Бишкекке Google, Facebook, Apple, LinkedIn адистери келишет

Google, Facebook, Apple, LinkedIn 15 адиси, ошондой эле өз IT-компанияларын түзүүчүлөр АКШнын Силикон
4 өрөөнүнөн Бишкекке келишет. Бул тууралуу  Google компаниясында иштеген Тилек Мамутов интернетте фейсбук баракчасына жазган.

Анын айтымында, адистер Кыргызстанда жаңы баштаган ишкерлер үчүн тренингдерди өтүшөт. “Менимче, бул мүмкүнчүлүктү натыйжалуу пайдаланып, IT тармагындагы ишкерлик боюнча билим алуу керек. Бул жагымдуу жаңылыкты досторуңар менен бөлүшүнүү кеңеш кылам”, — деп жазган Т.Мамутов.

Тренингдер 19-23-июнда өтөт.

Семинарларды өткөрүүнүн максаты жаңы баштаган ишкерлерге бизнес-план түзүүнү, ишкерлигин өнүктүрүп, инвесторлорду тартууну үйрөтүү болуп саналат.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *