Убакыттан озгон лидер

6-июль – Казакстандын Туңгуч Президенти, Эл башчы Нурсултан Назарбаевдин туулган күнү 

Тарыхка көз салсак, мамлекеттик лидер болуу оңой иш эмес. Мындай касиет башкаларга караганда алысты көрө билген, күчтүүрөөк, өлкөсү үчүн көп жакшы нерселерди жасаган адамга буюрат.

Өткөн кылымдын 90-жылдарында жаңы эгемендүү мамлекеттер дүйнөгө келип, аларды Ельцинден баштап, Эльчибейге чейинки белгилүү жана белгисиз президенттер башкарды. Өкүнөрлүк болсо да факт, алардын эч кимисин Казакстан калкынын ийгилиги үчүн жан аябай эмгектенүүсүнүн аркасында дүйнөлүк деңгээлдеги тарыхый инсанга айланган Назарбаев менен бир катарга коё албайбыз.

Америкалык дипломатиянын атасы Г.Киссинджер: «Бардык улуу лидерлер өз катарынан жалгыз. Алардын кайталангыстыгы замандаштары байкай албаган чакырыктарды билүү жөндөмдүүлүгүнө байланыштуу», — деп жазган.  Н.Назарбаевдин кыраакылыгына жана тубаса стратегиялык көрөгөчтүгүнө бир нече мисалдарды келтирейин. 90-жылдары күжүрмөн либерализм постсоветтик мейкиндиктеги өлкөлөргө «түнкү күзөтчү» болгонго жарай турган улуттук мамлекетти курууну аёосуз жана атайы мажбурлады. Бирок, КМШ президенттеринен Нурсултан Назарбаев өз убагында чеги, багыты жана максаты анык эмес демократия коркунучун биринчи болуп байкады.  Демократия советтик мезгилдин Горбачевдук кайра куруу кезинде цунамидей кирип келген эле. Парламентарийлердин «митингдик демократиясы» башкаруунун өкмөттүк рычагдарынын сакталуусуна залакасын тийгизе баштады. Келжиреген парламенттин алдында жооптуу болгон, ар кандай депутаттык кландардан кысым көрүп алсыраган өкмөткө демократиялык идеалдар кол жеткис жомок болуп калды.

Мындай жагдайда башкы маселени чечүү керек болду: кайра курууну эмне-ден баштоо керек – экономикалык, социалдык маселелерди чечүү керекпи же саясий либералдаштыруу менен демократиялаштыруунубу? Буга байланыштуу КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин мамилелери бир-биринен айырмаланды: административдик ресурсту пайдалануу аркылуу саясаттан мурда экономиканы колго алган мыкты мамлекеттик бийликке таянуу же тескерисинче, алдыга саясатты коюу.

Нурсултан Назарбаев аткаруучу бийликтин тегерегине топтолгон күчтүү мамлекеттик бийликти, биринчи моделди тандап алды. Ошол учурда аны түшүнбөгөндөр болду. Транзиттик өлкөлөрдө Демократиялаштыруу күчтүү, жөндөмдүү мамлекеттерде болорун, экономикалык реформалардын сапаты жана жүрүшү демократиялуулуктун жана саясий системанын либерализминин даражасын аныктай тургандыгын тарых көрсөттү.

Н.Назарбаев багытынын тарыхый жактан тууралыгын бүгүнкү күндүн чындыгы далилдеп турат. Учурда кечээ гана ХХI кылымдын башкы жетишкендиги деп саналган тектоникалык деглобализация жүрүшүндө биринчи планга улут-тук мамлекет чыкты. Ар бир өлкөнүн, ар бир улуттун тагдыры глобалдык институттардын эмес, өздөрүнүн колунда экендигин турмуш тастыктап жатат.  30 жыл мурда Назарбаевдин мамлекеттик аралаш саясий системаны куруу боюнча чараларды кабыл алганы чоң көрөгөчтүк болгон. Учурда бүткүл дүйнөдө либералдык демократияга иренжүү күчөп бара жатат, термелгич жебеси чукул авторитаризмге карай ооду.

Баса, Франциянын президенти Э.Макрон «демократия модадан чыкты» деп айтты. Муну 30 жыл мурда эле Назарбаев билген, батыш лидерлери эми түшүндү.

Чындыгында, мамлекеттик башкаруусу авторитардык жана либералдык өлкөлөрдү салыштырар болсок, аларда окшоштук көп, бирок авторитаризм күн өткөн сайын өзүнүн натыйжалуулугун көрсөтүүдө.

Ошентип, демократия авторитаризмден кандайча өзгөчөлөнөт?

Айрым элементтер, мисалы, мыйзамдын үстөмдүүлүгү авторитардык режимде да таанылган.

Экинчиси, мисалы – бийликти бөлүштүрүү авторитардык режимде да орун алган жана татаалыраак жана азыркы заман-бап президенттик-парламенттик системалардын атрибуттары болуп табылат.

Үчүнчүсү – жалпы жана тең укуктуу шайлоо аркылуу бийликти легитимдештирүү авторитардык да, демократиялык да режимдерге мүнөздүү.

Төртүнчү – авторитардык модель демократиялыктан айырмаланып, бийликтеги саясий элита төбөлдөрүнүн алмашуу мүмкүнчүлүгүн карабайт деп айтылат. Алардын пикиринде, так ушул жагдай демократиянын авторитаризмден жалгыз жана принципиалдуу өзгөчөлүгү деп эсептелет жана мамлекет башчынын дайыма алма-шып туруусу Батыш демократиясынын негизги белгиси деп тастыкталат. Болуптур, өлкөсүн жарым кылым же андан көп башкарган европалык монархтарды жайына коёлу.

Төрт жолу катарынан шайланган (факт жүзүндө өмүр бою президент болгон) АКШнын президенти Франклин Деланону эске түшүрөлү. Анын президент болгон учурунда АКШда демократия болгонуна Батышта эч ким күмөн келтирген эмес.

Британия менен Италияда премьер-министр, Германияда канцлер болуп узак иштей берүүгө болот. Дегинкиси, бул өлкөлөрдө аткаруу бийлигинин башчылары кеңири ыйгарым укукка ээ. Британияда парламенттин депутаты, парла-менттик көпчүлүктүн лидери жана бир мезгилде премьер-министр катары өтө мартабалуу башчы мыйзам чыгарууну аткаруу бийлиги менен кошо өз ыйгарымына алган.

Бул көз караш менен карасак, Казакстан менен Азербайжандын президенттеринин бийлиги демократиялуулук, мындайча айтканда, легитимдүүлүк жагынан АКШнын президентинен, Улуу Британиянын премьер-министринен же Германиянын канцлеринен ашып түшөт.  Ошондой эле, авторитаризм өлкөлөрдүн көптөгөн өнүгүү көрсөткүчтөрүндө утуштуу абалга алып келди. Россиялык белгилүү саясатчы Радзиховский төмөнкүдөй мисалдарды келтирет:

Мурдагы СССРдин «демократиялык» республикаларынын калкы (Прибалтика + Украина + Молдова + Грузия + Армения + Кыргызстан) 1989-жылдан баш-тап 2018-жылды кошо алганда 72 миллиондон 60 миллионго азайды, ал эми «авторитардык» өлкөлөрдө (Борбордук Азия, Кыргызстандан башкасы, Казакстан + Азербайжан + Белоруссия) калкы 66 миллиондон 84 миллионго көбөйдү.

Же ИДПны алалы. Бүткүл дүйнөлүк Банктын 1990-2017-жылдар үчүн маалыматынын 2011-жылдагысын алсак, ошол эки топтун «авторитардыгында» ИДП доллар менен эсептегенде, 386 Миллиарддан 1075 миллиардга өскөн,«демократиялык» топто 690 миллиард-дан 610 миллиардга төмөндөгөн.  Президент Нурсултан Назарбаевдин бул жаратмандык эмгекте салымы өтө чоң. Эгемендиктин алгачкы жылдарында эле анын лидерлик сапаты анык көрүндү.  Кырдаалды дароо түшүнүп, ал элдин алдына терең ойлонулган, келечектүү жана реалдуу максаттарды койду. Салмактуу саясаты жана ишти так уюштуруусу менен ал мекендештеринин белгиленген мерчемдердин аткарылышына ишенимин бекемдеди. Анын билгичтик жетекчилигинин аркасында Казакстан эки он жылдыкта өнүккөн мамлекеттердин катарына кошулду.

Баса, либерал Батыштын рецепттерин, асыресе, коррупциялык-Криминалдык жосундарды жасаган биздин мурдагы үч президенти-биз азыр кайда?..

Өлкөнүн борборун түндүктөгү Целиноградга көчүрүү боюнча фантастикалык идеясын ишке ашыруу үчүн Назарбаев кандай гана ченемсиз күч жумшаганын айтпай кетүүгө болбойт. Коомдун белгилүү бир бөлүгүнүн, оппозициянын ачык да, жашырын да каршылыгын жиреп өтүүгө туура келди. Миллиондогон элди ошол ишке багыттоо үчүн эбегейсиз чоң уюштуруучулук, саясий жана идеологиялык иштер аткарылды. Мамлекет башчы жаңы шаарды куруу үчүн дүйнөлүк финансылык-кредиттик системанын назик механизмдеринин Казакстан үчүн иштөөсүнүн сырын тапты.  Кийинчерээк Н.Назарбаев: «Гранттардын жана кайтарымсыз инвестициялардын эсебинен салынган объекттерди санасак, таң каларлык узун тизме түзүлөр эле. Мисалы, «Ак Орда» президенттик резиденциясы Абу-Даби өнүктүрүү фондунун грантына салынды. Бул миллион долларга жакын каражат. Парламент Сенаты Сауд Аравиясынын грантына курулду. Бул 12 млн. долларга жакын.

Стадионду Испат Кармет каржылады – 38 млн. доллар. «Нур-Астана» мечитин курууга Катар мамлекетинин 15 млн. доллар гранты жумшалды», — деп жазды.  Жалпысынан, шаардын курулушу мамлекеттин экономикалык өнүгүүсүнө дем берди. Дүйнөдө бай инвесторлор арбын. Астанада бийик заманбап конок үйлөрдү, кеңселерди жана банктарды, турак-жай райондорун куруу үчүн инвесторлордун атаандаштыгы күч алган. Мен ал жакта кызматта жүргөнүмдө Астананын дүркүрөгөн курулушу Казакстан экономикасын көтөргөнүнүн күбөсү болдум.

Улуу талаа мейкиндигинде жаңы идеялардын, чечкиндүү инновациялардын жана ири долбоорлордун чордону болгон керемет Нур-Султан шаары пайда болду. Ал Евразиянын саясий, экономикалык жана маданий борборуна айланды. Казакстандын Президенти сунуштаган олуттуу долбоорлор катары ар түрдүү маданият, элдер жана конфессиялар ортосундагы диалогду айтсак болот. Чыгыш менен Батыштын – эки цивилизациянын тогошкон жерине жайгашкан көп улуттуу Казакстан маданияттар аралык жана конфессиялар аралык кызматташуунун аянтчасы болууда.  Жакында (6-июлда) Нурсултан Абиш уулу 80 жашка толот.  Биз курдашпыз, каардуу со-гуш жылдарынын балдарыбыз, бизди өткөн кылымдын 40-50-жылдарындагы каатчылык чыйралткан. Биз бирдей советтик билимге ээ болгонбуз, бийликтин партиялык-саясий тепкичтериндеги кызматыбыз да окшош. Мен аны менен ал президент болгондо жолуктум, ал кезде Ысык-Көл облусунун губернатору элем. Ал үй-бүлөсү менен бир нече күн Чолпон-Ата шаарында эс алды. Бир жолу биз ат менен жомоктой болгон «Кырчын» жайлоосун араладык. Чогуу болгонубуз-да мен анын ой-өрүшүнүн тереңдигине жана кубаттуулугуна, ой жүгүртүүсүнүн күчтүүлүгүнө тан бердим. Мага анын өз элинин тарыхын, үрп-адатын жана маданиятын кеңири билгени өзгөчө таасир калтырды. Алдыдагы өмүрүңдү болжоп биле албайсың, 2000-жылы мен Кыргызстандын Казакстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалдым.  Ошол 9 жылды өз өмүрүмдөгү саясий жа-на чыгармачылык эң жемиштүү жылдар деп эсептейм. Мен дайыма Назарбаевдин жылуу мамилесин сездим, бул маанай эки тараптуу мамлекеттер аралык маселелерди ийгиликтүү чечкенге өбөлгө түзүп берди. Ошол жылдары мен «Нурсултан Назарбаев: лидерлик мыйзамы» аттуу фундаменталдык саясий эмгекти жазууга жетиштим. Бул китеп кийин Лондон менен Варшаванын эл аралык китеп көргөзмөлөрүнө коюлду.

Демек, мен Нур Акени даңктуу мааракеси менен биринчилерден болуп куттуктоого жөнүм бар, ага мыкты ден соолук, бакыт-таалай каалайм.

Жумагул СААДАНБЕКОВ, коомдук ишмер, саясий илимдердин доктору

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *