6 жаштагы шахматчы коло байгеге ээ болду

Шахмат боюнча 7 жашка чейинкилердин дүйнө чемпионатында катышып жаткан Чыңгыз Султай коло байгени багындырды.

Румынияда өткөн окуучулар арасындагы планета биринчилигине катышты. Биздин өлкөнүн намысын коргоп чыккан 6 жаштагы шахматчы Чыңгыз Султай беш ирет удаасы менен жеңишке жетип, турнирдик таблицада биринчи келе жаткан. Бирок акыркы 4 турда эки жолу утулуп, 3-сапка жайгашты. Жалпысынан дүйнө чемпионатына 22 өлкөдөн 65 кичинекей шахматчылар ат салышты.