Жаман оору жайылып баратат…

Өкмөт үйүндө өткөн маалыматтык жыйында, саламаттык сактоо министринин орун басары Н.Үсөнбаев 29-июнга карата, бир сутка аралыгында 2 миң 722 изилдөө жүргүзүлүп, 269 киши коронавирус жуктуруп алганы аныкталганын, өлкө боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 5 миң 17 адамга жеткенин кабарлады.

Бишкек шаарында – 138, Чүй облусунда – 43, Ош шаарында – 23, Ош облусунда – 6, Нарын облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 26, Ысык-Көл облусунда – 16, Талас облусунда – 9, Баткен облусунда — 4 кишиден коронавирус илдети катталган.

Соңку бир суткада 52 бейтап: Бишкек шаарынан 6, Чүй облусунан 13, Ош облусунан 3, Ош шаарынан 21, Талас облусунан 6, Баткен облусунан 3 бейтап айыгып, үйлөрүнө чыгарылган. Бүгүнкү күнгө карата жалпы айыккандардын саны — 2294.

Саламаттык сактоо министринин орун басарынын айтымында, 29-июнга карата коронавирус жуккандар менен жакын байланышта болгондордун саны 19 миң 606 адамга жетти. Эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал.

Учурда 1957 киши үй карантининде, 716 бейтап ооруканаларда. Алардын ичинен 88 бейтаптын абалы оор, 26 бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. 275 кишинин абалы орточо оор, 353 бейтаптын абалы канааттандырарлык. Ошондой эле оорунун белгилери жок 1957 бейтап үй көзөмөлүндө болууда. Акыркы сутка ичинде үч бейтап COVID–19 инфекциясынан каза болду.

Акыркы суткада өлкө боюнча 44 медкызматкер коронавирус жуктуруп алганы белгилүү болду. Бүгүнкүгө чейин COVID-19 диагнозу республика боюнча 783 медициналык кызматкерден катталып, алардын 431и айыгып чыккан.

Эске салсак, 28-июнга карата 235, 27-июнга карата 309, 26-июнга карата 250 киши коронавирус жуктуруп алганы катталды.

Болотбек ТАШТАНАЛИЕВ, “Кыргыз Туусу”

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *