Саясий саресеп

Кандай дейсиңер, болочок депутаттар!

 Учурда тышкы, ички мигранттар үчүн кырдаал өтө эле кыйын болуп калды. Экономика министрлигинин маалыматына таянсак, коронавирус пандемиясына байланыштуу жарыяланган өзгөчө кырдаал, өзгөчө абал Кыргызстандагы экономикалык активдүүлүктү 80 пайызга төмөндөткөн. Кичи жана орто бизнес, курулуш жана өнөр жай өндүрүшүнүн бир топ ишканалары токтогон. Бул пандемиядан айрыкча кызмат көрсөтүү тармагы катуу жабыркады. Себеби, калктын 2,5 миллиону экономикалык активдүү бөлүгүнө кирсе, анын 1,3 миллиону кызмат көрсөтүү тармагында эмгектенишкендер.

Карантин убагында республика боюнча 113,7 миң ишкерлик мекемелери жабылган. Натыйжада, Экономика министрлиги билдиргендей, 700 миңден ашуун адам ишсиз калган. Ишкерлердин 90 пайызы чакан бизнес тармагында иштешкендиктен депутаттар орто жана чакан бизнести колдобосок Кыргызстандагы жумушсуздук мындан ары да өсө берерин билдиришүүдө. Ошондой эле алар сырттан келген жана келип жаткан мигранттарды жумуш менен камсыз кылуу маселесин көтөрүшүүдө. Улуттук статистикалык комитет 2020-жылдын I кварталында республика боюнча жумушсуздардын саны 78 миңден ашык экенин билдирген. Андан бери чет өлкөлөрдөн агылып келген тышкы мигранттарыбызды кошсок мекенибизде жумушсуздардын калыс армиясы пайда болду.  Бул маселени кантип чечсек болот?

Албетте, жумушсуздук маселеси Кыргызстан эгемендүү өлкө болгондон тарта эле болуп келатат. Ар бир шайлоо өнөктүгүндө партиялар мынча жумуш ордун түзө салабыз деп олчойгон убадаларды беришип, бирок алар сөз жүзүндө калып келатканы баарыбызга эле белгилүү. Ушул жерден аргасыз маркум, “Замандаш” партиясынын лидери Мухтар Өмүракуновдун 2010-жылы айткан: “Биз партияларды мүчөлөрүнүн саны менен эмес, курган ишканаларынын саны, түзүп берген жумуш орундары менен баалап алдыга сүрөйлү. Кайсыл партия көп жумуш ордун түзсө, ал парламентке келсин, андай партияны эл өзү эле колдоп алат”,- деген сөзүн эстөөгө туура келет. Муну айтканым, алдыда парламенттик шайлоо өнөктүгү турат. Мигранттарыбыз, Кыргызстандагы ишке жарамдуу жарандарыбыздын көбү учурда ишсиз отурушат. Андыктан депутат болгусу келген ишкерлер, бизнесмендер, партия түзгүсү келип шымаланган жаштар учурдан пайдаланып чакан ишканаларды (тойкана, чайкана, мейманканалардын ордуна) ачып, иш орундарын түзүшсүн. Андай шартта иш менен камсыз болуп, үй-бүлөсүн багууга шарт түзүлгөн шайлоочу иш таап берген ишкерге же партияга үй-бүлө мүчөлөрү менен жапырт добуш берери турган иш. Мындайда добуш да сатылбай, элдин да, депутаттын да жүзү жарык болмок.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев экономика жанданса өкмөт тышкы мигранттарды, жумушсуздарды жумуш оруну менен камсыз кылат деп билдирди. Бирок, экономика качан жанданары али белгисиз да. Андыктан парламент депутаттары да өкмөттү сындап отура бербей ушундай кыйын кырдаалда чыныгы эл өкүлдөрү экендиктерин көргөзүшү керек.

Кайдыгерлик каякка алып барат?

Июнь айынын башында Жогоркуи Кеңеш “КРнын айрым мыйзам чыгаруу актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (Салык кодексине, “Жарнама жөнүндө” мыйзамы) мыйзам долбоорун биринчи окууда караган. Ошол отурумда депутат Кожобек Рыспаев Кыргызстандагы жарнамаларга көп учурда чет тилдер колдонулуп жатканын баса белгилеп, мыйзам боюнча жарнамалар официалдуу (орус, кыргыз) жана жергиликтүү (кыргыз) тилде болушу керектигин айтты. “Бирок өзүңүздөр көргөндөй жарнамаларга англис, кытай тилдери көп колдонулуп жатат. Эгер силер (өкмөт) муну жөнгө сала албасаңар анда төлөм киргизгиле. Эгер жарнама кытай тилинде болсо ай сайын аны илген ишкер төлөм төлөп турсун”,- деп агынан жарылган эле.

Чындап келгенде депутаттын бул сунушу абдан туура. Себеби, белгилүү ырчы Сагынбек Момбеков агабыз ырдагандай, азыр борбор калаа эле эмес Кыргызстан ичи ар кандай тилдердеги жарнамалардан “татуировкадай” болуп калды. өлкөнүн бардык булуң бурчунда англисче, кытайча жарнамалар жайнап кетти. Жарнамалар башка тилдерде туура жазылып, кыргыз тилинде ката жазылып жатканын “Кыргыз Туусу” гезити жыл башынан бери үч жолу жазды. Буга Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы гана реакция кылымыш болду. Тилекке каршы, тил, улут десе кашык канымды берүүгө даярмын деген аттуу-баштуу адамдарыбыз, акын- жазуучуларыбыз, “кыргыз каймактары” үн катышкан жок. Мунун өзү кыргызча орой айтканда “көзүм көрбөсө, аркамды бөрү жесин” деген эле кайдыгерлик. Эгер биз колубузда турган, кыргыз улутунун негизги өзөгү болгон эне тилибизди сактай албасак чек арабызды кантип сактап калабыз?!

Мелис СОВЕТ уулу, “Кыргыз Туусу”