Маалымат эле эмес, мыйзам деле манипуляцияланат…  

Фейк маалыматтар гана эмес, өздөрүн Кудай атагандар, сот, прокурордун милдетин аткаргандар да коркунучтуу

 25-июнда, Жогорку Кеңештин жыйынында, Г.Асылбаева, А.Осмонова демилгелеген «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзам долбоору үчүнчү окууда кабыл алынды. Аталган мыйзам долбоору экинчи окууда кызыл чеке талаш жаратып, талкуунун жүрүшүндө депутаттар Д.Бекешев, М.Жээнчороев, Э.Сурабалдиева, Н.Никитенко, Ж.Акаев мыйзам долбооруна каршылыгын билдирди эле, демилгечи депутат Г.Асылбаева: «Сөз эркиндигине жана жарандын өз оюн айтуусуна эч кандай чектөө жок», — деп эсептей турганын айтты. Ал эми депутаттар А.Жапаров, У.Кыдыралиев, К.Жолдошбаев, Е.Строкова, А.Юсуров мыйзам долбоорун колдогондуктарын ачык эле айтышып, тиешелүү жүйөлөрүн келтиришти.

Демилгечи депутаттардын пикиринде, “мыйзам долбоору жарандардын, юридикалык жактардын жана мамлекеттин укуктары менен эркиндиктерин, аларды Интернет мейкиндигинде жайылтылып жаткан жалган же анык эмес маалыматтардан коргоону камсыздоого багытталган”. Ошондой эле “интернет мейкиндигинде маалымат  жайылтууга байланышкан укуктук мамилелерди: укуктук мамилелердин субъекттерин, ыйгарым укуктуу органдын жөнгө салуу учурундагы функцияларын, Интернет провайдерлери менен колдонуучуларынын укуктары менен милдеттерин аныктоо, Интернетти колдонуу учурундагы юридикалык жактан маанилүү иш-аракеттер жасалган жерди жана убакытты аныктоо эрежелерин белгилөө жолу менен жөнгө салуу мыйзам долбоорунун милдети болуп саналат”

. «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамдын долбоорунун тегерегинде социалдык түйүндөрдө да катуу талкуу жүрүп, демилгечи депутаттар сөз төө бастысынын алдында калышты. Г.Асылбаева менен А.Осмонова сөз эркиндигин бууп, тилди мыйзамга тиркегени жатат деген эмоцияга алдырган пикирлер басымдуулук кылууда.

Арийне, демилгечилер да, аларга каршылар да эмоция менен бир нерсени эстеринен чыгарып коюшкандай. Аталган мыйзам долбоору тууралуу сөз кылуудан мурда, манипуляция түшүнүгү кыргыздын төл сөзү болбогон соң, ал сөз эмнени билдирет, чечмелеп көрсөк туура болмок.

Кыргыз Уикипедиясында манипуляция manipulation деген француз сөзүнөн алынганын, сатермин экени, 1) махинация; 2) иллюзиялык элестерди пайда кылууга жана киргизүүгө багытталган адамга жана коомго психологиялык таасир берүүнүн тутуму деген эки маанини берери жазылган.

Ал эми орус тилинде манипуляция беш маанини билдирип, психологиялык, техникалык, физикалык, саясий жана маданий мааниге ээ. Бизге манипулция түшүнүгүнүн физикалык, техникалык жана маданий маанилери анча маанилүү болбогон соң, аларды унуткара туруп, сөз болгон мыйзамга ылайык, манипуляция түшүнүгүнүн психологиялык жана саясий маанилерине токтолуп көрөлү. Манипуляция психологиялык мааниси боюнча: социалдык таасирдин түрү, ал эми саясий жагынан алсак: үстөмдүк кылуу жана эркти басуунун жолу.

Ошентип, манипуляция сөзүнүн психологиялык жана саясий маанисинин өңүтүнөн ала келгенде, «Маалыматты манипуляциялоо жөнүндө» мыйзамдын аталышынын өзү лингвистикалык экспертизаны, түшүндүрмө талап кылып тургандай. Сыягы, демилгечи депутаттар булл сөздүн чечмеленишине маани беришкен эмес көрүнөт.

Мында фейк аккаунттар, фейк маалыматтар тууралуу маселе жок, бул багытта мыйзамдын керектиги тууралуу талашсыз нерсе. Интернет айдыңын каптаган фейк аккаунттар, фейк маалыматтар үчүн атайын мыйзам долбоору жана мыйзам алкагында катаал жаза керектиги күн тартибинде турат. Коомду экиге-үчкө бөлүп-жарып, адамдын кадыр-баркына шек келтирип, башынан аягына чейин  ылай төгүп жаткан мына ушул фейк аккаунттар жана фейк маалыматтар.

Социалдык түйүндөрдөгү айрым фейк маалыматтарды окуганда жүрөк титиребей койбойт. Арийне, фейк аккаунт, фейк маалыматтар менен токтоп калганда болбойт. Интернет айдыңында фейк эмес, Арстан Алай, Сыймык Жапыкеев ж.б.ларга окшогон чыныгы аккаунттар бар. Арстан Алай өзүн Кудаймын деп жар салса, Сыймык Жапыкеев прокуратура, сот, жаза аткаруучунун милдетин өзүнө алып алды. Каалаган кишисин коррупция үчүн айыптап, каалаган кишисин “соттоп” жатат. Ошол эле учурда, Жапыкеевдин тарапкерлери да жок эмес. Эгер, бул тенденция андан ары улана бере турган болсо, анда жакын арада сот, прокуратура органдары жумушсуз калышы ыктымал.

Демек, бүгүн Кыргызстан фейк-аккаунт, фейк маалыматтар менен гана эмес, кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына жана кыргыз жарандарынын адамдык аброюна шек келтирген бардык жалган жана бир жактуу маалыматтарга каршы туруу керек жана ал маалыматтарды ооздуктаган мыйзам абзел. Болбосо, фейк-аккаунт, фейк маалыматтар эле эмес, Арстан Алай, Сыймык Жапыкеевдердин катары калыңдап, мамлекеттин бүтүндүгүнө жана коопсуздугуна коркунуч жаралып калбасына эч кандай кепилдик жок.

«Кыргыз Туусу» Болотбек Таштаналиев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *