«Кыргыз эпикалык жанрынын бүгүнү жана эртеңи»

Маектешибиз КРнын маданиятка эмгек сиңирген ишмер Камчыбек Дүйшалиев – кыргыз музыкасын түрдүү жанрда иликтеген илимий адис. Анын «Киргизская народная песня», «Композиторы Киргизии» (авторлош), «О киргизской народной музыке», «От съезда к съезду», «Песенная культура кыргызского народа», «Кыргызское народное музыкальное творчество» (Е.Лузанова менен бирге), «Кыргыз композиторлорунун вокалдык чыгармачылыгы» аттуу китептери, кыргыз музыкасы жана музыканттары жөнүндөгү көптөгөн илимий макалалары жарык көргөн.

– Камчыбек ага, дастан – оозеки эпикалык жанрдын  эң маанилүү бөлүгү. Андыктан, жыл сайын Салттуу музыка күнү белгиленип да жүрөт. Бул жанрдын алакыбалы тууралуу учкай кеп кылып берсеңиз?

– Дастан – саны жагынан көп, көлөмү жагынан узак жанр. Алардын жалпы саны отуздан ашат. Кыргыз элдик салттуу дастандар дүйнө жүзүндө жашаган бардык элдердин алдында. Ар бир дастандын формасынын масштабы көптөгөн бөлүмдөрдөн, миңдеген обондуу ыр саптарынан турат. Мисалы, «Толтой» чоң дастаны 324 ыр сабын, «Олжобай менен Кишимжан» кичине дастаны 126 ыр сабын камтыйт. Элдик дастандын экинчи аты — поэма. Ал аталышты изилдөөчүлөр койгон. Поэма – термин катары да, чыгарма катары да гректерден чыгып Европага тарап, Орусия аркылуу бизге келген.

– Кечиресиз, эпос менен дастанды көп учурда чогуу карап жүрөбүз?

– Эпоско, мисалы, «Манас» эпосуна салыштырмалуу, дастан жанры тематика жагынан көп түрдүү, аткаруучулук стили боюнча өзгөчөлөнүп турат. Анткени, төкмө акындар дастанды комуздун коштоосунда өзүнчө музыкалык кайрык-тема менен ырдашат.

– Бирок биздин өнөрпоздор арасында “дастанчы” деген термин көп
колдонулбайт?

– Антсе да, соңку жылдарда дастан чыгармачылыгы жаш дастанчылардын аракети менен өсүү жолуна түштү десек да болот. Жаш манасчылар менен кошо жаш дастан аткарган ырчылар көбөйдү. Токтогул атындагы улуттук филармонияда Эстебес Турсуналиев башкарган фольклордук топто иштеген Роза Аманованын дастанчылыгы жакшы өнүгүп, концерттерде дастандарды ырдап чы гып жүрүшпөйбү. Аманова Улуттук консерваторияда иштеп, өзү окуткан студенттерге дастанчылык өнөрдү үйрөтүп комуз менен ырдатып келет. Ошондой эле, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда С.Субаналиевдин сунушу менен салттык музыка жана фольклор кафедрасы ачылган. Тактап айтканда, ошол эле Р.Аманованын демилгеси менен Кыргыз Өкмөтүнө салттык музыка боюнча Улуттук Консерваторияда салттык музыка жана фольклор факультетин ачуу сунушталган. Жогорку Кеңештин депутаттары аны колдоп, 25-апрелди Салттуу музыканын күнү деген токтом кабыл алынган. Жыл сайын бул күн жумалыкка айланып жакшы уюшкандык менен бардык салттуу жанрларды камтыган конференциялар, кароо конкурстар, концерттер уюштурулуп, анын алкагында атайын дастан күнү деген иш чаралар өткөрүлүүдө. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда «Салттуу музыка жана фольклор» кафедрасы манасчы С.Көчөрбаевдин жетекчилиги астында иштеп, анда жаш таланттуу студенттер дастанчылык өнөрдүн андан ары өркүндөшүнө салым кошулду.

– Азыркы эпикалык чыгармачылык келерки замандарга, келечекке кандай таасир этет деп ойлойсуз?-

-Салттуу көркөм музыкалык маданияттын эртеңи жөнүндө сөз кылганда, эпикалык чыгармачылыктын потенциалы тууралуу ой жүгүртүп көргөнүбүз оң. Бул жанрдын мындан ары өсүшү болобу, же болбойбу, же ал бүгүнкү деңгээлде жашай береби? Мезгилдер өткөн сайын жаңы доорлор келет жана ага жараша социалдык-маданий талаптар өзгөрүлөт. Жаңы муун келет, алардын көркөм өнөргө болгон кызыгуусу тансформацияланат. Ошондо эпикалык чыгармачылык жаңы муундун көркөм эстетикалык татаптарына жооп берип, канааттандыра алабы? Ушундай суроого жооп издегенде салттык музыкага жана фольклорго жаңы көз караш пайда болоорунда шек жок.

– Эгерде салыштыра келсек, Европа өлкөлөрүнүн, биздин элдин да
элдик салттуу музыкасы, эпикалык чыгармачылыгы азыркы учурда жокко эсе. Же бул жанр азайып, эстрада ж.б. жанрлар өсүүдөбү?

– Албетте, мындай көрүнүш мыйзам ченемдүү нерсе, анткени, бул адамзаттык өнүгүүнүн жалпы мыйзамы. Бирок ошондой болсо да ар бир континенттин, анын ичинде ар бир элдин маданий жетишкендиги, искусствосунун өсүшүнүн ченөлчөмү ар башка болот. Ушул жагынан биздин улуттук эпикалык өнөрчүлүгүбүз өзгөчө мааниге ээ. Анткени улуттук эпикалык чыгармачылык идеялык мазмун жана аткаруучулук стил жагынан өтө бай жана уникалдуу көрүнүш. Азыр да ушундай.

– Эми эртеңки келе жаткан эпикалык чыгармачылыкка прогноз жасап көрсөңүз?

– Элдик салттуу, эпикалык чыгармачылыктын эртеңи бүгүнкүгө караганда сюжет, тематика каармандык – образдык жагынан жаңыланбаса да, жаңыча интерпретациялык методика менен өзгөртүлүп, болочок замандын идеологиялык саясатына туураланып түзүлөт. Эртеңки замандын жашоочуларынын эпикалык чыгармаларга болгон мамилеси, жаш муундардын муктаждыктарына эстетикалык даам, табитине туураланган жанрлар, формалар дагы да пайда болоору мыйзам ченемдүү нерсе. Ушундай эле мыйзам ченемдүүлүк эпикалык чыгармаларды салттуу түрдө тигил же бул индивидуалдык тилде аткаруу өтмөлүк (преемственностью) тартипте улантылат, жаңы муундагы манасчылар, дастанчылар келет. Ал эми изилдөө жагынан иштер күчөтүлүп, жаңы китептер, монографиялар, макалалар жарыяланат. Акындык өнөр мындан дагы өрчүп жаңы замандын темаларына, окуяларына арналган заманбап дастандар пайда болот. Ошого жараша дастан аткаруучулуктун жаңы стилдери, формалары келип чыгат. Демек дастанчылыкта окутуулар, изилдөөлөр, илимий парадигмалар (методологиялар) пайда болуп жаңы көз караштар келип чыгат. Дастанчылык өнөрдүн терминдерине жана жанрдык аныктамаларына толуктоолор, түзөтүүлөр киргизилет.

– Толуктоолор менен түзөтүүлөрдүн кириши – чыгарманын нукуралуулугун бузбайбы?

– Карап көрүңүз, «кенже эпос», «дастан», «поэма» терминдерин мурун айрым окумуштуулар орунсуз, тактабастан колдонуп келгендиги жашыруун эмес. Эми аларды азыркы илимий дифференциялоо методуна салып, өз орду менен колдонууга мезгил жетти. Дастанды «кенже бала» сыяктуу көрсөтүп, эпикалык чыгармачылыктын маанилүү тең жарымын «кенже эпос» деп жаш баладай кемсинткен түшүнүктү пайда кылгандай. Эбепке – себеп дегендей, «кенже эпос» термини эпикалык чыгармачылыкта мурунку изилдөөчүлөр тарабынан киргизилгендиги натура жана дастандын адекваттуулугун жоготот. Биздин оюубузча эски көз караштагы дастан жанры боюнча аныктама европацентризм деп аталган орус илимпоздорунун методикасын Орто Азияга анын ичинде кыргыз эпикалык чыгармачылыгына таңуулагандан келип чыккан. Демек, ал методика эскирип, жаңыланууга тийиш. Дастан жанры боюнча жаңыча аныктама киргизгенге далалат кылсак, анын төмөндөгүдөй формулировка менен жасасак болот. Дастан – бул мазмунтематикалык жагынан өтө бай жана ар түрдүү, обондуу ыр саптарынын санына жараша «чоң», «орто», «кичине» категориялуу көлөмдүү формадагы, дайыма аспаптын коштоосунда музыкалык поэтикалык же обонсуз ыр формаларда аткарылуучу узун, масштабдуу көркөм чыгарма. Келечекте кыргыз салттуу эпикалык чыгармачылык гүлдөп өсөт, жаңы доордун дастандары пайда болот. Дастанизмдин триумфу али алдыда.

Жыпара Исабаева  «Кыргыз Туусу»