Эмгек мигранттарыбыз эртеңки жакшылыктан үмүт үзбөсө

Коронавирус тумоосу кайсы мамлекет болбосун кыйсыпыр түшүрдү. Мындан өзгөчө сыртта иштеп жүргөн мигранттарыбыз жапа чегип, массалык түрдө мекенине кайтууга аргасыз болду. Алардын көпчүлүгүн Россияда иштеп жаткан мекендештерибиз төзөт. Аларды алып келүүгө Кыргызстан болгон мүмкүнчүлүгүн жумшоодо. Айрыкча Москвадагы кыргыз элчилиги, Мамлекеттик миграция кызматы күнү-түнү иш алып барып жатканын жакшы билебиз. Ошондой болсо да алардын ишине ичи чыкпаган мигранттарыбыз да болуп жатат. Не дейбиз, иш болгон жерде сын болот. Төмөндө кесиби журналист, учурда Россияда иштеп жүргөн, бирок мекенине кайта албай бир топ кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жаткан Уулкан ТОКТОРАЛИЕВАнын “Кыргыз Туусуна” жиберген макаласын жарыяладык.

…Мигранттар ортодо кыйналып бүттүк

Бир кезде мен да ачуу чындыкты көздөгөн журналист элем. Турмуш шартыма байланыштуу Москвага келгениме үч жарым жыл, карантинге байланыштуу ишсиз отурганыма үч ай болду. Учурда батир акысына 6 миң рубль, кайра каттоого туруш үчүн 6 миң жана медициналык кароодон өтүүгө 3 миң рубль төлөшүм керек. Жарнама боюнча иш чыккан жерге барып келүү үчүн метрого 80 рубль кетет.  чай бою тапкан ташыганыбызды коротуп бүткөндүктөн уятты жыйыштырып коюп трамвайда “зайчик” боло баштадык. Кыргызстанга кетип калайын десем ал дагы азыр чоң көйгөй, чоң акча. Мекенге кетиш үчүн 5-6 миң рубль берип кетүүчүлөрдүн тизмесине кошулуп, билетти 13-15 миң рублге сатып алышың керек.

Чынын айтсам, азыр мигранттардын баарында эле мындай суммадагы акча жок. Москвадагы кыргыз элчилигинин алдында  ар күнү таңга маал кезекке турган жыкжыйма эл. Карысы, жашы, кош бойлуусу, балалуулары да бар. Эртең мененки саат 9.00дө иштейт деген элчилик саат 10дон өтүп араң ачылат. Көптөгөн элдин арасынан элчиликтегилер негедир адамдарды иргеп кабыл алып жатат. Сыртта жазылган ишеним телефондоруна чалсаң дайыма бош эмес. Ал эми казак, өзбек элчиликтеринин астында биздикиндей быкылдаган эл жок.

Негизи бизге Москвадагы КРнын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын Россиядагы өкүлчүлүгү жардам бериши керек эле. 18-апрелде Россия президенти Владимир Путиндин 15-марттан 15-июнга чейин каттоо мөөнөтү бүтүп калган мамлекттик каттоо мөөнөтүн автоматтык түрдө 93 күнгө узартуу боюнча №274-жарлыгы жана 15-июнда мигранттарга жардам кылуу боюнча №392-жарлыгы чыккан. Тилекке каршы, иш берүүчүлөр бул жарлыктарды тааныбай, каттоо мөөнөтүңөрдү узартып келгиле деп ишке албай жатышат.

Кыргыз элчилиги, Миграциялык кызмат ушул маселе боюнча Россиянын тиешелүү мекемелерине кайрылып, мигранттардын ишке орношуусуна шарт түзүп берсе жакшы болмок. Акчасы барлар эптеп каттоо документин ортомчулар аркылуу жасатып жатышат. Мага окшогон акчасыз мигранттар же иштей албай, же кете албай ортодо абдан кыйналып бүтүштү.

Негизи чет өлкөлүк мигрант россиялык жарандын үйүнө каттоого турса каттоо кагазын аз эле акчага алат жана ишке орношуу оңой болот. Тилекке каршы, ар кандай коммуналдык кызматтардын төлөмдөрүнөн улам россиялыктар бирөөлөрдү үйүнө каттаткылары келбейт. Аргасыз ортомчуларга каттоо документин 7 миң рублге чейин жасатабыз. Экинчи жылга узартууга да 5 миң рублден 7 миң рублга чейин берүүгө туура келет.

Карапайым мигранттар СНИИЛС, ОМС, ИНН кандай чечмеленип, аны кайсыл орган берерин билишпегендиктен сатып ала беришет. Ушундай кыйын кырдаалда мекендештерге жардам берүүнүн ордуна Россиядагы Кыргызстандын Миграция кызматы үстөлдөрдү босогого туурасынан коюп, документтериңерди ортомчуларга жасатып алгыла дегендей мамиле кылып жатат.

Россия карантин убагында 3 жаштан 16 жашка чейинки балдарга 10 миң рублден бир жолу берилүүчү компенсация берди. Бюджеттик мекемеде иштегендердин маянасы, пенсия, пособие өз убагында берилди. Муну көргөндө Кыргызстандагы жумушсуздукту, туруктуу жумуштун жоктугунан пенсия, пособиенин чегерилбей жатканын билип туруп Россиянын эле жарандыгын алып, бул жакта жашап калууну да ойлойт экенсиң. Бирок, Мекенде жашап, иштөөгө эмне жетсин.

Баса, мен май айында катуу сасык-  тумоолоп, жытты, даамды сезбей, тура албай жатып калдым. Анализ алышканда коронавирус илдети бар болуп чыкты. Мен катталган бейтапканадан орус дарыгерлери үзбөй кабар алышып, тиешелүү дарыларды берип турушту. Бул жактагы кыргыздардын 80 пайызы бул илдет менен ооруп, алардын сакайып кетишине орус дарыгерлери себепкер болду. Көзү өтүп кеткен кыргызстандыктар да болбой койгон жок. Бирок, Россиянын карантин убагындагы жардамына рахматыбызды гана айтышыбыз керек. Орусиялыктар ушундай кыйын кырдаалда дагы бийлигин биздегилердей болуп сындап, саясатташып кеткен жок. Бийлик дагы элин нааразы кылбай, дайыма бардык жактан колдоп турат экен.

Албетте, жеке менин сиздерге дооматым деле жок. Ооба, биз өз эркибиз менен, тиричиликтин айынан келгенбиз. Карантин башталганда миңдеген мигранттарыбыз мекенге кетишти. Алар да күзгө чейин чыдап, кайра Россияны көздөй агылышат. Анткени, бизде жумушсуздук күч. Жумуш болсо да маяна өтө аз.

P.S. Макаланы жарыялабай туруп интернет аркылуу Кыргызстандын Россиядагы элчиси А.Жекшенкуловго кайрылганыбызда “Менин фейсбук баракчамда 17-марттан бери эмне иш кылганыбыз толук жарыяланган. Кемчиликтер бар, бирок жасаган эмгекти дагы баалаганыбыз оң болор” деп кыскача жооп берди. Ошондой эле Россиядагы мекенге кайтууну көздөгөн жарандарыбыз “бул жакта жыргап жатпагандыгыбызды” жакшы түшүнүп, чыдамдуулуктарын көрсөтөт деген ишенимдебиз. Өлкөбүздө коронавирус күн сайын өсүүдө. Анын кесепетинен жакында арыла албайбыз. Ал эми Россияда коронавирус басаңдады. Экономикасы толук кандуу иштей баштады. Муну менен мигранттарыбыз ордун таап кетет деген үмүттү айтып жатабыз.

Мелис Совет Уулу «Кыргыз Туусу»

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *