Канчоро Талантбек уулу Азия чемпиондугунда күмүш медаль тагынды

Кыргызстандык спортчу Канчоро Талантбек уулу Кытайдын Тайчжунг шаарында өткөн Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды.

Спортчу 18-июнь күнү 96 килограмм салмакка чейинкилер арасында эркин күрөшкө чыккан.

Алгач Канчоро Талантбек уулу Кытай балбаны менен беттешип, чейрек финалда Моголиянын спортчусун женген.

Андан соң жарым финалда казакстандык спортчуну жеңип, финалга жолдомо алган. Анда алтын медалды ирандык балбанга тарттырып жиберди.

Андан сырткары, Анарбек Сыдыкбеков (55 кг. чейин), Мансур Сыргак уулу (66 кг. чейин) 3-орунду алышып, коло медаль тагынышты. Ал эми Эдил Кадырбек уулу (60 кг. чейин) 5-орунду алган.

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *