«Менин озуйпам – чыгармачылык:жазам, изилдейм, котором»

Жазуучу Турусбек МАДЫЛБАЙ:

– Турусбек байке, сиз утур-утуру менен адабий процесстен четтеп кетесиз. 2010-жылдары Кыргызстанда жылдын мыкты жазуучусу аталсаңыз, Россияда “Русская премия”, “Добрая лира” адабий сыйлыктарын алдыңыз эле, анан эле жоголуп кеттиңиз. Акыркы он жылдан бери көрүнбөйсүз. Эмне менен алек болуп жатасыз? Жоголуп кеткениңиздин сыры эмнеде?

– Боке, өзүңүз жакшы билесиз го, адам баласынын турмушундагышундагы бардык иштердей эле чыгармачылыкта дагы ичи тарлык, көрө албастык деген өнөкөттөр бар. Мен алгач өз мекениме чыгармаларымды жазганы гана келип турчумун. Туура байкаптырсыз, биринчи жолу мен 2002­ — 2006­жылдары Токтогулга баса бергем. Ошондо «Күкүнүстүн» орусча котормосун, «Кичинекей Бердинин азаптарын», дагы майда-­чуйда чыгармаларымды бүтүрүп, анан кайрадан Бишкекке баргам. Ошол эки чыгармам тең Орусиядан эки эл аралык сыйлыкка ээ болду, жогорку бааларга татыды. Дал ошолордун өзү мага бир жагынан пайдалуу, бир жагынан зыяндуу болду. Далай кишинин ичи күйүп, үстүмөн ар кандай сөздөрдү чыгарышты. Экинчи жолу дагы өз жериме баса бердим. «Зилзала», «Toktogul­Liverpool», «Жусуп Баласагын» аттуу чыгармаларымды жаздым, алар үчүн эл аралык үч сыйлыкты Лондон, Кембридж, Берлинден алдым. Дагы бир топ кишинин ичи түтөп кетиптир, алар мени ушактап, жамандап, атүгүл ар кандай жолдор менен мага бут тосууларын баштады. «Ач кулактан тынч кулак» демекчи, мына, өз жериме кетип калуумдун себептери ушундай.

– Орус агаиндер “Русская премия”менен “Добрая лирасын” көрүнгөн эле жазуучуга бере бербейт, жаңылбасам Кыргызстандан бул сыйлыкка эки эле жазуучу татыктуу болсо керек

– Мурун экөөбүз эле болчубуз, азыр көбөйүп калды. Бирок «Добрая лираны»
Кыргызстандан жалгыз мен алдым. Сыйлыкты жөн эле ким берип койсун, албетте, көптөгөн чыгармалардын арасынан мыктысы тандалды да. Мисалы, «Русская премия» 400гө жакын чыгарманын ичинен утуп алган. Кийин уксам, «Күкүнүс» романым үчүн катуу талаш­тартыштар болуптур, калыстар тобу экиге бөлүнүп, бири­бирине таарынгандыктан азыр андай сыйлык жок, жоюлуп кетти. Ал эми кыргыз окурмандары дагы, адабиятчылары дагы алигиче романдын түп нускасында окуй элек. Түп нускада ал чыгармам, албетте, кыйла кызыктуураак. Себеби орусчага которуп жатканда, мен көп жерин кыскартып койгом, орустар түшүнбөй калбасын деп.

– Орус адабиятчылары баалаган чыгармаларды кыргыз адабиятчылары, кыргыз окурмандары баалай алыштыбы?

– Бааламак түгүл, кайра артыман далай ушактарды айтышпадыбы. Бирөө менден интервью алып, мен чыгып кеткенден кийин өзүнүн калемдештерине: «Аа, кокуй десе, бул сыйлыкты орусча жазгандыгы үчүн эле алган турбайбы!» – деп коёт имиш. Менден мурда ошол конкурска Кыргызстандан 52 жазуучу катышыптыр. Алардын арасында М.Байжиев, А.Иванов, С.Суслова, Т.Ибраимов ж. б. көптөгөн орус тилдүү жазуучулар бар экен. Бири дагы сыйлык эмес, узун тизмеге илинбептир. Казакстандан бир жазуучу: «Мен узун тизмеге илингем», – деп алигиче мактанып жүрөт. Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанды айтпай эле коёюн. Ал эми узун тизмеден кийин кыска тизме дегени бар, ага саналуу гана киши кирет. Анан акырында гана жеңүүчүлөр аныкталат. Ушул күнгө чейин «Күкүнүс» орус, иңглис, кытай, серб, түрк ж. б. тилдерге которулду, ал эми кыргызча эч бир басыла элек. «Зилзаланы» гана кыргыздар баалады, ал чыгармам үчүн мага эл аралык «Арча» сыйлыгынын Баш байгеси ыйгарылды. Ага экөөбүз чогуу катышпадык беле, эсиңиздеби?

– “Күкүнүс” кайсы жылдарда жазылды? Чыгарманын жазылышына эмне түрткү болду?

– 1986­жылы менин «Дубал» деген алгачкы китебим чыккан. «Бир гүзөрдүн баяны» деген кошумча ат менен басылган ошол чыгармамда мен бир көчөдө жашаган коңшуларга ар бирине бирден аңгеме арнагам. Ошондо бир аңгемем эле эч бүтпөй койду. Өсүп­чоңоюп отуруп ал акырында көлөмдүү чыгармага айланды. Ошентип акырында «Күкүнүс» аттуу роман болду. Мен китепти атама арнадым, анткени андагы окуялардын көбүн атамдан уккам, атам өзү дагы ошол каармандарынын бири. Жанагы ноокасты дарылап жүргөн кыз менин Жаңыл деген карындашым, ал эми анын атасы – менин атам. Чыгармадагы каармандар бүт чындан жашаган адамдардан жазылып алынган, азыр токтогулдуктар кимдин ким экенин көбү таанып жатышат. Орозкул болсо ошол Кетмен­Төбөдөгү райком, райаткомдордо иштеген кишилерден чогултулган кейипкер. Музтөр деген Токтогул шаарынын мурунку аты. Бирок роман жеке эле бир шаардын тарыхын эмес, кеңирээк бир жумурияттын, бир элдин, бир зор дөөлөттүн, адамзаттын бүт тарыхын, тагдырын өзүнө камтыйт. Окуя бирде Музтөр деген чакан шаардын тарыхын баяндаса, бирде бүт дүйнөнүн жашоо­тиричилигин, азап­кордугун, кыймыл­аракетин көргөзөт. Бул чыгармада СССРден Ленин, Троцкий, Сталин да бар, улуу франс ыңкылапчылары Марат, Робеспьер, Сен­Жүст дагы бар, дүйнөнү бүт титиреткен Гитлер, Наполеон, Чыңгыскан, Темирлан да бар, кыргыз тарыхындагы атактуу Манас, Шырдакбек, Кедейкан дагы бар, алтын чачтуу кыргыз падышасы Зарина Зарингар, Алай канышасы Курманжан­датка дагы бар, хан­манаптар Байтик, Жантай дагы бар, Кетмен­Төбөнүн болуштары Рыскулбек, Дыйканбай, Сыдык, Каратал, Байгазы дагы бар. Кыскасы, жердештерим китептен Кетмен­Төбөнүн тарыхын табат, мекендештерим Кыргызстандын тарыхын табат, бир кездеги оторчулар мурунку СССРдин, ал эми калган эл дүйнөлүк тарыхты табат. Анткени бүт дүйнөдө эле адамдар бирдей жашайт, бирдей ойлонот, бирдейсүйөт, бирдей кайгырат. Китеп мына ушул жөнүндө баяндайт.

– Жазуучу үчүн эмне башкы планда? Айта турган идеябы же темабы?

– Айта турган ой. Ар бир чыгармада кандайдыр бир ой айтылат, анан жазуучу ошол оюн окурмандарга кандай жеткирсе, ошого жараша анын чыгармасы бааланат. Кээде жазуучунун айтайын деген ою жакшы, бирок ал аны туура айтып бере албай коёт. Бул анын жөндөмүнө жараша болот. Айрым жазуучулар окурмандарга оюн жакшы жеткирет, ошондо эл аны кызыгып окуй баштайт. Ошону биз шык, талант дейбиз.

– Дүйнөлүк адабиятка киргиси келген кыргыз жазуучусу өз чыгармасын сөзсүз эле Батыш окурмандарына ылайыктап, сюжетине төшөк сценкаларын киргизип, белден ылдый түшүп кетиши керекпи?

– Биринчисинен, Батыш адабияты сөзсүз эле төшөккө барып такалбайт. Андай түшүнүктү бизге орустар таңуулап жатат, ал эми биздин окурмандар көбүнчө орусча окугандыктан, Батыш адабияты бүт ошондой турбайбы деген ойдо калат. Мына мен Америка менен Европа адабиятынан далай чыгармаларды түп нускасынан окудум, котордум. Татынакай эле чыгармалар. Ал эми орустар өздөрү тоталитардык аң­сезимде болгондуктан, бирде төшөк маселесин биротоло тыйып салат, анан бирде түшүнөн чоочугансып аны көбөйтүп жиберет. Эгер чынында эле ошондой болгондо, анда Батышта жалаң гана «менструация», «мастурбация», «кастрация» деп жаза берген С.Раевдин «Антистандарты», К.Сыдыкованын «Ит турмушу» чыга бермек да. Жакында бир гезит кыргыз адабиятындагы мыкты чыгармаларды иликтесе, кайсыл китептер эң көп окулганын билесизби? А.Шаршендин «Атасынан тууган кыз», «Ойнош», Н.Бейшендин «Жан кумарга жетеленип», К.Дүкөштүн «Президенттин ойношу» деген китептер эң көп окулат экен. Экинчисинен, Батыш жазуучулары турмушту болгондой чагылдырат, анын оң дагы, терс дагы жактарын көрсөтөт. Анын ичинде, турмуштагыдай эле эротика дагы бар. Бирок тигилер аны таңуулабай, табигый көрүнүш катары сүрөттөйт. Турмуштагыдай. Ал эми социалисттик реализмдин чынжырынан бошоно калган биздин жазуучулар анын бардыгын копол, орой­одоно көрсөтөт.

– “Көркөм чыгармада улуттук дух жыттанып туруш керек” деген ойго кандай карайсыз? Чыгарманын моралдык маселеси башкы планда турушу зарылбы, же зарыл эмеспи?

– Албетте, адеп­ахлактык, улуттук маселелер сөзсүз каралышы керек, бирок аныбыз улутчулдукка өтүп кетпеши дагы керек. Бизде аша чапмай адат бар эмеспи: эмнени жасасак дагы биз аны өтө апыртып­ашырып жиберебиз. Мына кечеги күнкү «жылаңачтар» менен «калпакчандарды» эле алалычы. Бири биротоло жылаңачтанып алды, экинчиси болсо калпакты беткап катары кийинип келди Байкасаңар, биринчилер жалаң орустар же орус тилдүүлөр, экинчилер болсо кыргыз калпагын кийгендер. Бирөө жарым: «Калпакчан кыргыз жигиттери орус кыздарды сабады», – деп айкырык салса эмне болот эле? Кимдир бирөөлөр ушинтип отуруп кыргыз менен орустарды чабыштырып дагы коюшу мүмкүн. Улут маселесине келгенде өтө этият болуш керек. Ал эмиөзүбүздүн адабият маселесине келсек, мен мындай демекмин: албетте, ар бир жазуучунун өзүнүн улуттук
өзгөчөлүгү болот; ар бир жазуучу өз улутунун тагдырын, көйгөйлөрүн чагылдырышы керек. СССР кезинде ушул маселени дагы кандайдыр бир саясатка айландырып жиберишкен, ошол өңүттө дагы эле келе жатабыз. Орус адабияты өзүнчө, улуттук адабияттар өзүнчө деп бөлүнчү. Бул шовинисттик көз караш эле. Орус адабияты эмне улуттук адабият эмес бекен? Ал деле кыргыз же грузин адабияты сыяктуу болчу, бирок аны атайылап бөлүп, бөтөнчө бир бийикке чыгарып алышкан. Ошол кездеги жайнаган орус
жазуучуларынан азыр кимди тааныйбыз? Чыныгы дүйнөлүк деңгээлдеги эки­үч эле ысым бар: Л.Толстой, И.Бунин менен М.Шолохов. Калгандары бизге күч менен таңууланган карапайым эле жазуучулар.

– Сиз атайылап татаалдаштырбай, жөнөкөй эле сюжет менен иштейсиз. Бирок, айта турган оюңуз омоктуу экени окуп баштаганда эле көрүнүп турат. Айрымдар атайы татаалдаштырып, окурманды жүдөтүп ийишет го.

– Баамдашымда, азыр экөөбүз тең бир эле жазуучуну же саналуу жазуучуларды эсибизге салдык көрүнөт. Ооба, андайлар дагы бар: алар атайылап түшүнүксүз чет элдик бир сөздөрдү, кыргызга анчалык таанымал эмес ысымдарды колдоно берет. Бирок мен так билем: алар өздөрү деле ошолорду толук түшүнө бербейт. Андай нерселерди колдонгону – алар окурманды өзүнүн билермандыгы менен таңгалдырып, эсин оодара дел кылып, ошонусу менен упай топтогусу келет. Ооздоруна алганы эле М.Пруст, Ж.Жойс, Ф.Кафка. Бирок сүйлөшүп көрсөң, алардын бирин дагы түзүктөп окуган эмес. Эсимде, мен Ростовдо окуп жүргөндө чет тилдердеги китептерди көп окучумун. Ошондо эле мен М.Прусттун «Жоголгон мезгилди издеп» аттуу чыгармасын француз тилинде окугам. Аны кыргызчага дагы которгум келди, бирок байкасам, ошол кезде ал китеп кыргызчага эмес,
жада калса орус тилине дагы которула элек экен. М.Пруст, Ж.Жойсту окуган карапайым окурмандар эмес, жазуучулар дагы сейрек учурайт. Аны авангард адабияты деп коёт. Анан ошолордой болом деп кыргыз окурмандарымды жоготуп алгандан мен корктум. Дал ошондуктан мен нукура кыргызча, кыргыз окурмандарына түшүнүктүү, жеткиликтүү тилде жазганды тандадым. Дал ошондуктан менин чыгармаларым орус, иңглис, француз, түрк, кытай ж. б. окурмандарга дагы жакын учурады көрүнөт, дүйнөнүн бардыгы которо баштады. Себеби, мен жогоруда айткандай, ал жактарда деле адамдар биздей жашайт, биздей ойлонот, биздикиндей турмушту башынан өткөрөт.

– Жазуучулук өнөрдү кимден үйрөнгөнсүз? Чыгарма жазып баштаганда, аны окурмандардын кайсы бир чөйрөсү үчүн ылайыктап жазасызбы?


– Ошол эле дүйнөлүк классиктерден үйрөнгөм. Бир чөйрөгө болжобойм, чын дилимден эле жаза берем, анан кимге жакса ошол окуйт. Ушул жагын атамдан үйрөнгөм. Ал киши сүйлөгөндө элдин бардыгынын оозу ачылчу. Атам бизге, уул­кыздарына, күнүгө кечкисин ар кандай кызык нерселерди айтып берчү. Кийин билсем, ал бизге кыргыз эпосторун, санжырасын, тарыхын бүт айтып берчү экен. Мектепте аларды окутчу эмес, бизге жалаң эле орус адабиятын үйрөтө берчү. Мен азыр дагы ошол атамдын ыргагына салып баяндайм. Кийинчерээк мен Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларын окуп калдым, ошондо гана мен кыргызча дагы жазса болот турбайбы деген тыянакка келдим. Ошентип мен ар кандай окуяларды кагазга түшүрө баштадым. Тогузунчу сыныпта окуп жүргөнүмдө эле эл аралык конкурстарга катышып, онунчу сыныпта Чилинин, Студенттердин эл аралык уюмунун сыйлыктарын утуп алдым.

– Бир жылдары АКШга чыгармачылык сапар менен барганда, Нобель сыйлыгынын лауреаты Орхан Памук менен эшиктеш жашадым дегендей болдуңуз беле? Азыр байланышып турасызбы? Анын чыгармачылыгына кандай баа бересиз?

– Орхан Памук жакшы жазуучу. Бирок мен АКШга аны менен бир маалда барган эмесмин. Мага коңшу үйдө жашаптыр, андан тышкары мага чейин ал жерде Ананта Мурти, Жон Чивер, Харуки Мураками жашаган экен. Памук менен менин байланышым жок, болгону анын чыгармаларын окуп коюп жүрөм. Анын ойлору дагы омоктуу, салмактуу келет. Орхан Памуктун дүйнөгө көз карашы абдан терең, жазганы дагы абдан кызыктуу.

– Ч.Айтматов, К.Каимов, А.Токомбаев, А.Саспаев, М.Гапаров баштаган кара көз чеберлеринин жолун улаган муун барбы? Болсо, алар кандай ийгиликтерге жетти, эмне кемчиликтери бар?

– Кыргыз адабияты абдан бай, бизде көптөгөн жакшы жазуучулар бар. Мисалы, Жылкычы Жапиевдин чыгармалары мага абдан жагат. Өзгөчө анын «Ырчы» деген аңгемесин окуп алып, мен чоң таасирде калгам. Ал аңгемени  И.Буниндин «Чангдын түштөрү», С.Крейндин «Ачык деңизде», Н.Короленконун «Макардын түшү» сыяктуу чыгармаларына теңейт элем. Кыргыз жазуучуларынын эң негизги кемчилиги: алар бирде социалисттик реализмдин туткунунан кутула албай, анан бошонгон ит биринчи жолуккан кишини капкансып, дароо эле авангардга жабыша калат. Көпчүлүк чыгармалар супсак, ойлору терең эмес, тайыз, ал эми калгандары, жанараак өзүңүз айткандай, түшүнүксүз, бир олуттуу ой бар сыяктуу, бирок эч кандай ою деле жок, жөн гана окурмандардын башын айланткандан бөлөк бир нерсеге жарабайт.

– Сиздин жаңы чыгармаларды качан окуйбуз?

– Мен четинен чыгармаларымды жазып, ар кайсы жерлерде бастырып жүрөм. Көбүнчө чет элдиктер кызыгат. Кыргыз басмаканалары дагы сурайт, бирок калем акыга келгенде эле качып жөнөйт. Мен жөн эле бере бербейм да, менин мээнетимди ким төлөйт? Мага бирөө этти же сүттү бекер берип жатыптырбы, менин чыгармаларым дагы өз баасына ээ. Баягыда бирөө минтет: «Биз дыйкандар элди багып атабыз, биздин азык­түлүгүбүз жок бир күн да жашай албайсыңар», – дейт. Мен ага минтип жооп кайтардым: «Сеникиндей бадыраң менен кызылчаны мен өзүмдүн эле короомдо өстүрүп алам, ал эми сен меникиндей китепти өмүрү жазалбайсың», – дедим. Ар бир нерсенин өз баасы болот да. Бирок жакында эле менин «Жусуп Баласагын» деген романым чыкты, «Кыргызфильм» киностудиясында менин сценарийим боюнча Карахан доору, Жусуп Баласагын жана Махмуд Барскани­Кашкари жөнүндө эки даректүү тасма тартылды. Бир жомогум Германияда басылып, аным үчүн Берлинден сыйлык алдым. Баягы экөөбүз чогуу катышкан «Арча» сыйлыгынын шарты боюнча, «Турар» басмасы менин китебимди чыгарышы керек эле, эмнегедир ал ал токтолуп турат. Буюрса, чыгып калса, балким, окуйсуңар.

– Тарых темасында көптөгөн иликтөөлөрүңүз бар. Аларды адабиятташтырайын деген оюңуз барбы?

– Азыр так ошолордун үстүнөн иштеп жатам. Алгачкысы болуп «Жусуп Баласагын» жарык көрдү. Кезекте Махмуд Барскани тууралуу баян турат. Андан нары дагы көрө жатарбыз. Карахан доорунан тышкары мен сактар доорун дагы жакшы изилдедим, ал боюнча дагы бир нече чыгармага даярданып турам. Акыркы маалда кыргыз­кытай тарыхына бир топ кызыга баштадым, буйруса, андан дагы бир майнап чыгабы дейм. Дегеле биздин тарых түбү менен бурмаланган экен. Дүйнөдөгү элдер бүт байыркы жыйырма уруктан тараган болсо, ошолордун бири кыргыз эли турбайбы. Азыр көп элдер андай эмес дегени менен баары бир түбү келип кыргызга такалат. Ошондуктан биз улут түзүүчү калк экенбиз. Көп изилдөөлөрдөн кийин мен ушул тыянакка келип токтодум. Кудай өмүр, тынччылык, аманчылык берсе, азыр мен ошол изилдегендеримдин бардыгын көркөм чыгармаларга айландырайын деген ниеттемин.

– Акын-жазуучунун баары адабиятты багынтканы шаарга келишет, сиз тескерисинче айылга кетип калдыңыз. Шаардан тажадыңызбы?

– Тажабай эле, шаар мага жагат. Мен далай шаарларда жашадым, иштедим, окудум. Дондогу Ростовдо университетте окуп, андан соң Маскөөдөгү дипломатиялык академияда окуп, эки жыл ошол жерде мектепте орус тилинен сабак берип жүрдүм. АКШдагы Айова­ — Ситиде дагы бир жагынан Айова университетинде окуп, бир жагынан өзүмдүн чыгармаларымды иңглис тилине которуп, Марк Твендин китептерин кыргыз тилине оодарып жүрдүм. Мен Азия, Жаарупа, Америкадагы көп шаарларда болдум, алардын турмушун ичинен билем, ошондуктан менин шаардан тажай турган оюм жок. Болгону ишти дагы иштеш керек, озуйпаны дагы аткарыш керек да. Менин озуйпам – ошол чыгармачылык. Мен чыгармаларды жазам, тарыхты изилдейм, китептерди бир тилден бир тилге котором. Ошол милдетимди аткарыш үчүн мага кайсыл жерде шарт болсо, ошол жакка кете берем.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ » Кыргыз Туусу «