«Дартка каршы күрөшүүдө ар бир жарандын жардамы маанилүү»

COVID-19га каршы күрөшүүдө өлкөнүн ар бир жаранынын жардамы маанилүү, — деп билдирди Премьерминистр Кубатбек Боронов.

– Кооптуу вирус ар бирибиздин өмүрүбүзгө коркунуч жаратып арабызда жүрөт. Оорунун белгиси билинбей инфекцияны алып жүргөндөр өтө көбөйдү. Көбүнесе вирустун бар экенин байкабай, адам кокусунан аны жайылтуучу болуп калып жатат. Бул илдетти жугузгандардын санынын күн сайын өсүшүнө алып келүүдө. Биз дарыгерлер менен биргеликте ар бириңиздерден мүмкүн болушунча үйдө болууну өтүнгөнүбүз бекеринен эмес. Бул сиздин жана жакындарыңыздын саламаттыгы үчүн гана эмес, бүтүндөй өлкө үчүн маанилүү. Медицина кызматкерлеринин жөнөкөй талаптарын кармануу көптөгөн адамдардын өмүрүн сактап кала алат, — деп белгиледи Кубатбек Боронов. Ошону менен бирге Өкмөт башчы мекендештерден дүрбөлөң түшпөөнү өтүндү. – Жакында эле көпчүлүк жарандарыбыз вирус жок деген жалган маалыматка ишенип, адамдар көп жыйналган жерлерге барып жүрүштү. Дал ушул нерсе бүгүнкү биз күрөшүп жаткан абалга алып келди. Бирок азыр дагы адистердин сөзүн угуп, өтө зарыл болбосо үйдөн чыкпай турууга кеч эмес. Бул айрыкча жашы улгайган, тобокелдик жогору зонадагы жарандарга тийиштүү. Эң башкысы – дүрбөлөң түшпөө керек. Дүрбөлөңгө түшүү коркуу сезимин жаратып, натыйжада башаламандыкка алып келет. Ошондуктан мен жарандарыбызды сабырдуулукту сактоого жана чыдамкайлыкка чакырам. Вирустук инфекциянын биринчи белгилери аныкталган учурда дарыгерлердин талаптарын так аткаруу зарыл. Ошондо гана биз COVID-19ду биргеликте жеңе алабыз, — деп кошумчалады Өкмөт башчы. Премьер-министр эл көп жыйналган жерлерди текшерүүнү тапшырды. Кафе жана ресторандардын, базарлардын, ошондой эле шаардык жана аймактар аралык коомдук унаалардын иши алардын белгиленген санитардык-гигиеналык ченемдерди сактоосунан түздөн-түз көз каранды.

– Акыркы күндөрү COVID-19ду жугузгандардын саны кескин көбөйдү. Өзгөчө Бишкек жана Ош шаарларында илдетти жуктургандар көп болууда. Дароо эле айтайын, бүгүнкү күндө ооруканаларда орундар жетиштүү санда. Адистердин божомолунун жана биздин өз учурунда көргөн аракетибиздин негизинде даярдык көрүлдү, — деди Премьер-министр Кубатбек Боронов республикалык ыкчам штабдын кезексиз өткөн отурумунда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 28-июнга карата республика боюнча өлкөдөгү медициналык мекемелерде даярдалган 1976 орундун 1047сине бейтаптар жаткырылды. Калган 929 орун бош. – Учурда ооруканаларда орундар жетиштүү санда. Бирок акыркы учурда бейтаптардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу орундар тез эле толуп калышы мүмкүн. Ошондуктан жаңы орундарды даярдоо боюнча бир катар чаралар кабыл алынды. Мисалы: Воронцовкада 120, мурдагы Ганси авиабазасында – 600 орун даяр, «Ак-Кеме» мейманканасында жана № 1 шаардык ооруканада жана башка жерлерде орундар даярдалды. Ошондой эле өпкө оорусу менен ооругандардын саны көбөйүүдө. Алардын саны учурда 289 адамды түзөт. Өпкө оорусу менен ооруган бейтаптар үчүн жалпысынан 553 керебет-орун даярдалды. Бардык облустарда мамлекеттик органдар орундарды даярдоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө, — деди Өкмөт башчы. – Орундардын жетишсиздиги боюнча кооптонуу пайда болууда. Бардыгын ооруканага жаткыруу мүмкүн эмес. Дарыгерлер кармана турган атайын алгоритм жазылган. Кимге үйдөн дарылануу керектиги айтылса, алар режимди катуу сакташы керек. Алар аймактык дарыгердин көзөмөлүндө болушат, — депт үшүндүрдү Кубатбек Боронов.
 

Өткөн жуманын башында «118» кызматына күн сайын 40-50 тегерегинде чалуулар түшсө, учурда кайрылуулардын саны 13 эсе өстү. Ошондуктан адистердин санын көбөйтүү чечимин кабыл алдык. 118 кызматына кошумча күчтөр тартылат, — деди Кубатбек Боронов.

Премьер-министр медициналык тез жардам кызматынын ашыкча жүктөмүн белгиледи. — «103» кызматына Бишкек шаары боюнча эле өткөн суткада 4561 чалуу түшкөн. Медицина кызматкерлерибиз көп бөлүгүн тейлей алышты. Кээ бири телефон аркылуу кеңеш алышса, айрымдарына медициналык бригада барды. Бардыгына барууга дарыгерлерибиз жетишпей жатышат. Ошондуктан тез жардам унааларынын санын көбөйтүү чечими кабыл алынды- деп белгиледи Премьер-министр. Белгилей кетсек, кечээки күндөн тартып «118» жана «103» кызматтарына кошумча 20 тез жардам бригадасы чыкты Өкмөт башчы ошондой эле медициналык мекемелердин ишин күчөтүү үчүн аскер комиссариаттарында мобилизациялык иштер жүргүзүлүп, анда ар кандай деңгээлдеги аскерге милдеттүү медицина кызматкерлеринин тизмеси такталганын билдирди. Зарылдыкка жараша аларды кыска мөөнөткө чакырууну уюштуруга болот. Мындан тышкары медициналык жогорку окуу жайлардын медициналык факультети бар университеттердин жогорку курсунун студенттерин, ошондой окуу жайдын мугалимдерин ишке тартуу боюнча жумуштар жүргүзүлүүдө. Ишке тартылгандарга тиешелүү компенсациялык төлөмдөр төлөнөт.

«Кыргыз Туусу»  С Орозбеков

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *