Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Жыпар Исабаева, «Кыргыз Туусу»


Буга чейинкисин бул жерден окуңүздар

Жакында “Жыландын сүйүүсү” китебинин  уландысын, тактап айтканда  3-китебин  жарыялайбыз. Ага чейин сайтыбыздан 1-2-китебин окуп турсаңыздар болот.

Тамдын артындагы асман тиреген бул терек Жандын бала кезинен сүйгөн жайы. Бала кезинен эле ушинтип, шуудуруган теректин кыйла учуна чейин оролуп чыгып алып, айлана-тегеректи карап, бар кыймылды байкап жатканды сүйчү.

Бу жерден баары алаканга салгандай даана көрүнөт. Айрыкча жакканы – Бектемир, Чынтемир, дагы бир топ балдардын жолго чыгып алып чүкө атышканы болчу. Алардын  чурулдап ойногонун карап жатып, кудум,  кошо бала болуп кетчүдөй эдиреңдеп, ээленип кетчү. Өзүн ошол кичинекей адамчалар менен катар коюп, так ошолордой эки колдуу, эки буттуу болгусу келип, умсунганычы!

Бир сапар кужулдашып, кээде көкүрөктөрү менен жөөлөшүп, тиреше кетип, кээде элдеше калып ойноп жаткан балдардын ойнуна кызыгып отуруп, кантип жакындап барып калганын өзү да билбей калган. Бир топко чейин аларга жакын эле жерде, арыктын ичинде жашынып жата берип, акыры чыдамы жетпей кеткенде сойлоп чыга калган. Жаман оюнда балдар сүйүнүп кетчүдөй, ага таң калып, кызыгып карашып, атүгүл кармалап көрүп, башынан сылап: «Бул Кызмончоктун жыланы турбайбы», – деп бат эле ымалашып, достошуп кетчүдөй элестетип алган. Бирок ал ойлогондой болгон жок. Аны адеп көрө калган балдардын бири:

– Оо-ой, жылан! – деп кыйкырып жиберген. Үнүнөн улам, баланын катуу коркуп кеткенин билүү кыйынга турбайт эле. Башкалар да көрө коюшуп, адегенде бир топ жерге чейин дыргаяктап качып барышкан. Дагы эле кетип калбай, так ошол балдар ойногон жерде, чүкөлөрдүн арасында башын серендетип, өздөрүн караган жыланды алыс туруп алып карап турушкан. Тээ бир убакта таарынган, ызаланган баладай ошол жерде ийрейип жатып калган жыланга акырындап жакындай башташкан болчу.

– Сакамдын үстүнө жатып алыптыр эй! – деген бири.

– Меникине да…

«Ушинтип жата берсем, зыяным жок экенин балдар түшүнөр», – деген Жан балдарга ишенип, күтүп жата берген. Кудум Кызмончок менен ойногондой, коюн-колтук алыша достошуп, тил табышып кетербиз деп үмүт кылган. Айткандай эле, балдар ага бир кадамдан жылып, берилеп келе беришип, бирок эңкейип-тоңкоюп, колдоруна муштумдай болгон таштарды чогулта башташкан болчу. Эмнеге антип жатышканын кичинекей Жан жамандыкка жоруган эмес. Анткени, Кызмончок деле кээде таштарды чогултуп келип, кыдырата тизип үй жасачу. Экөө ошонун ичинде отуруп алып, тээ далайга чейин ойношор эле. Бир убакта балдардын бири:

– Жанчты-ык!!! – деп кыйкырып, ошого удаа эле таштар зыпылдап учуп келип, жандын баш-аягына топулдап түшө баштаганда, алардын оюн түшүнгөн Жан тызылдап  качкан болчу. Балдар да ансайын артынан чымылдап чуркашып:

– Өлтүрүш керек! Чапкыла!

– Мына, мына! Бу жерге кирди!

– Чап!

– Ой, эн-нең, качты-ы! – деп топ жерге чейин кубалап барып, таппай калышкан. Жылан ушуларды заматта көз алдынан өткөрүп жиберди. Мына ошол Бектемир, Чынтемир, тигинде Жакшылык, Мукай… Баары өзгөрүп, алды бир-экиден балалуу болуп калышкан.

* * *

Бектемир кандайдыр элди аралап өтүп, кайдадыр ишенимдүү бет алды.

– Беки? – Сайра алдын тосуп, утурлай чыкты. Бирок Бектемир апасына да үн каткан жок, аярлаган да жок.

– Кетти! – деди Сайра жардам сурагандай Абылайды, Муканды, элди айланта карап.

– Издеп кетти…

Унчуккан киши болгон жок. Сайра уңулдап ыйлай баштады.

– Капырай, ооз ачып койсоңор боло? – деди аңгыча аялдардын бири.

– Аттаналы! – баятан ындыны өчүп, ылдый карап турган Ишенбай баш көтөрүп, ишенимдүү унчукту. – Кызмончокту табалы!

«Кызмончокту табалы» деген сөз Жанга жагымдуу угулду. Оозунан эзели жакшы сөз чыкпаган Ишенбайга ичи жылый түштү. Бирок ый аралаш:

– Табылбаса тамыран калсын! – деп ийди Сайра. – Алып келбегиле мага! Көзүмө көрсөтпөй, жоготкула ары!..

– Анчалык катуу кетпе. Ата-энесин көрбөй, билбей жүрсөң бир жөн! Андай болсо, балаңа алып бербей койбойт белең! – деди Дилдекан. Кептин чоо-жайын аз-аздан боолголой баш тады Жан.

– Сабырдуу болгула. Кызмончок келсе сүйлөшөлү, – деди Ишенбай.

– Капырай! – өз жакасын өзү муунта карманды Асанбү. – «Келсе» дегениңиз кандай, жарыктык?! Азыр эле Кызмончоктун үйдөн жылан болуп кеткенин көргөн жоксузбу?! Батманын кызына шурусун берип, башындагы куттуу жоолугун бөлүп ыргытып, келбечүдөй кетиптир го!

Баятан бери өздөрү да ушуну ойлоп, бирок былтырк ы окуядан коркуп калганга батынып, унчуга албай тургандар Асанбүнү ырастагандай баштарын ийкеңдете, ынанып турушту.

Ырыстын энеси кызын жерге коё салып, мойнундагы мончокту башынан чыгарып салмак болду эле, Ырыс шуруну эки колдоп кармап алып, башын буйтаңдатып, чыгарбай ыйлай баштады.

– Эмне кыл дейсиңер, эл-журт? – шаабайы сууп, шалбырап турду Абылай.

– Эмне кылмак элек, акыры боло турган иш болду окшойт. Жайына коёлу. Калганын да көрө жатарбыз, – деди узун сары киши. Муну укканда тулку боюнун баары эле үшкүрүккө толуп кеткендей, денесин солкулдата узакка улутунган Сайра же сүйүнгөнү, же кү йүн гөнү белгисиз, шалдырап отуруп калды.

– Бектемирчи? – деди анан эриндерин араң кыбыратып. – Балама залакасы тийбесе, ошондон ары жоголуп кетсе экен.

– Сайра өзүнөн коркуп жатпайбы, – деди Дилдекан табалагандай. – Бечараны катуу кордоп ийдиң эле. Кайра келип, чагып койсо кантесиң, капырай?! «Чөптү кордосо деле көзгө зыян» дейт…

One thought on “Жыландын сүйүүсү (1-2-китеп)

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *