Онлайн-конференция Аль-Фарабинин 1150 жылдыгына арналды

Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилиги жана Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз улуттук китепканасы биргелешип Чыгыштын улуу окумуштуусу Абу-Насыр Аль-Фарабинин 1150 жылдыгына арналган «Улуу ойчулдун илимий жана руханий мурасы» аттуу онлайн-конференция өткөрдү.

Иш-чараны алып барган китепкананын директору Жылдыз Бакашова улуу окумуштуу Аль-Фарабинин өмүр жолун, эмгектерин кыскача баяндап сөз кезегин  Казакстан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кайрат Нурпеисовго берди.

– Аль-Фарабинин юбилейи Казакстанда мамлекеттик деңгээлде өтүп жатат. Ал Эл башчы Н.Назарбаевдин жана Президент К.Токаевдин катышуусу менен казактын классик акыны Абай Кунанбаевдин 175 жылдыгына жана улуу философ Ал-Фарабинин 1150 жылдыгына арналган чоң иш-чаралар менен башталган.

ЮНЕСКО Аль-Фарабинин ысымын «Белгиленүүчү даталардын жана окуялардын календарына» киргизди. Ошондой эле юбилей Ислам кызматташтык уюму, Түрк маданиятынын эл аралык уюму, Билим берүү, илим жана маданият маселелери боюнча исламдык уюмдун жана башка эл аралык уюмдардын колдоосу менен кеңири алкакта дүйнөнүн көптөгөн мамлекеттеринде өткөрүлүүдө. Президент Касым-Жомарт Токаев улуу ойчул тууралуу: «Маданияттын, биринчи кезекте Чыгыш, Орто Азия элдеринин, түрк, анын ичинде казак калкынын маданиятынын өнүгүүсүнө Аль-Фарабинин таасири ар тараптуу  жана ал узак мезгилди камтыйт» деп айтканындай, анын эмгектери бүгүнкү күнү да маанилүү болуп отурат. Эмгектеринин «Философиялык трактаттар», «Математикалык трактаттар», «Социалдык-этикалык трактаттар», «Логикалык трактаттар», «Акыл-эс жана илим жөнүндө», «Тарыхый-философиялык трактаттар», «Табигый-илимдик трактаттар», «Музыка жана поэзия жөнүндө трактаттар» деп аталышынын өзү Аль-Фарабинин көз карашынын кеңдигинен кабар берет, – деди элчи.

Адилеттүүлүктү, элдердин достугун, маданиятты, илимди жана акыл-эс жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүүдө бардык адамдардын теңдигин даңазалаган жана булар аркылуу бакубаттуу, бактылуу болууга үндөгөн Аль-Фарабинин идеалдары учурда дүйнө элдеринин максаттары менен жуурулушуп жатканын белгилеген элчи окумуштуунун “Бакытка жетүү жолунда эл бирине бири жардамдашар болсо, анда жер жүзү жакшылыктын мекени болот” деген учкул сөзүн мисалга келтирип, азыркыдай татаал
мезгилде боордош эки элди ру-ханий-маданий жактан байытууну жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттешүүнү бекемдөө керектигин белгиледи.

КР УИАнын А.Алтымышбаев атындагы Философия, укук, жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор Нур Саралаев араб өлкөлөрүнүн илимий чөйрөсүндө «Экинчи мугалим» (Устад ас-Сани, Аристотелден кийинки экинчи устат) деп таанылган Аль-Фараби илимдин көптөгөн тармактарынын өнүгүүсүнө орошон зор салым кошкон энциклопедист окумуштуу экендигин, асыресе анын философия илиминдеги татаал концепцияларды түшүндүрүп кеткенин белгилеп өттү.

М.Х.Дулати атындагы Тараз мамлекеттик университетинин философия жана саясат таануу кафедрасынын улук окутуу­чусу Режеп Баярисов «Аль-Фарабинин социалдык-этикалык идеяларынын азыркы заман менен үндөштүгү» баяндамасында окумуштуунун гуманисттик ойлору азыркы убакытта да өзүнүн актуалдуулугун жоготпогонун баса белгиледи. – Аль-Фарабинин “Кайрымдуу шаар тургундарынын көз караштары тууралуу трактатында” шаар башчысына, дегинкиси, бардык жетекчи кызматтарга талап кылынуучу шарттар илимий негизде майда-чүйдөсүнө чейин анык көрсөтүлгөн. Бул биздин замандын критерийлерине да туура келет, — деди баяндамачы.

“Аль-Фараби эмгектериндеги гуманисттик идеялар” темасы боюнча өз пикирин ортого салган И.Арабаев атындагы КМУнун профессору, тарых илимдеринин доктору Назира Усупова: “Педагог катары айтар элем, биз жаш муунга руханий, адеп-ахлактык тарбия берүүдөн аксап жатабыз, бул өңүттөн алганда гумандуулукту, чынчылдыкты, адилеттүүлүктү камтыган Аль-Фарабинин таалимин жалпы билим берүү мектептеринде, атүгүл бала бакчаларда пайдалансак, өспүрүмдөрдү адамгерчиликке тарбиялоодо утушка ээ болор элек”, – деген сунушун айтты.

Онлайн-конференцияда катышкан И.Арабаев атындагы КМУнун тарых жана социалдык-укуктук билим берүү факультетинин деканы, тарых илимдеринин доктору, профессор Назира Курбанованын, Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин проректору Акбота Жолдасбекованын, ушул университеттин чыгыш таануу кафедрасынын профессору, филология илимдеринин доктору Самал Түлеубаеванын, Эмгек академиясынын ректору, философия илимдеринин доктору Аскарбек Бекбоевдин баяндамаларында Аль-Фарабинин илимий мурастары ар тараптан талданды.

Иш-чарада Аль-Фарабинин илимий таржымалын чагылдырган фильм көрсөтүлүп, окумуштуунун китепкана фондундагы китептеринин жана ал тууралуу жазылган илимий басылмалардын, макалалардын көргөзмөсү уюштурулду.

Назарбек БАЙЖИГИТОВ, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *