Алптардын бейнесин жараткан – Орозбек Молдобаев

Даярдагандар: Асел Сүйөркул кызы, Асель Раманкул кызы, «Кыргыз Туусу»

Бул кадрдагы Бишкектин жашыл көчөлөрүн аралай келе жаткан агайыбыз, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, белгилүү сүрөтчү, бир катар мамлекеттик жана эл аралык сыйлыктардын ээси Орозбек Молдобаев агайыбыз.

Агай адатынча Улуттук илимдер Академиясындагы өнөрканасына, андагы кыргыз элинин сыймыгы болгон, өзү элесин түшүргөн улуу-кичүү замандаштарына шашып келаткандай. Орозбек Молдобаевдин өнөрканасына баш баксаң элибизди ааламга тааныткан, маданиятыбыздын алптары улуу жазуучу, ойчул, кеменгер Чыңгыз Айтматовдун, адабиятыбыздын классиги Алыкул Осмоновдун, кайталангыс талант Сүймөнкул Чокморовдун, ошондой эле учурдагы чыгаан композиторубуз Муратбек Бегалиевдин портреттери тосуп алат. Орозбек ага бул сүрөттөрдүн жаралыш тарыхы, маани мазмуну тууралуу ар бирине өз өзүнчө токтолуп, ачып берди. Мисалы, Алыкул Осмоновду оорукчан, качан болсо кабагы ачылбаган инсан катары кабыл алуу калыптанып калгандыгын, тескерисинче Алыкулду акындык таланты боюна батпай, толкуп-ташып турган образын жараткысы келгенин белгилейт. Ошондой эле Сүймөнкул Чокморовду кыргыз интеллигенциясынын, маданиятынын улуу өкүлү катары ачкысы келгенин, ал эми Муратбек Бегалиевди кыргыз музыкасын дүйнөгө таанытып жаткан “Кылым залкары” катары образын жараткысы келгенин белгилейт.

Орозбек Молдобаев карапайым адамдардын турмушун чагылдырган “Айыл кечи”, “Көк-Сай”, “Ысык нан” ж.б. көптөгөн көркөм сүрөттөрдүн, мындан тышкары И.Р. Разаков, К.И. Скрябин, И.К.Ахубаев, манасчы С.Касмамбетов өңдүү кыргыз каймактарынын портреттерин жараткан.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *