Мүмкүн болгондун баары жасалып жатат

1-июлда Президент Сооронбай Жээнбеков Премьер-министр Кубатбек Боронов менен өлкөдөгү учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды талкуулады.

Анда Өкмөт башчысы Республикалык штаб, Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бишкек мэриясы, Өкмөттүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрү тарабынан коронавирус инфекциясы менен күрөшүүт боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берди. Анын маалыматы боюнча, бүгүн кечке чейин бир катар окуу жайлардын жатаканаларынын базасында 750 койка-орун жана «Манас» аэропортунан 400 кошумча койка орун даяр болот. Ыкчам медициналык жардам кызматтарынын ишмердигинин потенциалын жогорулатуу боюнча иштер жүрүп жатат. Медициналык кадрлардын жетишсиздиги маселеси медициналык окуу жайлардын жогорку курстарынын студенттерин жана ординатурада окугандарды мобилизациялоо аркылуу чечилип жатат. Ал калкка медициналык кеп-кеңеш берүү бөлүгүндө «118 түз байланыш» кызматынын ишмердиги күчөтүлгөндүгүн белгиледи. Ошону менен бирге Премьер-министр, пандемияга карабастан, мамлекеттин бардык социалдык милдеттемелери аткарылып, анын ичинде социалдык төлөмдөр жана айлык акылар өз маалында төлөнөөрүнө ишендирди. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө эң биринчи кезектеги милдет вирустун мындан ары жайылышына каршы күрөшүү жана бейтаптарды өз убагында кабыл алуу, аларды ооруканаларга жайгаштыруу, эпидемияга каршы иш-чараларды жалпы республика боюнча күчтөндүрүү экенин баса белгиледи. С.Жээнбеков ошондой эле күзгү-кышкы мезгилге жана мезгилдүү илдеттердин алдын алууга керектүү даярдыктарды тийиштүү деңгээлде көрүүгө да чакырды.

«Кыргыз Туусу»