Медиктерди коргоо жана колдоо иши улантылат!

Өтө оор күндөрдө кесиптик майрамын белгилеген медицина кызматкерлерин Президент Сооронбай Жээнбеков дагы куттуктап, COVID-19 илдетине каршы күрөшүүгө, калктын саламаттыгын сактоого жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга салым кошкон бир катар медицина кызматкерлерин мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлады. Өлкө башчысы ак халатчандарга болгон куттуктоосунда:

– Өмүрүңөргө болгон коркунучка карабай, биздин амандыгыбыз үчүн күнү-түнү тыным көрбөй, күрөшүүдөсүңөр. Берген антыңарга бекем туруп, милдетиңерди бийик жоопкерчилик менен аткаруудасыңар. Сиздердин бул каармандыгыңарга таазим кылабыз! Таза ниет, ак эмгегиңер үчүн терең ыраазылык билдирем. Медиктердин статусун жогорулатууга, өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шартында иштегендерди материалдык колдоого багытталган мыйзамга өзгөртүүлөр кирди. Сиздерди колдоо жана коргоо ишин улантабыз. Пандемия – саламаттыкты сактоо тармагындагы тереңдеп кеткен көйгөйлөрдү ачыктады. Алардын баарын жоюп, тармакты башкарууну жолго коебуз. Илдет менен күрөшкө жардам берип, кол сунган мекендештериме ыраазылыгымды билдирем жана баарыңарды кайдыгер калбоого чакырам. Бүгүнкү күндөр журт биримдигин сынай турган мезгил экенин унутпайлы! Ушундай оор мезгилде да өз капчыгын толтургусу келгендерди „эл душманы“ деп ачык айтам. Дары-дармектердин, беткаптардын, өздүк коргонуу каражаттарынын баасын көтөргөндөр жазасыз калбайт – деди.

Тиленбек АЗЫК