эгер ушул темп менен кете берсек, анда кайберендерден кол жууп калышыбыз толук мүмкүн.

“Аңчылыкка уруксат берүү керекпи же мораторий киргизүү зарылбы?” деген суроо бүгүн да күн тартибинде турат. Анткени, мамлекет тарабынан 400- 500 тегерегиндеги жапайы жаныбарды атууга мыйзамдуу уруксат берилип, сырттан келген туристтерге аңчылыкка уруксаат берүүдөн мамлекет казынасына жыл сайын 50-60 млн. Сомдон каражат түшкөнү оңой аргумент эмес. Кеп, мында жергиликтүү атка минерлерди милиция начальниктерин, сот, прокурорлордун мыйзамсыз аңчылык кылуусун ооздуктоодо. Айтор, көйгөй бар. Бул маселеге көз жумуп койгондо болбойт. Эгер, зарылбы, мыйзамдуу уруксат берип, ошол эле учурда мыйзамсыз аңчылык кылгандардын жоопкерчилигин да дал ошончолук көтөрүү, тизгинин тартуу зарыл деп ойлойбуз. Кыскасы, бул багытта учурдун талабына шайкеш мыйзам долбоору керек. Болбосо, өзүн бүгүнкүнүн Кожожашы сезгендер өтө көбөйүп баратат.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ,
“Кыргыз Туусу”