Жаша, Асел!

Таанымал ырчы Асел Кадырбекова жол кырсыгына кабылып, 26-июндан бери эсине келбеген абалда жатат. Дарыгерлердин айтымында ырчынын мээси катуу жабыркап, моюн омурткалары менен акыреги сынып кеткен.

Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков: “Аселдин ден соолугу дагы деле оор. Комада жатат, бирок өзү дем алып, колдорун кыймылдатып калды. Кан басымы да нормалдуу. Бүгүнкү күндө кичине болсо дагы жылыш бар. Бирок, абалы бары бир оор бойдон калууда», – деди. С. Жумабеков. Буга чейин ырчы комадан чыкса эле, ага операция жасаарын айткан. Учурда ырчынын жалпы күйөрмандары, жакындары, бир туугандары анын өмүрүн, ден соолугун тилеп жатышат. Чыгармачылык чөйрөдөгү жакшы санаалаштары А. Кадырбекованын адамдык бийик сапаттарына токтолушуп, алдыда ыр жаздыруу, клип тарттыруу боюнча көптөгөн пландары болгонун эске салышууда. Социалдык тармакта ырчынын абалы жакшырды деген маалыматты күткөндөр андан көп. Эске салсак, Асел Кадырбекова 1991-жылы 19-мартта Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунда төрөлгөн. Учурда 29 жашта. Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинде билим алган. 2010-жылдары сахнага «Кыргыз кыздары» деген аталыштагы ыры менен чыккан. Репертуарында «Кыя албайм», «Эркелет», «Жаныңда болсо дейм», «Жаз жамгыры» ж.б. ырлары бар. Ырчылыкка чейин теле-каналдардын биринде алып баруучу болуп иштеген. Жакшы тилек – жарым ырыс дегендей, ырчы кыздын көзүн ачып, жакшы болуп кетишине биз дагы тилектешпиз. Өмүргө кайт, Асел! Жаша, Асел!

 А. АКИМБАЕВА «Кыргыз Туусу»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *