Өпкөсү сезгенген бейтаптарга кошумча орундар даярдалды

Саламаттык сактоо министрлиги 28-июнга карата өпкөсү сезгенген бей- дарт аныкталды таптар үчүн кошумча орундарды даярдады. Улуттук госпиталдын урология бөлүмүнө кошумча 150, «Манас» аэропортунун аймагындагы обсерва циялык жайга дагы 200 керебет жайгаштырылды.

Булар өпкө оорусу менен ооругандарды кабыл ала баштады. Бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүү үчүн медициналык бригадалар түзүлдү. Бөлүмдөр зарыл болгон медициналык жабдуулар менен жабдылды. 28-июнга карата 57 кычкылтек концентраторлору сатып алынып, дарылоо мекемелерине бөлүштүрүлүп берилди. №1 шаардык ооруканага дагы кошумча 120 керебет өпкөсү сезгенгендер үчүн иштетиле баштайт. Буга чейин Улуттук фтизиатрия борборунун базасында, Темир жол ооруканасында, Улуттук хирургия борборунда, Улуттук госпиталда, Курортология институтунда, №1 шаардык клиникалык ооруканада 400дөн ашык орун камдалган.

Ал эми COVID-19 инфекциясы бар экени аныкталган бейтаптарды өзүнчө дарылоо үчүн башка медициналык мекемелер даярдалды. Бейтаптар үчүн орундар жетиштүү. Дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *