Президент парламент жыйынына катышат

Бүгүн Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышат. Парламент жыйынында Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант беришмекчи.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» КРнын Конституциялык мыйзамынын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөт мүчөлөрү Мамлекет башчысынын катышуусунда ант беришет. Эскерте кетсек, Президент
С.Жээнбековдун коронавирус инфекциясына карата кайталап тапшырган анализи таза чыкты. Буга чейин Мамлекет башчысынын Москвадан кетип жатканда жана Бишкекке кайтып келгенде тапшырган эки анализи тең таза чыккан. Учурда Президент байланыштарды азайтуу максатында «АлаАрча» мамлекеттик резиденциясында алыстан иштөөнү улантып жатат.

» Кыргыз Туусу»  С Орозобеков