Китепканалар: жаңы проблемалар, жаңы мүмкүнчүлүктөр  

Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстан маалыматтык-коммуникация технологиясын өздөштүрүү боюнча 2017-жылы 176 мамлекеттин ичинен 109-орунду, ал эми КМШ мамлекеттеринин арасында акыркы орунду ээлегени маалым (интернет колдонуучулар Кыргызстанда 34,5%, КМШда 65,1%; үйдө интернет колдонуучулар Кыргызстанда 21,4%, КМШда 62,1). Мына ушундай кырдаалда республикабыздын китепканалары санариптештирүүнү ишке ашырууга даярбы деген суроо туулат? Өзгөчө көп жылдардан бери тейлөө ыкмасы калыптанып калган, салттуу тейлөө методикасы бар китепканалар бүгүнкү тез өнүгүп жаткан санариптик чөйрөдө коомду маалымат менен камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөрү кандай? Санариптештирүү революциясы тездик менен өнүгүп, маалымат менен камсыз болуунун альтернативдүү жолдору көбөйгөнүн (интернет, мобилдүү байланыш, смс, электрондук почта, смартфон, айпад ж.б.) эске алсак, калктын китепканага келип маалымат алууга, китепканалык тейлөөгө муктаждыгы канчалык деңгээлде керектелет?

Өлкө боюнча 3000 миңге жакын китепкана бар, аларда 50 млн. жакын китеп фондусу сакталат. Ошону менен катар бүгүнкү күндө китепканаларда жаңы маалымат технологиялык каражаттарды колдонуу менен, интернет аркылуу дүйнөлүк маалымат мейкиндигине эркин кирүүгө көптөгөн аракеттер көрүлүп, жер-жерлерде китепканалар маданият борбору гана эмес, маалымат борбору болууга да жетишип калышты. Алсак, өлкөбүздүн калк китеп каналарында 999 компьютер, жогорку окуу жайларынын китепканаларында 1010, илимий китепканаларда 203, мектеп китепканаларында 567 компьютер бар.

Ири китепканалардын ишин автоматташтыруу процессии ишке кирип, электрондук каталогдор түзүлүп, айрым бир китепканалар өзүлөрүнүн китеп фондусун санариптештирүү процессин башташкан. Натыйжада улуттук электрондук ресурстар болгон КРАД, rarebooks, санариптик китепкана, КИРЛИБ НЕТ колдонуучулардын маалыматка болгон суроо талабын канааттандырып келүүдө. Ошону менен катар, дүйнөлүк маанидеги «ЭБСКО», «Исть- Вью», «Шпрингер» ж.б маалы- мат ресурстарын алып, дүйнөлүк маалымат ресурстарына эркин кирип колдонууга шарт түзүүгө дагы жетишкен. Ал эми Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасы 2000-жылдан тарта 40тан ашуун долбоорлорду ишке ашырып, бүгүнкү күндө кыргыз коомчулугунун сүйүктүү жайына айланган заманбап эмеректер, техникалар менен жабдылган эл аралык деңгээлдеги бир катар борборлор ачылган.

К.Баялинов атындагы жаш-_тар жана балдар китепканасы Бүткүл дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, швейцариялык офис, америкалык ЮСАИД жана башка көптөгөн эл аралык уюмдардын жардамы менен 50дөн ашык долбоорлорду ишке ашырып, заманбап техникалар менен жабдылган борборлорду ачууга жетишкен. Мындай жакшы саамалыктардан биздин региондор дагы кур эмес. Чүй, Ош, Талас, Нарын, Жалал-Абад облустук китепканалардын долбоорлор менен иштөөдө алгылыктуу иштерди алып барып, китепканаларына жалпы суммасы 200 миң доллардан ашык инвестицияларды тартууга жетишишкен. Китепканага инвестиция тартуу жагынан Кара-Кулжа, Тоң, Ат-Башы райондук китепканалары алдыңкы орундарда турушат.

Китепкана тармагында көптөгөн көйгөйлөр да бар. Эң эле көйгөйлүү жагдай регион- дордогу калк китепканаларынын ишин башкаруу системасында жаралып жатат. Ушул убакытка чейин алар борбордук мамлекеттик башкарууда, маданият министрлигине жана ошондой эле каржы берип жаткан жергиликтүү бийликтердин башкаруусунда болушуп, б.а кош бийликтин чеңгелинде иш алып барышууда. Китепканалардын мындай башкаруудан утушу өтө аз болуп, алардын заман талабына ылайык өсүп өнүгүшүнө кедергиси тийип жатат.

Кийинки бир эң маанилүү маселе – бул китепкана ишин каржылоодогу жаралган көйгөйлөр. Жалпы маданиятка каралган 3% каражаттан китепкана үчүн болор-болбос тыйын каржыланып, натыйжасында китепканалар бар же жок экендиги билинбей көз жаздымда кала берген. Мындай акыбал негизинен китепканаларыбыздын китеп фондусун топтоого, материалдык–техникалык абалын жакшыртууга, өзгөчө райондук, айылдык китепканалар компьютер, интернет менен камсыздоодо жана китепкана кызматкерлеринин айлык маянасын жогорулатууга кедергисин тийгизип (маданият тармагында эң аз маяна алган китепканачылар болуп эсептелет) жаткандыгы өкүнүчтүү.

Арийне, бүгүнкү күндө республикабыздын китепкана коомчулугу бул тармакта жаралып жаткан көйгөйлөрдү атап гана тим болбостон, санариптик чөйрөнүн талабына ылайыкташтырып китепкана ишин заманбап уюштурууну колго ала турган учур келгендигин жакшы түшүнүп, баамдап жатышат. Анткени, санариптик чөйрөдө окурман эчак эскирип бүткөн көнүмүш адатта жайбаракаттык менен тейлеген  салттуу китепканалардын ыкмаларын, же болбосо тездик менен оперативдүү толук маалыматты камсыз кылган электрондук китепкананын кызматын тандашы мүмкүн. Андыктан бүгүнкү тез өнүгүп жаткан интеллектуалдык жана технологиялык маалыматкоомунун талабына жараша киришти жаңы технологиялар менен айкалыштырып жаңы формалар менен толуктап, калктын бардык катмарларын тегиз тейлөөгө мүмкүнчүлүк түзүү маселелерин чечүү жаңы замандын талабы болуп турат.

Эң негизгиси санариптик чөйрөдөгү заманбап китепканалардын толук кандуу иштешине электрондук ресурстардын – электрондук контенттин топтому эң чоң ролду ойнойт. Электрондук контенттин негизинде гана онлайн билим берүү, илимди өнүктүрүүнү толук кандуу жүргүзүүнү бүгүнкү дүйнө жүзүндө болгон каргашалуу окуя далилдеп койду. Биздин мамлекет алгачкы жолу мектептерде аралыктан окутууну киргизип, бир топ кыйынчылыктарга туш болуп жатат. Башкы кыйынчылыктардын бири бул окуу китептердин, кошумча окуу куралдардын (өзгөчө программалык адабий китептер, тарыхый булактар ж.б. маалыматтар) электрондук варианты жетишээрлик эместиги, же болбосо таптакыр жок экендиги белгилүү болду.

Андыктан КРнын маданиятына, билим жана илим министрликтерине жана башка ведомстволорго тиешелүү китепканаларды санариптештирүү процессин координациялап, Кыргызстандын бирдиктүү илим, билим санариптик контентин түзүүнү колго алуу керек. Китепканаларга компьютердик технология жабдыктарын (компьютер, сканер, принтер, ксерокс ж.б.) жана китепкана ишин автоматташтырууүчүн типтүү программалар мененкамсыз кылуу зарыл. Китепканаларга компьютердик технология жабдыктарын (компьютер, сканер, принтер, ксерокс ж.б.) жана китепкана ишин автоматташтыруу үчүн типтүү программалар менен камсыз кылуу зарыл.

Албетте буларды өз деңгээлинде ишке ашырууда алгач китепканаларды компьютердик технологиялар (компьютер, ксерокс, сканер, интернет ж.б.) жана атайын программа менен камсыздап, анын негизинде электрондук каталогдор түзүлүп, келечекте окурмандарга бирдиктүү интерфейсменен  электрондук контентке кирүүгө мүмкүндүк түзүүгө шарт түзүлүшү керек.

Санариптик чөйрөдө китепкана ишин уюштуруунун дагы бир башка багыттардан кем эмес багыт – бул калкты мобилдүү китепканалык тейлөө болуп саналат. Мобилдүү китепканалык тейлөө– бул окурмандарды мобилдик каражаттын негизинде каалаган убагында, каалаган жеринде басмадан чыккан маалыматтар менен катар санариптелген китепканалык фонд менен колдонууга, дүйнөлүк уникалдуу коллекцияларды кеңири колдонууга мүмкүнчүлүк түзөт.

«Санариптик Кыргызстан» программасынын алкагында китепканачылардын кесиптик аброюн түп-тамырынан өзгөртүү мүмкүнчүлүгүн пайда кылып олтурат. Китепканачы кызматкерлер санариптик чөйрөнүн талабына жараша өзгөрүлүшү керек, эң негизгиси китепканадан тейленүүчүлөрдүн кызыкчылыгын коргоп, таламын талашканга даяр болушубуз керек.

Н.ДАВЛЕТЯРОВА, И.Арабаев атындагы КМУнун илимий китепканасынын мүдүрү, КРнын китепканаларынын коомдук бирикмесинин президенти  

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *