Өмүрбек Текебаевдин документтери БШКга өткөрүлдү

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев президенттик шайлоого катышат. Бүгүн, 18-
4июнда Текебаевдин ишенимдүү өкүлдөрү шайлоого тиешелүү документтерин Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырды. Бул тууралуу  «Ата Мекен» партиясынын мүчөсү Канатбек Азиз интернетте фейсбук социалдык баракчасына жазды.

— Партиянын ишенимдүү өкүлдөрү Өмүрбек Текебаевдин президенттикке талапкерлерден алдын ала алынуучу документтерин БШК тапшырдык. Буга чейин «Ата Мекен» партиясы Текебаевди президенттикке талапкер кылып көрсөткөн. Бул жолу Өмүрбек Чиркешович өзүнүн жеке чечими менен президенттикке өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен шайлоого катышмакчы.

Маалыматка ылайык, БШК  Текебаевдин документтерин алган.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев быйыл 26-февралда чет мамлекеттен кайтып келе жатканда кармалып, камакка алынган. Ага «Мегаком» ишканасына байланыштуу коррупцияга аралашкан деген күнөө коюлуда. Депутат 26-февралдан бери УКМКнын тергөө абагында кармалууда.

Өлкөдө президентик шайлоо 15-октябрга белгиленген. Мыйзамга ылайык, БШК 15-июндан тарта президенттикке ат салышууну каалаган жеке адамдарга жана саясий партиялар талапкерлерин сунуштоого расмий уруксат берген.

Буга чейин президенттикке «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев, өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, экс-премьер-министр Темир Сариев жана «Республика-Ата Журт» фракциянынын лидери Өмүрбек Бабанов талапкерилиги көрсөтүлгөн.

Булак: «Марал»