Байыркы кыргыз жазууларын сактоо, коргоо боюнча мыйзам керек

Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев менен Садык-Шер-Нияз “Байыркы кыргыз Энесай жазуусу жөнүндө” мыйзам долбоорун демилгелешип, коомчулуктун талкуусуна чыгарышкан. Жакында “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясында мыйзам долбоорун демилгелөөчүлөрдүн, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик Улуттук университетинин, И.Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын, бир катар тарыхчылардын жана лингвист окумуштуулардын катышуусунда аталган мыйзам долбоору талкууланды.

Окумуштуулардын жыйынтыктары боюнча байыркы кыргыз (энесай, түрк) жазуусу жаңы доордун алдында пайда болуп, VI кылымда Түштүк Сибирде жана Борбордук Азияда кеңири тараган. Азыр ушул убакка чейин “Орхон- энесай рун  жазуусу” деп аталып келген эстеликтерден 1200гө жакын жазуу бизге жетсе, алардын басымдуу көпчүлүгү байыркы кыргыздардыкы болгондугу илимде далилденген. Депутат Каныбек Иманалиевдин айтымында, 2014-жылы Түркия өкмөтү менен биргеликте  байыркы кыргыз-түрк жазмасынын 1500 жылдыгын кеңири масштабда белгилөө боюнча демилге көтөрүлүп, ал жогорку бийлик тарабынан колдоого алынып, бирок андан кийинки геосаясый окуяларга байланыштуу ишке ашпай калган.

Орхон-энесай жазуусу жети топтон турса, алардын бири Кыргыз каганатына, байыркы жана орто кылымдардагы мамлекеттигибизге тиешелүү. «Эгерде белгилүү маалымат булактарына таянсак, эң байыркы тилдүү эл – кыргыздар деп эсептөөгө болот», – деп жазган Каннен Катиснер деген окумуштуу өзүнүн “Дүйнө тилдери” деген китебинде. Алардын жазуу эстеликтери мындан 2000 жыл мурда пайда болгондугун тастыктайт”. Түрк руникалык эпиграфикасы ХIХ кылымда чечмелене баштаган. 1893-жылы даниялык лингвист Вильгельм Томсен деген окумуштуу алгач “Теңир” деген сөздү чечмелеген. Орхон- энесай жазмаларына окшош таштагы жазылмалар Тоңдон, Таластан, Кочкордон табылган. Демек, ал жазуулардын түбү бир элден тарагандыгын, алардын ээси байыркы кыргыздар экендигин ырастап турат. Ошондуктан ал жазууларды укуктук жактан ээликтеп, сактап, коргоп, илимий жактан изилдеп, популяризациялоо үчүн атайын мыйзам кабыл алып, илимий-практикалык конференцияларды өткөрүп, анан Өкмөттүн атынан ЮНЕСКОнун материалдык эмес баалуулуктарынын тизмесине киргизүү  зарыл. Талкууда “Манас” жана Чыңгыз Айтматов Улуттук академиясынын президенти Т.Тургуналиев, көрүнүктүү лингвист К.Коңкобаев, Академиянын манастаануу бөлүмүнүн башчысы, илимдин доктору, профессор Т.Кененсариев, Ж.Баласагын  атындагы Улуттук университеттин проректору, филология илимдеринин доктору С.Тиллебаев (Садык Алахан), И.Арабаев атындагы КМУнун окутуучусу, филология илимдеринин доктору В.Акматова, КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын бөлүм башчысы А.Молдоканов,”Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясынын кыргызтаануу бөлүмүнүн башчысы Байас Турал ж.б. чыгып сүйлөшүп, долбоорго айрым өзгөртүүлөрдү киргизүү менен кабыл алуунун, бул маселе боюнча чоң масштабдагы эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүүнүн зарылдыгын баса белгилешти.

 Папан ДҮЙШӨМБИЕВ

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *