Алдын албаганга сабак, абалыбыз курчуп барат

Пандемия боюнча Ысык-Көл облустук ыкчам штабдан алынган маалыматка караганда, Көл өрөөнүндө өзгөчө кырдаал режими киргизилгенден баштап инфекциянын алдын алуу, санитардык- эпидемиологиялык коопсуздук эреже-жоболорун сактоодо мамлекеттик жана тиешелүү органдар менен биргеликте “Ак-Кеме”, “Кызыл-Омпол” санитардык жана карантиндик постторунда күнү-түнү дебей көзөмөл кызматындагылар медициналык атайын кийимдер жана антисептиктер менен камсыз болушкан.

 Андан берки текшерүүлөрдүн жүрүшүндө “Өзгөчө кырдаал режиминин талаптарын бузуу” боюнча сотко чейинки – 6, “Карантиндик чектөө эрежелери иш чараларын бузуу” боюнча Жоруктар жөнүндө кодекстин негизинде 4 иш облИИБдин аныктоо кызматынын өндүрүшүнө жөнөтүлгөн. Рейддердин жүрүшүндө “Ыйгарым укуктуу органдардын талаптарын же тескемелеринин чечимдери менен сунуштарын аткарбоо” боюнча 293-берененин негизинде 16 протокол түзүлүп, 3 адамга эскертүү, 13 адамга жазалар берилип, жалпысынан 39 миң сом жазана салынган. Бирок, ушул сыяктуу алдын-ала оозеки эскертүүлөргө, материалдык ар кандай бир катар жазаналарга жана жер-жерлердеги түшүндүрүү иштерине, кийинки апталарда вируска кабылгандардын катары арбыганына карабастан көчөлөрдө баягы беймаал кезиндегидей опур-топур жүргөн элдин, кыйма-чийме чубаган автоунаалардын, ал эми облус борборундагы базарлардын айлана- тегереги – кирип-чыгып жүргөн, топтошкон базарчылардын калың караандарынан арылбай келет. А иш жүзүндө маска тагынгандардын карааны анда-санда гана көрүнгөнү, пандемиянын алдыдагы кооптуу же коркунучтуу жагдайлары бизди күтүп турганынан кабар берип, акыл- эстүүлөрүбүздү эртелеп тынчсыздандырышы керек эле…

 Жээнбай ТҮРК, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *